Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Курсанттын өлүмүндө суроо көп


ИИМ академиясынын 3-кабаттан кулап мерт болду делген курсантынын өлүмүнүн жаңы жагдайлары белгилүү болууда.

22 жаштагы курсанттын ата-энеси уулунун өлүмүнө академия жетекчилигинин шалаакылыгы себеп болгонун айтып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылып жатышат. Академия жетекчилиги болсо курсант мас абалында имарат кулап, мерт болду деп ишендиришүүдө. ИИМдин академиясында мындай окуя биринчи жолу болуп жаткан жок.

Маркум Нурлан Ниязбеков Эргеш Алиев атындагы ИИМ академиясынын 5-курсунда окуп жаткан. Ал 7-октябрда практикага чыгаар алдында акыркы жолу нөөмөткө кеткен экен. Апасы Гүлжамал Сураналиеванын айтымында, 8-октябрда таң эртеден академиянын жетекчилигинен ага телефон чалып, уулунун 3-кабаттан кулап кеткенин айтып, окуу жайга келүүсүн өтүнөт:

- Мен шашып-бушуп эч кимге айтпай барсам, баламды дежурканын маңдайындагы комнатага жаткырып коюптур. Өздөрү болсо видеокамера карап отурушуптур, баламды көрсөткүлө десем киргизишти. Балам ал жерде онтоп жатыптыр. Үстүңкү кийимдеринин баарын чечип коюшуптур. Эмне болгонун сурасам, "балаңыз таңкы 6.30да кулап, жерде жаткан экен, 1-курстун балдары таап келишиптир, анан сизди чакырдык" дешти. Эмне үчүн Тез жардам чакырбаганын сурасам, "жарааты анча деле оор эмес экен, балдар мындай эле жаткырып коюшуптур" дешти.

Гүлжамал Сураналиеванын айтымында, академиянын жетекчилери Нурлан Ниязбеков мас абалында 3-этаждан кулап кеткенин айтышкан. Мындан улам бул тууралуу коомчулукка билине турган болсо, уулунун окуудан айдалып, узак мөөнөткө кесилерин билдирип, ооруканага “үйдөн кулап кетти” деп айт деп көндүрүүгө аракет кылышкан:

- Мен Тез жардам чакырайын десем, ага мүмкүнчүлүк бербей коюшту. Улам “тиги начальникке кир, буга кир” деп сүйрөп жүрүштү. Акырында саат 11де ошол жактагы курсанттардын машинесине салып, №4 ооруканага алып келишти. Алып келээрден мурун баламдын аскер формасын чечип, кадимки кийим кийгизип алышты. Ооруканага келсек, ал жакта да кезек толтура экен, кирип-көрүнгөнчө 1.30 болду. Рентгенге көрүнгөндө өпкөсү жарылып, ичине кан толуп кеткени белгилүү болду. Баламды доктурлар сактай албай калышты.

Ошентип дарыгерлер 22 жаштагы Нурлан Ниязбековдун өпкөсү жарылып, ичине кан толуп каза болгон деген жыйынтык чыгарган.

Мындан улам маркум курсанттын жакындары ИИМдин академиясынын жетекчилигинен өз күнөөсүн жаап-жашырууга аракет кылып, өз убагында жардам көрсөтпөгөн шалаакылыгынан улам чырактай уулунан ажыраганын айтышып, күнөөлүүлөрдү жазалоону суранып жатышат. Нурландын агасы Азим Ниязбеков:

- Биздин бир эле сурообуз бар: 3-кабаттан учуп кеткен күндө да, эмне үчүн Тез жардам чакырышкан жок? Эртең менен саат 6да табылган баланы 2ге чукул ооруканага алып барышты. Дарыгерлер эртерээк алып барса, сактап калуу мүмкүнчүлүк болгонун айтышты. Анын өлүмүнүн себептери табышмактуу болуп жатат. Бирөө "кусам деп жатып учуп кетти "десе, экинчиси "өзү эле секирди" деп жатат. Ушундай окуу жайда ичкилик ичсе, тартипти камсыз кыла албаган жетекчилик жооп бериши керек. Анын үстүнө 3-кабаттан кулаган кишинин колу-буту сынат эле да. Анын чачы бирөө жулуп алгандай түшүп калыптыр. Иши кылып, инибиздин өлүмү боюнча суроо көп. Иликтөө башталды дегени менен анын жыйынтыгы тууралуу маалыматтарды жашырып жатышат. Академия жетекчилиги өз күнөөсүн жашырабыз деп эле инимдин өлүмүнүн себебин иликтөөгө кызыкдар болбой жатышат.

Жооптууларды издешүүдө

Анткен менен ИИМдин академиясынын жетекчилиги Ниязбековдун туугандарынын дооматтарын четке кагууда. Академиянын жетекчиси Алмаз Базарбаевдин айтымында, курсант тартипсиздиктин айынан ажал тапкан:

- Бул жигит нөөмөттө туруптур. 5-курстун практикага кетээр алдында акыркы нөөмөтү болгондуктан, жоро-жолдоштору менен жолугуп, шоктонуп, ичкилик ичиптир. Ичкенден кийин таңга маал өзүнүн классына барып, эс алам деп жатыптыр. Ошол учурда көңүлү айланган окшойт, терезе барып кусайын деп учуп түшүптүр. Бирок учкандан кийин денесинде эч нерсе болбоптур. Жаракат алган, сынган эч жери жок, “эмне болдуң” десе, "жыгылдым, бирок эч нерсе болгон жок" деп айтпай коюптур. Анан саат 8де командирлер келип, анын жакындарын чакырыптыр.
Эмне үчүн Тез жардам чакырбаганын сурасам, "жарааты анча деле оор эмес экен, балдар мындай эле жаткырып коюшуптур" дешти.

Базарбаев курсанттын мас абалында имараттан 3-кабатынын кулаганын тастыктаганы менен, аны жаап-жашырууга аракет кылбагынан айтып, ооруканага кеч жеткирилгенине маркумдун жакындарын күнөөлөп жатат:

- Азыр апасымын деп жаткан тайэжеси экен. Ал окуу жайга келип, "бул ичип алыптыр, билинсе окуудан айдалат, өзүм алып кетем" деп чыгыптыр. Бирок биздин кызматкерлер болбой, наркологиялык текшерүүдөн өткөргөнү барышат. Ал жерден чын эле нөөмөттө турган дагы бир аскер экөө ичкени аныкталат. Ошол жерде доктур "баланын өңү жаман, ооруканага алып баргыла" дейт. Анда тайэжеси аскер форма менен барган туура эмес деп, кадимкидей эле форманы кийгизип, анан ооруканага алып барып жатпайбы.

Ошондой эле Базарбаев курсанттын өлүмү боюнча ички иликтөө уланып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, жоокерлердин нөөмөттө туруп ичкилик ичишине байланыштуу тиешелүү чаралар көрүлүп, ошол күнкү нөөмөткө жооптуу эки офицер жумуштан бошотулду. Учурда окуя боюнча, кылмыш ишин ачып Бишкектин Свердлов райондук прокуратурасы иликтеп жатат.

Чырдан арылбаган академия

Негизи эле бул ИИМдин академиясынын курсанттарына байланыштуу биринчи эле окуя эмес. Буга чейин ушул жылдын июнда мас абалындагы курсанттардын офицерлер менен мушташы коомчулукта талкууларга жол ачкан. Бул боюнча ички иштер министри Зарылбек Рысалиев парламент трибунасынан окуянын күнөөлүүлөрү катуу жазаланарын билдирген эле.

Курсанттардын мушташынан кийин "Монте-Карло" эс алуу жайындагы эмеректер жараксыз болуп калган
Курсанттардын мушташынан кийин "Монте-Карло" эс алуу жайындагы эмеректер жараксыз болуп калган
ИИМдин маалымат кызматы кабарлагандай, окуяны жаап-жашырууга аракет кылган академиянын үч окутуучусу кызматтан айдалып, окуяга катышкан курсанттарына берилген ага лейтенант деген наамы алынып салынган. Ал эми академиянын жетекчилигине сөгүш берүү менен гана чектелген.

Бирок ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун айтымында, ушул окуялардан соң ИИМдин академиясы текшерилип, анда бир нече мыйзам бузуу аныкталган. Бакыт Сеитов:

- Атайын жүргүзүлгөн аттестациянын негизинде окуу жайда абал жакшы эмес деп бааланды. Көпчүлүк мугалимдердин берип жаткан тарбиясы талапка жооп бербейт деген жыйынтык чыкты. Мунун негизинде жакын арада министрлик тарабынан тиешелүү чара көрүлөт.

ИИМдин Эргеш Алиев атындагы академиясы - Кыргызстанда жогорку билимдүү милиция кызматкерлерин даярдаган бирден бир окуу жай. Көптөгөн адистер Ички иштер министрлиги эле эмес, анын академиясы да реформага муктаж экенин айып келе жатышат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG