Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Курсанттардын "майрамы" калктын эсинде калды


Бүтүрүүчүлөрдүн айынан шаарда бир нече ирет авариялык абал түзүлгөн.
Бүтүрүүчүлөрдүн айынан шаарда бир нече ирет авариялык абал түзүлгөн.

ИИМ академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн Бишкектин көчөлөрүндө бейбаштык кылып, коомдук тартипти бузганы сынга алынууда.

Кыргызстанда укук коргоочулар кеңеши Ички иштер министрлигинин академиясында тезинен реформа жасоо зарылдыгын айтып чыгышты. Буга академиянын бүтүрүүчүлөрүнүн Бишкектин көчөлөрүндө бейбаштык кылып, коомдук тартипти бузганы себеп болууда.

"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова кыргыз милициясынын аброюн көтөрүү ишин билим берүүдөн баштоо керектигин айтууда.

Динара Ошурахунова
- Биз милициянын жүрүм-турумун оңдоп, кадырын көтөрөбүз десек, анын баарын билим берүүдөн башташыбыз керек. Ошол жерден этикага, маданияттуулукка үйрөтүшүбүз кажет.

Ошурахунова коомчулукта милиция реформасы жөнүндө сөз болгону менен ИИМдин академиясы такыр эле унутта калып жаткандыгына тынчсызданууда. Ошондой эле ал тартип бузган курсанттарды окуу жайдын жетекчилиги коргоп жатканына да нааразы.

- Булар бүтүрүү кечесинде чыгып алышып, эмнелерди гана жасаган эмес. Мугалимин да сабашкандыгын айтып жатышат. Бирок академиянын ректору ошолорго көзүн жумуп жатат. “Эми булар деген жаштар да. Бүтүрүү кечесинде ушундайлар боло берет да” деп айтып жатат. Кечиресиз, байкеси, сиз деген эң биринчи түшүнүшүңүз керек, милицияга болгон ишеним ошол жерден башталат.

Эстен кеткис күн

ИИМдин Эргеш Алиев атындагы академиясы Кыргызстандагы жогорку билимдүү милиция кызматкерлерин даярдаган бирден-бир окуу жай. Быйыл академияны аяктаган 283 курсант милициянын лейтенанты наамын алып, кыргыз милициясынын катарын толуктады.

Бирок бүтүрүүчүлөрдүн 21-июнда окууну аяктап жатып, борбор шаарда жасаган кылык-жоруктары бүгүн коомчулукта кызуу талкууга алынууда.

21-июнда бүтүрүүчүлөр жалпысынан 17 унаа менен Бишкектин көчөлөрүндө ары бери чапкылап, жол эрежесин одоно бузушкандыгын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышкан. Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол агымын бууп коюшуп, көчө ортосунда туруп алып бийлешкендиги, анын айынан шаарда бир нече ирет авариялык абал түзүлгөндүгү кабарланган.

Кыргызстандагы укук коргоочулары кеңеши тараткан билдирүүдө да ал курсанттардын милиция кызматкерлери менен урушкандыгы, эл көзүнчө сөгүнүп, адепсиз иштерди жасашкандыгы тууралуу сөз болот.

Тартип бузгандарга чаралар көрүлөт

Милиция академиясынын өздүк коопсуздугунун кызматкери Байыш Ибраев жол эрежесин бузган унаалардын ичинен бешөө курсанттарга таандык экендиги аныкталгандыгын билдирди. Ибраев бүтүрүүчүлөргө тиешелүү чаралар көрүлөрүн, бирок алар окуу жайды бүтүрүп кетишкендиктен, бул маселе иштеген жерлеринде караларын айтты.

- Кызматтык текшерүү азыр аягына чыгып отурат. Бирок ал курсанттар бүгүнкү күндө Академияга тиешеси жок болуп турат. Алар Ош, Жалал-Абад облустарына, аймактарга жумуштарга тарап кетишкен. Аларга тийиштүү чаралар эми иштеген жерлеринде колдонулушу керек. "Чара колдонуп бергиле" деп ошол жактарга жөнөтөбүз.

"Ишенген кожом сен болсоң..."

Ал эми Ички иштер министрлигинин алдындагы Байкоочу кеңештин төрагасы Алмаз Курманкулов милиция кызматкерлери кызматына кыянат мамиле жасап жатат деген ойдо.

- Жолду тороп, чардап-ойногонуна караганда, милицияга келгендер өздөрүн элден өйдө сезет. Анткени алардын колуна курал берилет. Ошондой эле эл жана өкмөт аларга жарандарга күч колдонуп, кыстаганга укук да берген. Ошон үчүн милиция өзүн илгерки чоролордой сезип калышкан, “биз чоробуз, биз укмушпуз” дешет.

Курманкулов да милициянын академиясы өзгөрүүлөргө муктаж деп эсептейт. Ал академиядагы келишим түрүндө билим берүүнү жоюу керектин айтууда.

- Окуу жай негизи жакшы эле. Кесипкөйлөр, адистер бар.

Бирок бул жерге келишим жана бюджеттик негизде кабыл алышат. Келишим түрдө болгондо байдын баласы акчасын төлөп коюп эле окуй берет экен. Акчасы жок кедейдин баласы бюджете кирем деп сынакка катышып, аракет кылат экен. Негизи мындай болбош керек.


Коомчулукта кыргыз милициясына дооматтар арбын айтылып келет. Буга чейин жалпы Ички иштер министрлигинде реформа жасоо зарылдыгы белгиленип келсе, эми анын окуу жайына көнүл бурула баштады.

XS
SM
MD
LG