Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Абактан узанган арам тузак


Кыргызстандагы түрмолөрдүн бири
Кыргызстандагы түрмолөрдүн бири

Абакта жатып алып абадан акча жасаган шылуундар жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Алдамчыларга жем болгондордун арасында катардагы жарандан баштап министрлерге чейин бар.

ИИМдин маалыматы боюнча жабык жайларда Президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин атын сатып, аткаминерлерден акча тоногон шылуундар кармалган. Эркинен ажыратылгандар былтыркы жылы телефондун жардамы менен 12 миллион сомдой акча чогултушкан. Аларга абак кызматкерлери да көмөктөшкөн.

Жаза аткаруу мекемелериндеги шылуундар 2014-жылы телефондон элди алдоо жолу менен 12 миллион сомго жакын акча чогултушкан. Бул деген сөз 12 миң адам орточо миң сомдон алданды дегенди туюнтат.

Жабык жайларда мыйзамсыз маңзат сатуудан уюшма кылмыштуу топтор жылына 370 миллион сомго жакын киреше табышат. Аталган каражаттар уюшма кылмыштуу топтун ишмердигин жүргүзүүгө, тартип коргоо, көзөмөл кызматкерлерин сатып алууга жана башка керектөөлөр үчүн жумшалат. Мындай каражат өлкөдөгү врачтардын жарымынан көбүн жыл бою айлык менен камсыз кылууга жетмек.

Абактан узанган арам тузак (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:08 0:00

Шылуундар акимдерди, калаа башчыларын алдап, телефондоруна 10 миң сомдон 30 миң сомго чейин бирдик жүктөтүп алышкан.

Алдангандардын арасында Чолпон-Ата шаарынын мэри Болот Бакиров да бар. Ага өзүн Атамбаевдин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевмин деп тааныштырган адам чалып, кырсыкка кабылган туугандарына акчалай жардам берүүсүн өтүнөт. Калаа башчысы Нарымбаев өзү суранып жатса, сөзүн эки кылбайын деп жардам бергенче шашат. Телефон чалган адам беш-алты номурга 10 миң сомдой бирдик жүктөөнү жана дүкөндөн алынган буюмдарды капчыгайга алып келүүсүн суранат. Бул иштин баарын Бакировдун айдоочусу аткарат.

Бакиров мындай окуя биринчи жолу болду дегени менен, буга чейин депутаттардын телефондук чалуулары боюнча керектүү кишилерге жардам берип келгенин жашырган жок. Шылуундарга ушундай эле жол менен алданганын айтып "Дордой", "Аламүдүн" базарларынын жетекчилери, Ысык-Көл облусунун бир акими, Октябрь райондук салык инспекциясынын башчысы милицияга кайрылган. Алар тырмакчанын ичиндеги Нарымбаевдин телефонуна 10 миң сомдон 30 миң сомго чейин бирдик жүктөшкөн.

Абактан узанган арам тузак (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:31 0:00

Шылуундар чалган кызмат адамдарынын арасында Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы жана 5-6 министр да бар. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев кызматка келери менен аппарат башчынын атын жамынган шылуундарга кабылат. Мамлекеттик кызматта мурда кийин иштебеген Батыралиев Нарымбаев өзү өтүнүп жатса деп аз жерден шылуундардын колуна сыйлуу конокторду тосчу унаасын берип жибере жаздаган.

Абактарда жатып алып Нарымбаевдин аты менен ишкерлерди, аткаминерлерди тоногон жарандарга Жаза аткаруу мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери да кол кабыш кылганы тергөөнүн жүрүшүндө аныкталган. Тергөөнүн маалыматы боюнча телефондук шылуундукка түрмөдө иштеген онго жакын кызматкер аралашкан. Учурда алардын экөөнө кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Абактан узанган арам тузак (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:22 0:00

Айтмакчы, жабык жайлардагы “общактын” мамлекеттикиндей эле бюджети бар. Маңзат соодасынан, шылуундуктан жана талап-тоноодон топтолгон акчалар “общактын” казынасын толтурат. Каражаттар мыйзамдагы ууру, кримтөбөл, смотрящий, положенецтер тарабынан ар кандай керектөөлөргө бөлүштүрүлөт. “Общактын” ай сайын төлөнчү мүчөлүк акысы да бар. Жабык жайларда отурган ар бир киши жумасына 100 сомдон, айына 400 сом мүчөлүк акы төлөйт. Жабык жайларда отурган 15 миңден ашык жарандын мындай взносу бир жылда – 30 миллион сомдон ашат. Ушул жерден кыстара кетели, общакка салым кошкон эркиндиктеги адамдар да аз эмес.

XS
SM
MD
LG