Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Газпром-аке, май берчи?..


Бишкекте май бекеттеринде узун кезек күткөн унаалар саны азайган жок. Айрыкча эс алуу үчүн же чукул иштери менен алыска барууга мажбур болгон жарандарга кыйынчылыктар туулуп жатат.

Бишкек шаарындагы Киев жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Газпром Нефть Азия” ишканасынын май куюучу жайында кезек күткөн унаалар арбын. Айдоочулар кара май тартыштыгы күч алганын айтышууда.

Салават: "Акыркы жолу бензинди кечээ “Аурдин” май бекетинен 37 сом 90 тыйындан куйгам. Кээ бир май бекеттеринде АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди талон менен гана сатабыз деп, куйбай жатышат. Айла жок башкаларга барууга туура келет".

Кенже: "Абдан чоң кыйынчылыктар жаралууда. Мисалы, 10 литрден ашык күйүүчү май куйбай жатышат. Мен Нарынга кетишим керек болчу. Нарынга баруу үчүн 40 литр бензин керек. Эми эмне кыларымды билбейм. Бензин болгончо Нарынга барбайм го".

Кыргызстандын көп аймагын күйүүчү жана майлоочу майлар менен камсыздаган “Газпром Нефть Азия” ишканасынын Бишкектеги башка май бекеттеринде да абал ошондой.

Андан сырткары, бул ишкананын көпчүлүк түйүндөрүндө АИ-92 жана АИ-95 үлгүсүндөгү майлар жок экени байкалат.

Жогорудагы үлгүдөгү бензиндер сатылып жаткан түйүндөрүндө 30-40тан кезек күткөн айдоочуларды көрүүгө болот. Ал эми өтө тартыш болуп жаткан АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы “Газпромдун” түйүндөрүндө 34 сом 38 тыйын болсо, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 36 сомдон сатылууда. Ошондой эле “Газпром Нефть Азия” ишканасы бензиндин тартыштыгынан улам кардарларга 10 литрден ашык куйбай жатышат.

Максат: "Бензинди аздан куюп жатканы албетте кыйынчылык жаратууда. Алыс жакка жөнөп жаткандар бар. Азыр Ысык-Көлгө бараткандар эмне кылып жатканын билбейм. Шаардагылар го бир жолу куюп алса, эптеп жеткирсе болот".

Абалдан пайдалангысы келгендер

Учурда Кыргызстанда туристтик мезгилдин күчөгөн маалы. Ошондой эле оруп-жыюу иштери да башталган кез. Мындай шартта күйүүчү майдын тартыштыгы кыргызстандыктарга терс таасирин тийгизип жатканы айкын. Айрым айдоочулар бул маселе тез арада чечилбесе, коомчулукта нааразычылыктар жараларын белгилешти.

Фатима: "Бул эмне деген азап?! Жарым саат мурда 10 литр куюп кеткем. Тегеренип кайра дагы келдим. Ушуну менен үчүнчү жолу келип отурам. Көлгө балдарыма жолдомо алып койдум эле, азыр ошол жакка жөнөйм. Ысык-Көлдө бензин жок болуп калбасын деп чочулап жатам. Шайлоонун алдында мындай ызы-чуу болгону эмнеси? Атайын кылып жатабы, же бензин жок болуп жатабы? Азыр түшүм жыйнай турган мезгил. Чөп, буудай чаап жатышат. Өкмөт эмнени ойлоп жатат? Баары шайлоого даярданып, элди унутуп койду".

Кыргызстанда көпчүлүк күйүүчү жана майлоочу майларды алып келген “Газпром Нефть Азия” ишканасындагы бул кырдаалды күйүүчү май ташыган чакан компаниялар пайдаланып калууга аракеттенип жаткандыгы белгиленүүдө. Алар бензиндин баасын көтөрүп жибергенин айдоочулар да айтып беришти.

Бишкектин чыгыш жагындагы Чүй проспектисинде жайгашкан “БНК” компаниясынын май куйуучу түйүнүндө АИ-93 үлгүсүндөгү бензин 41 сомдон, ал эми АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 43 сомдон сатылып жатат. Бирок бул жерде “Газпромдон” айырмаланып эч кандай чектөө жок. Ошондон уламбы, айдоочулар кымбаттыгына карабай 30-40 литрден куюп жатышат.

Бааны жөнсүз көтөргөн компанияларга чаралар көрүлөрүн Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев “Азаттыкка” билдирди. 19-июнь күнү өкмөттө да күйүүчү май базарын тескөө боюнча жыйын өтүп, мунай компанияларына бааны көтөрбөө тууралуу эскертилди.

Кырдаал жөнгө салынат

Адистер күйүүчү май тартыштыгын Омск мунай иштетүүчү заводу Казакстандын өтүнүчүнөн улам Кыргызстанга күйүүчү майларды сатууну токтоткондугу менен түшүндүрүшүүдө.

Анткен менен Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев кырдаал ушул аптада жөнгө салынат деп ишендирип жатат.

- Биз июлдун башында эле барып, Омск мунай иштетүүчү заводунан сырткары Салават шаарындагы башка менчик ишкана менен келишим түзүп келгенбиз. Буйруса, ошол жактан АИ-92 жана АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү майлар бейшемби күнү түшкө жакын келет.

Жалпысынан 6,5 миң тонна келатат. Анын келиши менен бүгүнкү кырдаал түп-тамырынан жолго салынат. 6,5 миң тонна бизге сентябрга чейин жетет. Бирок биз ал ортодо улам алып келип турабыз.


Казакстан, Орусия жана Беларус өлкөлөрү кирген Бажы биримдиги июль айынан тарта толук кандуу иштей баштаган. Казакстан Бажы биримдигинин негизинде орусиялык “Газпром” ишканасынан оболу ички талапты канааттандыруу өтүнүчүн келтирип, Кыргызстанга карамай сатууну токтото турууну өтүнгөн. Ага ылайык, 1-июлдан тарта Омск мунай иштетүүчү заводу Кыргызстанга күйүүчү май берүүнү токтоткон эле. Бул маселеден саясий өңүттү көрүп жаткандар да жок эмес.

XS
SM
MD
LG