Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Рыспаев: Ооганчылар катары суюлуп баратат


Кожобек Рыспаев
Кожобек Рыспаев

Ооганстандагы калабадан аман кайткан кыргызстандык 6892 жоокердин арасында согушта алган жараатынан улам миңге жакыны 50 жашка жетпей каза болду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкек шаарындагы Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Кожобек Рыспаев “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Азаттык”: Ооганстандагы согушка Кыргызстандан 7 миңден ашуун жоокер катышып, анын 200дөн көбү каза болгону тууралуу маалымат бар. Мекенге кайткан 6 миңден ашуун мырзалардын да катары соңку кездери суюлуп баратканы айтылып жатат?

Рыспаев: Тилекке каршы ушундай. Калаба учурунда "интернационалдык кызмат өтөөгө" 7 141 кыргызстандык жоокер чакырылган. Анын 249у ооган жергесинде курман болуп, 504ү жараат алган. Төртөөнүн али күнчө дайыны жок. Согуштун кесепетинен нерв жана жүрөк ооруларына чалдыккан катарлаштарыбыздын миң чамалуусу кайтыш болуп кетти. Азыр алты миңге жетпеген ардагер бар.

“Азаттык”: Ооганчыларга мамлекет тараптан көрсөтүлүп жаткан камкордук, медициналык тейлөө жетиштүүбү? Мисалы, бүгүнкү күндө сиздерге кандай жеңилдиктер каралган?

Рыспаев: Мамлекет калабага катышып келгендерге айына 6000 сомдон жөлөк пул берет. Майып болуп калгандарга 7000 сомдон акча чегерилген. Ооганстанда кан кечип согушуп келгендердин ал кездеги баштан өткөргөн азаптарын эске алганда бул акча, албетте жетишсиз. Жоготулган ден соолук, корогон нервдин ордун эч кандай акча толтуруп да бербейт. Бирок өкмөткө эч кандай нааразычылык айтпайм. Четте калтырбай, даталуу күндөрдө кабар алып турушат, аскерлердин эрдиги дайыма эскерилет. Медициналык жеңилдиктер бар. Андан сырткары, өзүбүздүн бирикме дагы карап турбай, колдон келишинче маселелерди чечкенге аракет кылып келебиз.

“Азаттык”: Ооганстанда мерт кеткен кыргызстандыктардын саны эки түрдүү айтылат. Айрым булактарда 252, башкаларында 249. Кайсы бири туура?

Рыспаев: Бизде так маалымат бар. 249 жоокер каза болгон. Ооганстандагы согуш ардагерлеринин уюмунун жетекчиси катары, мен документтердин негизинде, такталган маалыматты айтып жатам.

“Азаттык”: Ооганстандагы согушта дайынсыз жоголгон төрт киши дагы эле изделип жатабы?

Рыспаев: Эч качан үмүт өчпөйт. Алардын туугандары гана эмес, согушта бирге жүргөн катарлашы катары биз дагы дайыма издөө аракеттерин улантып келебиз. Кыргыздар адамдын сөөгү жерге берилмейинче өлгөнүнө ишенбейт эмеспи. Издөө иштерин Орусия Федерациясы менен Кыргызстан бийлиги чогуу жүргүзүп келет. Тилекке каршы, азырынча натыйжа жок.

P.S.: 2015-жылдын 15-февралында Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылганына 26 жыл толду. Бул датага байланыштуу Кыргызстандын дээрлик бүт аймактарында аскерлердин эрдиги эскерилди.

XS
SM
MD
LG