Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Түркияда паспорт жаңжалы иликтенүүдө


Кыргыз паспорту сатылган учурлар көп кездешүүдө.
Кыргыз паспорту сатылган учурлар көп кездешүүдө.

Стамбулдагы аэропортто кытайлык 98 уйгурдан кыргыз паспортунун табылышы боюнча фактыны Мамлекеттик каттоо кызматы, УКМК иликтей баштады. Айрым пикирлер боюнча бул окуядан соң, кыргызстандыктарга кээ бир өлкөлөргө кирүү татаалдашы ыктымал.

Кыргыз паспорту менен 98 уйгур улутундагы кытай жаранынын кармалышы боюнча окуяны түрк полициясы да иликтей баштады. Ал иликтөө Стамбулдагы кыргыз консулунун катышуусунда жүрүп жатат. Бул тууралуу консулдуктун катчылыгынан “Азаттыкка” кабарлашты.

Бишкекти дүрбөткөн паспорт чуусу

Бул маселе боюнча 18-майда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев чукул жыйын өткөрүп, аны ар тараптуу иликтөө боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди. Анын айтуусунда, Мамлекеттик каттоо кызматы дипломатиялык жолдор аркылуу Түркия тарапка кайрылып, кармалган паспорттордун серия, номурларын тез арада берүүсүн суранды:

- Эгер маалыматтар келсе, алар боюнча биздин база аркылуу текшерүү жүргүзүлөт. Алдын ала маалыматтар боюнча, паспорттор жасалма болуп чыгып жатат.

Кыргызстанда жарандарга паспорттор 2012-жылдан бери “Инфоком” мамлекеттик жекелештирүү борбору тарабынан берилип келе жатат. Аталган борбор башында ички паспортторду гана чыгарса, 2013-жылдын сентябрынан тартып жалпы жарандык паспортторду да чыгара баштаган. Буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев “Инфоком” ишканасына жана калкты каттоо департаментине акыркы жарым-бир жылда кытайлык уйгур жарандарына паспорт берилгени тууралуу маалыматтарды тактоого тапшырма берди.

Ататүрк аба майданы
Ататүрк аба майданы

17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кыргызстандык паспорт менен 98 кытайлык уйгурдун кармалышы боюнча маселе бүгүн Жогорку Кеңеште да козголуп, парламент бул маселени кийинки аптада карамай болду.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” айткан сөзүндө бул ишти УКМК да иликтеп, “Инфоком” тарабынан чыгарылып жаткан паспорттор көп өлчөмдө чет элдик жарандарга кандай жол менен берилгенин аныктоого тийиштигин белгиледи. Анын айтуусунда, кыргыз паспортунун көрүнгөндүн колунда жүрүшү улуттук коопсуздукка да зыянын тийгизет:

- Эртең "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлери Кыргызстандын паспортун алып, бизге келсе эмне болот? Ошондуктан, буга Улуттук коопсуздук кызматы да көңүл буруп, иликтөөгө тийиш. Биз ошол үчүн парламентке Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев менен УКМК жетекчилиги келип маалымат берсин деп талап кылып жатабыз.

УКМК бул ишти иликтөөнү өз колуна алганын коопсуздук кызматынын маалымат катчысы Рахат Сулайманов кабарлады.

Кыргыз паспорту кантип колго тиет?

Мамлекеттик каттоо кызматы Стамбулдагы аэропортто кармалган кыргыз паспорту жасалма болушу ыктымалдыгын бекемдөөдө. Алардын маалыматы боюнча өткөн жылы Кытайдан келген 16 жаранга гана кыргыз паспорту берилген. Ага ылайык, былтыр кыргыз паспортун алган жарандардын баарынын түпкү теги кыргыздар. Алар Кытай жарандыгынан баш тартып, Кыргызстандын жарандыгын алышканына байланыштуу паспорт берилген. Булардан башка кытайларга кыргыз жарандыгы берилген эмес.

Расмий маалыматтар боюнча 2015-жылы чет элдик 6 607 адамга кыргыз жарандыгы берилген, алардын көпчүлүгү Тажикстандан көчүп келген кыргыздар.

Башмыйзам боюнча кыргыз паспортун алуу үчүн чет элдик жаран алгач өз өлкөсүнүн жарандыгынан чыгып, Кыргызстан президентинин атына арыз менен кайрылат. Улуттук коопсуздук кызматынын иликтөөсүнөн кийин, ага жарандык берүүгө макулдук же каршылык берилет. Президенттин жарандыкка кабыл алуу тууралуу буйругунан кийин гана алар Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан кыргыз паспортун алуу укугуна ээ.

Ошентсе да, Кыргызстандын паспорту чет элдик жарандарга мыйзамсыз берилген учурлар мурда да катталган. Өзгөчө 1994-жылкы, көк түстүү паспорттор айрым кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө да берилгени учурунда коомчулуктун сын-пикирин жараткан.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов Стамбулдагы аэропортто болгон окуя кыргыз паспортунун жана Кыргызстандын эл аралык аброюн түшүрөт деп эсептейт:

- Стамбулдагы бул окуя чет жакта иштеп, окуп жүргөн мекендештерибизге, бул жактагы кыргызстандыктардын башка өлкөлөргө чыгуусуна да терс таасирин тийгизет. Күнөөсүз эле адамдар мунун айынан катуу текшерүүгө алынып, каалаган чет мамлекетке чыга албай калуусу да мүмкүн.

Эртең ИГИЛдин согушкерлери Кыргызстандын паспортун алып, бизге келсе эмне болот? Ошондуктан, буга Улуттук коопсуздук кызматы да көңүл буруп, иликтөөгө тийиш.

Кыргыз паспортуна байланыштуу Стамбулда болгон окуя айрым өлкөлөрдүн кыргызстандык жарандарга виза эрежесин киргизүүгө да алып келүүсү ыктымалдыгы айтылууда. Жарандык активист Эдил Байсалов кыргыз паспорту эми “дүңүнөн сатылып жатат” деген нааразычылыгын “Азаттыкка” билдирди:

- Мурда бирин-экиндеп мыйзамсыз берилип келген болсо, эми минтип 98 паспорттун мыйзамсыз берилгени кыргыз паспортунун дүңүнөн бериле баштаганынан кабар берет. Эгер кыска бир убакыттын ичинде катуу чара көрүлбөсө, ансыз да өнүккөн көп өлкөлөр Кыргызстанга эшигин жаап жаткан убакта, Кыргызстан Ооганстан, Нигерия, Сомали сыяктуу өлкөлөрдүн катарына кошулуп калуусу толук мүмкүн.

Бул аралыкта Ататүрк аэропортунда кыргыз консулунун катышуусу менен иликтөө жүрүп жатканын консулдуктун катчылыгынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ататүрк аэропортунан кыргыз паспорту менен 98 уйгурдун кармалышы боюнча окуя полиция менен чогуу иликтенет.

17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кыргыз паспорту менен 98 уйгур кармалган. Маалыматтарга ылайык, кыргыз паспортун уйгурлар аэропорттогу паспорттук текшерүүдөн өтүп, транзиттик зонада төрт кишиден алышкан. Уйгурлар ар бир жасалма паспорт үчүн 2 500 евродон төлөгөнү айтылат. Аларды коштоп жүргөн төрт киши да кармалганы кабарланууда.

“Инфоком” ишканасына чейин паспорт даярдаган “Интел линкс” ишканасы англиялык “Де ля ру” ишканасынан паспорт бланктарын алчу. Учурда “Инфоком” да паспорт үчүн бланктарды ушул компаниядан алат. Ушундан улам, алдын ала иликтөөлөрдө 98 уйгурга берилген кыргыз паспорттору Кыргызстандан сырткары жакта даярдалган болуусу ыктымал деген жоромолдор бар.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG