Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Текебаев: Парламентте системанын баркын кетирген топтор бар


Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" фракциясынын лидери
Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" фракциясынын лидери

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө парламенттик башкаруу системасын дискредитациялоо жүрүп жатат деген пикирин айтты. Өлкө башчысынын бул пикири канчалык жөндүү? Бул тууралуу 2010-жылдагы Констуциянын негизги авторлорунун бири, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев ой бөлүштү.

"Азаттык": Өмүрбек мырза, президент Алмазбек Атамбаев эгемендик салтанатындагы сөзүндө өлкөдө парламенттик башкаруу системасын толугу менен дискредитациялоо жүрүп жатканын, буга өкмөт менен парламент өз милдетин толук аткарбай жатканы себеп болгонун билдирди. Сиз азыркы башкаруу системасынын демилгечилеринин бири катары президенттин бул пикирин кандай кабыл алдыңыз?

Парламентте кылмыш дүйнөсүн, коррупционерлерди колдогон депутаттардын чоң тобу бар. Алар айрым учурда керектүү мыйзамдарды бут тосуп өткөрбөй, айрым учурда күнөөлүү адамдарды ачыктан-ачык колдоп жүрүшөт...

Текебаев: Бүгүн Кыргызстанда көз карандысыздык күнү, мамлекеттүүлүк күнү. Бизде мамлекеттүүлүктү бекемдөө, аны түшүнүүдө маселелер бар. Ошондуктан быйылкы жыл дагы бекеринен мамлекеттүүлүктү бекемдөө күнү деп жарыяланбаса керек. Ал эми президент Атамбаевдин бул боюнча айткандары менен макул болсо болот.

Парламентте кылмыш дүйнөсүн, коррупционерлерди колдогон депутаттардын чоң тобу бар. Алар айрым учурда керектүү мыйзамдарды бут тосуп өткөрбөй, айрым учурда күнөөлүү адамдарды ачыктан-ачык колдоп жүрүшөт. Бул жалгыз гана парламентке эмес, жалпы мамлекеттүүлүккө, демократия деген түшүнүккө ишенимдин төмөндөшүнө себеп болуп жатат. Биз мындай терс көрүнүштөрдү токтотушубуз керек.

Албетте өкмөттүн, сот бийлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын, ошол эле учурда президенттин ишине биздин жарандардын ичи чыкпай калган учурлар болуп келе жатат. Ошондуктан биз баарыбыз - мамлекет башчысынан айыл өкмөткө чейин алдыбызда турган ыйык милдеттерди билип, мамлекеттүүлүктү бекемдөө, элдин кызыкчылыгын коргоодо биргеликте аракет көрүшүбүз керек. Бүгүн мамлекет деген эмне, анын кызыкчылыгы кандай деген суроолорду ар ким өзү каалагандай түшүнүп, ырааттуулук жок болгон учурлар бар. Ошондуктан мамлекеттин кызыкчылыгын так аныктап, ал кызыкчылыкты коргоо үчүн мектептеги окуучудан баштап, президентке чейин ыйык санап, андан четке чыкпагандай болушу керек болуп турат.

"Азаттык": Ал эми парламенттин кемчиликтери өлкөдө 2010-жылкы ыңкылаптан соң багыт алган парламенттик системанын баркын кетирип жатат деп ойлойсузбу?​

Текебаев: Ал кемчилик парламентке эле эмес, башка бийлик бутактарына да тиешелүү. Бул нерсе парламенттик системаны эле эмес, мамлекеттүүлүктү жана демократиялык башкаруу формасын дискредитациялап жатат. Ошондуктан мамлекеттик бийликке эмес, криминалга ишенген адамдардын тобун пайда кылып жатат. Биз буга каршы чара көрүп, мамлекеттүүлүккө каршы кризиске жол бербешибиз керек.

"Азаттык": Ошол эле учурда президент парламенттик башкаруу системасында коллективдүү жоопкерсиздик өкүм сүрүүдө деп бул системадан көңүлү калгандай сүйлөдү. Сизге мындай таасир калтырган жокпу?

Президенттин бүгүнкү кайрылуусун системаны эмес, анын маңызын түшүнбөй жаткан лидерди сындаганы деп эсептейм. Ошондуктан биз жаңы саясий элитаны калыптандырышыбыз керек болуп турат.

Текебаев: Биринчиден, бүгүнкү башкаруу моделин ишке ашырууга баарыбыз аракет кылышыбыз керек. Башкаруу системасы бир эле парламенттен турбайт, президент баштаган мамлекеттик органдардан турат. Ал системанын иштешине баарыбыз бирдей милдеттүүбүз. Экинчиден, мен Алмабек Атамбаев менен жакында эле жолуккам. Ал киши бул системанын кемчиликтерин ар дайым ачык айтат. Ошондой эле системаны ишке ашыруудагы лидерлердин, саясатчылардын кемчиликтерин ачык айтып келет. Президенттин бүгүнкү кайрылуусун системаны эмес, анын маңызын түшүнбөй жаткан лидерди сындаганы деп эсептейм. Ошондуктан биз жаңы саясий элитаны калыптандырышыбыз керек болуп турат.

"Азаттык": Ошол эле учурда президент бүгүнкү кайрылуусунда айрым кошуна өлкөлөрдү сындады. Президенттин бул багыттагы ачуу сөздөрү мамлекет башчы катары дипломатиялык этикеттин чегинен чыгып кеткен жокпу деген талкуу болуп жатат. Сиздин бул боюнча пикириңиз кандай?

Текебаев: Эми мен дипломатиялык этикет жагынан баа бере албайм. Бирок президенттин коңшулар менен ынтыкмакта болуп, бири-бирибизге жардам берели дегенине кошулам. Ар дайым бири-бирибизге зыян келтирип, анын эсебинен пайда табуу деген саясаттан алыс болушубуз керек.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG