Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Турсунбеков: Жогорку Кеңеште "жөн эле" жүргөндөр көп


Жогорку Кеңештеги кыскартуулардын демилгечиси, Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков кыскартуулар тууралуу ой бөлүштү.

- Жогорку Кеңеште комитеттердин саны кыскарып, парламенттин иш башкармалыгы менен аппаратын да кыскартуу аракети жүрүүдө. Бул демилгелердин натыйжасында канча кызматкер кыскартылып, канча каражат үнөмдөлгөнү жатат?

- Бул маселеде көбүрөөк ыксыз чыгымдарды, сарптоолорду кыскартуу жөнүндө кеп болуп жатат. 200-300 миллион сомдун тегерегинде сөз болууда. Адам саны жөнүндө маселе жок. Анткен себеби, азыр көбүрөөк ыксыз чыгымдарды кыскартууну көздөп жатабыз.
Эртеден кечке кылган иши жок, жөн эле коридордо бутка чалынып жүргөн адамдар да көп. Биз анын баарын көрүп турабыз...

Бир эле мисалды айтып кетейин, мына айрым депутаттар бири-бирин көрүп жатып ушул деңгээлге чейин жетиптир. Бир депутат Ошко, Баткенге жумушчу сапары менен барса, өздөрү учакка барып келишине билет алып, машинасына болсо толтура бензин куюп, айдоочусун бир күн мурда бара турган жерине жөнөтүп, өзү учак менен учуп барып жатыптыр.

Ушунун өзү эле мамлекеттин акчасына болгон мамилени, ыксыз чыгымды көрсөтүп турат. Мына ушул сыяктуу чыгымдоолордун барын кыскартып, негизи 300 миллион сомдун тегерегинде үнөмдөө маселесин коюп жатабыз.

- Кыскартуулар боюнча сиздин фракция сунуштаган долбоорду “Ата-Журт” фракциясы кабыл алган жок. Кыскартууларды популизм дегендер да болуп жатат го?

- Биздин максат кыскартуу жөнүндө. Популизм кылып, кимдир бирөөгө же өзүбүздүн шайлоочуларга жагуу өңдүү нерселер деги эле оюбузда жок. Биз мамлекеттин ар бир тыйынына өзүбүздүн чөнтөгүбүздөн чыккан тыйындай мамиле кылуу маселесин коюп жатабыз.

Мамлекеттики деп эле баса калып, өзүбүз каалагандай ыңгайлуулук түзүү жөнүндө эмес, тескерисинче элди ойлоо, эртеңки күнүбүздү ойлоо жөнүндө маселе туруп жатат.

Канчалык чыгымды азайтсак, ошончолук ишибиздин алга жылышына мүмкүнчүлүк түзүлөт. Өзгөчө ишканаларды иштетип, бизнес жасагандар түшүнөт. Ар бир тыйынды сарамжалдуу колдонгон жерде гана иш жүрөт. Ал эми акчаны чачкан жерде иш жүрбөйт.

- Бирок чыгымдарды азайтуу демилгелери аркылуу Жогорку Кеңештин аппаратындагы бир катар кызматтар да жоюлуп кетсе, парламенттин иши үзгүлтүккө учурабайбы?

- Биз эми көрүп турабыз го, кайсы жерде иш үзгүлтүккө учурайт, кайсы жерде учурабайт деп. Көп жерлерде үзгүлтүккө учурабай эле, басып жүргөн адамдар көп. Эртеден кечке кылган иши жок, жөн эле коридордо бутка чалынып жүргөн адамдар да көп. Биз анын баарын көрүп турабыз.

Колдон келсе ар бир депутатка иштегенге шарт түзүп берүү маселесин ойлонуп жатабыз. Ошону үчүн депутаттардын иштеши, алардын ишинин үзгүлтүккө учурабашы биздин мойнубуздагы эң негизги милдет. Аны эске алып, анан иш жасап жатабыз да.

- Азыр парламенттеги кеминде эле үч фракция кыскартуулар боюнча өз долбоорун сунуштап жатат? Алардын ортосунда орток пикир, мунаса табууга мүмкүнбү?

- Негизи мүмкүн. Үч фракция деген Жогорку Кеңештеги көпчүлүк деген сөз. Эгерде үч фракциянын депутаттарынын жалпы баардыгы бир пикирге келе турган болсок, калгандардын баары эле буга кошулат. Кошулбаса, Жогорку Кеңештин отурумунда кол көтөрүү менен чечилет.

XS
SM
MD
LG