Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:30

Намазкана: талкуудан жаралган талаш


21-январда Мусулмандар союзу менен “ЭрК” партиясы Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциянын мүчөсү Турсунбай Бакир уулунун укугун коргоп билдирүү таратты.

Алар Т. Бакир уулу “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүнө чыккандан кийин укук коргоочулар ага көө жабуу аракетин көрүүдө деп нааразы болушууда. Укук коргоочулар болсо, тескерисинче, депутаттын эфирдеги жүрүм-турумун сынга алып, анын “грант жейт” деген дооматтары туура эмес деп айтып чыгышты.

“Ыңгайсыз суроолордун” 12-январдагы чыгарылышы парламенттеги намазканаларды ачууга арналган. Ага катышкан “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова менен депутат Турсунбай Бакир уулу кайым айтышып кеткен болчу.

“Эрк” партиясынын төрагасы Раис Алымкулов маалымат жыйында "Жогорку Кеңеште намазканаларды ачууга байланышкан талаш-тартышты кайсы бир күчтөр атайлып күчөтүп жатат", деп билдирди. Анын пикиринде, бул коомдо өзү эле жөнгө салынып калчу маселе болчу:

- Бул маселе бирөөгө керек болгон үчүн көтөрүлгөн. Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, айрым журналисттер кичине толеранттуу болушу керек. Мисалы, Жогорку Кеңеште тыныгууга чыкканда ким эмне ичип жатканын, кофеби, же чайбы, же башка ичип жатканын коомчулукка алып чыкпайбыз да. "Ичсе иче берсин, эмне кылса ошо кылсын" дейбиз. Эмне үчүн алар намазга жыгыларда шарт эле "коомго коркунуч алып келип атат, бизге жамандык алып келип жатат" дегенге барып жатабыз? Билбестиктен барып атабыз.

Укук коргоочулар намазканаларга байланыштуу өздөрүнүн пикир-сунушу туура эмес талданып жатканын айтып келишет. “Эркиндик үнү” коомдук корунун жетекчиси Сардар Багышбеков “Азаттыкка” укук коргоочулар мусулмандардын намаз окуусуна каршы эместигин, Жогорку Кеңеште намазканаларды ачуу өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык келбей турганын айтып жатканын белгиледи:

- Өлкөдө дин эркиндиги берилип жатат. Ар кандай шарттар түзүлүп жатат. Дин эркиндигине эч кандай каршылыктар, тоскоолдуктар жок деп ойлойбуз. Ошондуктан Конституцияда жазылгандай, светтик мамлекет болгондон кийин баары мыйзам чегинде болуш керек. Биздин сунушубуз ушул болчу. Анан кээ бир адамдар, Турсунбай Бакир уулу да биздин сөздөрүбүздү, ой-пикирибизди туура эмес чечмелеп, элге туура эмес жеткирип жатат.

Намазканага байланыштуу “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндөгү талаш-тартыштан кийин Укук коргоочулар кеңеши Т. Бакир уулуна бойкот жарыялашкан болчу.

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн алып баруучусу Аида Касымалиева намазканаларды ачууга байланыштуу программа тууралуу буларды айтты:

- Муну атайын провокация деп айтып жатышат. Биз бул теманы өзүбүз ойлоп таап, анан аны курчуткан жокпуз. Мен программага кадимкидей эле даярдангам. Динара Ошурахунованы чакыргам жана Жогорку Кеңештеги Акылбек Жапаров менен Турсунбай Бакир уулуна кайрылгам. А. Жапаровдун жардамчылары ал киши ордунда болбогонун айткандыктан Т. Бакир уулуна чалгам. Ал “ооба, биз Акылбек экөөбүз көтөргөнбүз, бир ал бул идеяны парламентте айтып чыккан, бирок муну мен деле көтөрөм, идеянын ээси мен”, деп айткан. Анан келишкен. Эч ким, эч кандай алдын ала даярданган эмес. Булардын бирөө депутат, бирөө укук коргоочу. Чынын айтсам мен алар ушинтип жаңжал салат деп күткөн эмесмин. Анткени алар телепрограммага тартылып жатканын билишет. Анын үстүнө биздин “Ыңгайсыз суроолор” форматы боюнча бирөөнүн жеке проблемасын эмес, олуттуу маселелерди көтөрөт деп катышуучуларга алдын ала мен ар дайым айтам.

Жыл жаңырар алдында Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы 2011-жылдан тарта муфтият жума күндөрү иштебей турганын жарыялаган. Андан көп өтпөй парламентте жума күнкү жыйында намаз окуу маалында эки саатка тыныгуу жарыялоо демилгеси көтөрүлгөн. Ушундан кийин парламентте атайын намазканаларды ачуу керектиги айтылып чыккан.

“Азаттыктын” берүүсүндө намазкана тууралуу талаштуу талкууга түшкөн депутат Турсунбай Бакир уулу парламентте депутаттык күбөлүк жана төш белги алган күнү Конституцияга эмес, куранга ант берген болчу. Депутаттын бул аракети да кыйла талаштуу сөздөрдү жараткан эле.
XS
SM
MD
LG