Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

ЖК Байзаковду кызматтан алууну сунуштады


Жогорку Кеңеш Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаковду кызматтан алуу боюнча токтом кабыл алды.

Аталган кызматтагы кырдаалды иликтеген комиссиянын корутундусу менен мамлекеттик жаза аткаруу кызмат башчысына бир нече дооматтар артылды.

Шейшенбек Байзаков айтылган сындарды четке кагып, "түрмөлөрдө реформа жүргүзүп жатам" деди. Ал арада кеминде онго чукул түрмөнүн жетекчилери "Байзаков кызматтан алынса, иш таштайбыз" деп эскертип чыгышты.

Байзаковдун иши комиссияны канааттандырган жок

Жаза аткаруу кызматындагы соңку кырдаалды иликтеген комиссия Байзаковго олуттуу кинелерди такты. Комиссия мүчөлөрү бир жыл ичинде курулуш, абактарды оңдоп-түзөө иштерине багытталган 4 миллион сомдон ашык каражат максатсыз сарпталганын, түрмөлөрдөгү тополоңду алдын алуу үчүн чара көрүлбөгөнүн белгилешти.

Комиссиянын жетекчиси, “ата мекенчил” депутат Туратбек Мадылбеков жабык жайларда айтылып жүргөндөй реформа жүргүзүлбөгөнүн билдирди:

- Байзаков жарыялаган коррупция менен күрөшүү өзүн-өзү көкөлөтүүнүн урааны гана болгон. Ал тарабынан Жаза аткаруу кызматында бир да коррупциялык схема табылган эмес. 2010-жылдын майынан тартып, 2012-жылдын январь айын кошуп алганда абактардагы тартипти чыңдоо жана кылмыш дүйнөсүнө чабуул коюу боюнча эч кандай иш жүргүзүлгөн эмес. Колонияларда алигиче мыкчыгерлер үчүн өзгөчө шарт бар. “Мыйзамдагы ууру” Көлбаев үчүн атайын камера Байзаков кызматта турганда жабдылган.

Комиссиянын жетекчиси Кыргызстандын түрмөлөрүндө катталган мушташ, кол салуулар жетиштүү деңгээлде иликтенбегенин, негизсиз кадрдык дайындоолор болгонун айтты. Бир катар депутаттар Жаза аткаруу мекемелердин маалыматтары жаап-жашырылганын айыпташты. “Республика” фракциясынын жетекчиси Канатбек Исаев өз фракциясынын чечимин ачыктады:

- Жалпыга айтып кетейин, “Республика” фракциясы Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси боюнча чечим чыгарган. Ишенбөөчүлүк жарыялаган. Мындан тышкары өкмөт башчысына ээлеген кызматтан бошотулсун деген сунуш жөнөтүлгөн.

Бирок Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаков депутаттардын дооматтарын четке какты. Ал күнөөлүү адамды прокуратура органдары аныкташы керектигин айтып, бюджеттен бөлүнгөн каражат максаттуу эле колдонулду деп белгиледи. Ошондой эле башкы түрмөчү өзүнүн буга чейинки аткарган ишин абактарды реформалоо аракети катары баалады:

- Адамдын эңсеген нерселери чындык катары көрсөтүлүп калып жатат. Түшүнүп жатасыздарбы? Мен таң калып жатам. Айтылган сөз канчалык акылга сыйбас болсо, ошончолук тез ишенип жатасыздар. Бул жерде ушундай негизсиз сөздөр айтылды. Таң калдым. Бул парламентпи же...? Билбей турам.

Түрмө башчылары кызматтан кетебиз деп эскертишти

Өткөн жылдын ноябрь айында түзүлгөн комиссиянын курамына Жогорку Кеңештеги беш фракциянын өкүлдөр кирген. Комиссиянын корутундусу 16-январдагы Бишкектеги биринче тергөө абагындагы тополоң жана аны улай башталган ачкачылыктан улам кийинкиге калтырылган.

Парламенттин жыйынында жарыяланган корутундуга комиссияга кирген эки депутат кол коюудан баш тартты. Алардын бири Социал-демократтар фракциясынан депутат Эркингүл Иманкожоева абактарда соңку кезде абал жакшырганын, Шейшенбек Байзаковго карата бир тараптуу айыптоолор жүрүп жатканын айтты. Кантсе да парламенттеги көпчүлүк депутаттар комиссиянын корутундусун колдоп, өкмөт башчыга Байзаковду кызматтан алууну сунушташты.

Бирок бул чечимге Кыргызстандагы кеминде онго чукул түрмөнүн жетекчилиги каршы чыгууда. Түрмө башчылары Байзаков кызматтан алынса, Кыргызстандын дээрлик бардык абактардын жетекчилери иш таштайт деп эскертишти. Алардын бири Бишкектеги 1-тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбеков:

- Төрт-беш депутат эле "Шейшенбек Байзаков кетсин" деп айтып жатышат. Ошол себептен эгерде биз криминалга акча алып келе турган жерлерди жаап койсок, анда алардын да ал жерде үлүшү барбы деген ой кетип жатат. Эгер Байзаков жумуштан кетип калса, мен да арызымды жазып жумуштан кетем.

22-февралдагы маалымат жыйынында түрмө жетекчилери Шейшенбек Байзаков менен Бишкектеги №1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбековго кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү кол салганы жатканын да билдиришти. Ошондой эле Байзаковдун абактарда тартип орнотуу аракетине криминалдык чөйрө ичи чыкпай жатканын кошумчалашты. Эми башкы түрмөчүнүн тагдыры кандай болот? Жагдай өкмөт башчы менен Башкы прокуратуранын чечимине жараша болчудай.

XS
SM
MD
LG