Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

"Батукаев иши" Жогорку Кеңеш элегинде


Азиз Батукаев Нарындагы түрмөдө "жайыл дасторкондун" четинде. (Качан тартылганы белгисиз бул сүрөттү депутаттык комиссия сунуштады.)
Азиз Батукаев Нарындагы түрмөдө "жайыл дасторкондун" четинде. (Качан тартылганы белгисиз бул сүрөттү депутаттык комиссия сунуштады.)

Депутаттык комиссия корутундусун угууда Батукаев айыккыс дартка чалдыкпаганы айтылды.

29-майда Жогорку Кеңеш Батукаев боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун уга баштады.

“Мыйзамдагы ууру” атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыгып кетиши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын 9 мүчөсү тең корутундуга кол коюшкан. Комиссиянын жетекчиси Болот Шер коркутуп-үркүтүүлөргө карабастан Батукаевдин "айыккыс оорусу жок" деген бүтүм чыгарган дарыгерлерге ыраазылык билдирип, "мыйзамдагы уурунун" "Манас" аэропортунун VIP залы аркылуу оңой эле өтүп бараткан видеосун көрсөттү.

Криминалдык чөйрөнүн лөгү делген Азиз Батукаев быйыл 9-апрелде абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен. Бошотуу тууралуу сот чечимине Гематология борборунун ал ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу бүтүмү негиз болгону айтылган. Бирок ушул эле борбордун Нарынга барып, Батукаевден анализ алып келген дарыгери анын аталган ооруга чалдыкпаганын айтууда.

Кызматтан алуу сунушталган аткаминерлер тизмеси

Депутаттык комиссия чыгарган корутундуда премьер-министр 30 күндүн ичинде Коопсуздук жана күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Шамил Атахановду, ички иштер министри Абдылда Суранчиевди жана саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеваны кызматтан бошотуу сунушун президентке жөнөтүшү керек деп айтылат.

Ошондой эле өкмөт башчы менен президентке жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевди, ички иштер министринин орун басары Фуркат Үсөновду, баш прокурордун орун басары Людмила Усманованы, Гематология институтунун илимий борборунун жетекчи орун басары Макимбетованы, Жаза аткаруу кызматынын башчысынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди, ушул эле кызматтын өкүлү Асановду, Нарындагы Батукаев бошоп кеткен тергөө абагынын жетекчиси Касымалиевди жана анын кызматкери Абылгазиевди, атайын прокурорлор М.Акматалиев менен К.Жуматаевди кызматтан алуу сунушталган.

Ал эми Соттор кеңешине Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматовду тезинен кызматтан алуу зарылдыгы айтылган. Жогорудагылардан тышкары, акыйкатчы Турсунбек Акунду да ээлеген кызматынан бошотуу ишин Жогорку Кеңеш тезинен караш керектиги белгиленет.

“Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев талкуу учурунда вице-премьер-министр Шамил Атахановду депутаттардын чечимин күтүп отурбай өз арызы менен кызматтан кетүүгө чакырды.

- Мамлекеттин, улуттун намысын тебелеттиңер. Сиз менен Рысалиев сөзсүз кызматтан кетүүсү керек. Сиз интеллигентсиз, Жогорку Кеңештин чечимин күтүп отурбаңыз. Калганынын баарына кылмыш иши козголуш керек.

Коопсуздук жана күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Шамил Атаханов буга мындай жооп кайтарды:

- Мен бир дагы отставкадан коркпойм. Бирок аргументтер болуш керек да. Анткени Батукаевдин соту болгон учурда менин бул кызматка келгениме 15 гана күн болгон.

Мамлекет кылмыш дүйнөсүнө уттурдубу?

Депутаттык комиссия “Батукаевди бошотуу операциясына” катышкан жетекчилердин баарына кылмыш ишин козгоо маселесин кабыргасынан коюуда.

Бир катар дооматтар Азиз Батукаев боюнча чечим чыгарган Нарын шаардык соту Жапар Эрматовдун дарегине айтылды. Комиссиянын аныктап чыкканы боюнча ал Батукаевди бошоткон бир эле сот отурумунда эки башка токтом чыгарып, беренелерде да айырмачылыкка жол берген. Бирок Жапар Эрматов аны мындайча түшүндүрдү:

- Түп нускасы эки бет болгон. Анын көчүрмөсүн чыгаруу үчүн бир бет кылып кыскартканда бир сүйлөмү түшүп калыптыр. Бул жерде токтомдун маңызы өзгөргөн эмес. Ал техникалык гана ката.

Депутаттар жана комиссия мүчөлөрү оор кылмыштар, анын ичнде 2006-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев баштаган бир канча мамлекеттик кызматкерлерди өлтүрдү деп соттолгон Батукаевдин боштондукка чыгып кетишин мамлекеттин кылмыш дүйнөсүнө утулушу катары баалап жатат.

Асыресе, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев ушундай баасын берди:

- Биз кылмыш дүйнөсүнө келишкис согуш жарыяладык. Бирок Батукаевдин чыгып кетиши биз ага багынып бергенибизди айгинеледи. Прокуратура жана башка органдар “биз Батукаевди мыйзам менен чыгардык” деп тынбай айтып жатышат. Бул жалган. Ал “Кыргыз мамлекетинин идеологиясына, мыйзамга каршымын, мен кылмышкерлердин атасымын” деп, өз кылмыштуу иштерин андан ары уланта берди. Аны судья Эрматов өзүнүн токтомунда көрсөтүп жатат. Өтө катуу ооруп калгандарды судья чыгарып жиберсин деп эч бир мыйзамда жазылган эмес.

Баш прокурор: мыйзам бузулганын көрбөй турам

Анткен менен коюлган дооматтарга “Батукаев операциясына” катышты делгендер макул эмес. Баш прокурор Аида Саляновада Азиз Батукаевди бошотууда эч кандай мыйзам бузулбаганын, депутаттык комиссиянын мүчөлөрү таасын далилдерди келтире алышпаганын эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

- Мен кимдир-бирөөнүн ишмердүүлүгүнө укуктук баа бергенде сөзсүз мыйзамдын беренелерине таянышым керек. Азыр мен андай мыйзам бузулган беренени көргөн жокмун. Эгер комиссиядагы материалдарды берсеңиздер, биз дагы карап көрөбүз. Бирок азыркы учурда айтылып жаткан маселелер боюнча мыйзам бузууну мен көргөн жокмун.

Талкуу учурунда айрыкча чоң талаш-тартыш “атамекенчи” депутаттар менен жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевдин ортосунда жүрүп, кез-кез спикер арачы түшүп, аларды токтотууга мажбур болуп жатты. Буга чейин талоончулук маселеси боюнча “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары менен Рысалиевдин ортосундагы окуяларды жана айыптоолорду эске алганда, бул тирешүү окурмандарга түшүнүктүү болсо керек.

Депутаттык комиссия Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев Нарынга чейин барып, Батукаевди бошотууга баштан-аяк Рысалиевдин көрсөтмөсү менен катышкан, а түгүл “Манас” аэропортуна чейин коштоп келип, узатып жиберген деген тыянак чыгарууда. Бирок башкы түрмөчү Рысалиевдин айтымында, Жаза аткаруу кызматынын соттун мыйзамдуу чечими менен бошотулган адамды кармап калууга акысы болгон эмес. Ал айтылган сөздөрдү четке кагып, кайсы мыйзамды бузганын далилдеп берүүнү депутаттардын талап кылды.

Жогорку Кеңеш бул маселени талкуулоону бейшемби күнү улантмай болду. Жыйынтыгында парламент Батукаев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча токтом кабыл алышы керек. Ал эми корутунду жалпы палатадан колдоо табабы же жокпу, эртең айгине болмокчу.

XS
SM
MD
LG