Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Парламент vs Салянова: чындык кимде?


Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурор Аида Саляновага ишеним көрсөтпөө үчүн кол топтой баштаганы айтылууда.

Алар депутат Исхак Пирматовго туура эмес кылмыш иши козголгон деп эсептешет. Салянова болсо депутаттар кесиптеши Пирматовго колдоо иретинде ушундай кадамга барып жатышканын айтты.

Кечээ парламент депутат Пирматовго кылмыш ишин тергөө үчүн аны кол тийбестигинен ажыратуу сунушун көпчүлүк добуш менен четке каккан болчу.

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Ширин Айтматованын “Азаттыкка” билдиришинче, Саляновага ишеним көрсөтпөөнү Пирматовго байланышкан иштен соң “Республика” фракциясы көтөрүп чыккан:

- Саляновага ишеним көрсөтпөө боюнча 15 депутаттын кол койгонун мен көрдүм. Бул маселе көптөн бери эле көтөрүлүп келген эле. Айрыкча Акмат Бакиев качып кеткенден кийин, Башкы прокуратура өз милдетин аткарбаганы түшүнүктүү болгон соң нааразылык көбөйдү. Анан Исхак Пирматовго байланышкан иштен кийин "Республика" фракциясы демилгечи болду деп ойлоп жатам.

Башкы прокурорго каршы кол топтой баштаганы айтылган “Республика” фракциясы бул маалыматты расмий түрдө тастыктай элек. Бирок фракциянын лидери Канатбек Исаев Салянованын ишиндеги кемчиликтери үчүн кызматтан кетирүү демилгеси жакынкы күндөрү фракция жыйынында каралып калышы мүмкүн экенин четке какпайт:

- Пирматовдун ишинен соң башкы прокурордун ишиндеги кемчиликтер ачыкка чыкты. Мындан кийин анын дарегине нааразычылыктар айтылып жаткан. Бирок кол топтолуп жатканы тууралуу толугу менен билбейм. Башкы прокурорду кызматтан кетирүү боюнча сөздөр айтылганы чын.

Аида Салянова депутаттардын аракетин ага каршы саясий кампаниянын башталышы менен түшүндүрдү. Анын айтымында, парламенттин айрым депутаттарынын башкы прокурорго каршы аракеттери мындан мурда эле баштаган. Жогорку Кеңеште Пирматовдун ишин кароо учурунда башкы прокурорго сөздүн берилбеши да алардын кийлигишүүсү менен болгон:

- Бул демилге Пирматовдун ишине байланыштуу экени ачыктан ачык көрүнүп турат. Муну кечээ эле айта баштаган. Эгерде депутаттар бизге кечээ сөз бергенде биз бир катар далилдерди айтмакпыз. Бул анын жыйынтыгына таасири тийгизиши мүмкүн болчу. Бүгүн мага каршы кол топтоп жаткан демилгечилер муну жакшы билишкен.

Ошол эле учурда Аида Салянова Исхак Пирматовго байланышкан кылмыш иши кыскартылбай турганын билдирип, Пирматов депутаттык мөөнөтү аяктаган соң бул иш кайрадан жанданаарын эскертти.

"Кол ийрисине тартат"

Депутатты ири кылмышка шектүү эсептеп, кол тийбестигинен ажыратууну сураган соң башкы прокурорду кызматтан кетирүү демилгеси парламент тарабынан көтөрүлүшү коомчулукта ар түркүн пикирлерге жол ачты. Айрымдар муну депутаттардын президент жарыялаган коррупция менен күрөшкө каршы чыгышы катары баалап жатышат.

Парламенттин алгачкы сессиясы, 10-ноябрь, 2010-жыл
Парламенттин алгачкы сессиясы, 10-ноябрь, 2010-жыл
“Ата Мекен” фракциясынан депутат Туратбек Мадылбековдун пикиринде, Аида Салянованы иштен кетирүүгө азырынча эч кандай негиз жок болчу:

- Башкы прокурорду иштен кетирүүнүн өзүнүн жолу бар. Ал үчүн өтө орой мыйзамсыз иштер болушу керек. Мен азыркы башкы прокурордон мындай иштерди көрө элекмин. Алгач анын жасап жатканы иштерин, коррупцияга каршы күрөш боюнча жыйынтыгын карашыбыз керек. Мага айрым депутаттар келип, Саляновага каршы кол коюшумду суранышканда мен буга караманча каршы экенимди билдирдим.

Ал арада Укук коргоочулар кеңеши Жогорку Кеңешти депутат Исхак Пирматовду кылмыш жообуна тартууга уруксатын бербей койгону үчүн айыптап чыкты. Депутаттардын бул кадамы алардын "конституциялык укуктарынан ашыкча пайдалануу, көзөмөлчү да, тергөөчү да, сот да болгусу келгендик" катары бааланды.

Укук коргоочулардын айтымында, депутат эл өкүлү катары оюн айтканда гана кол тийбестикке ээ боло алат, "бирок Башкы прокуратурадан кесиптешин калкалап калган депутаттар мындай макамды Пирматовдун "Кыргызмунайгаз" ишканасынын жетекчиси болуп тургандагы ишмердүүлүгүнө карата пайдаланышты".

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, башкы прокурорду кызматка президент дайындайт. Аида Саляновага ишеним көрсөтпөө боюнча депутаттардын демилгесине президент пикирин билдире элек.

Ал эми аны кызматтан кетирүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары, мыйзамга ылайык, бул маселени парламент жыйынына алып чыгуу үчүн 41 депутаттын колун топтоп, кызматтан кетирүү үчүн бул демилгени колдоп, 81 эл өкүлү өз макулдугун бериши керек.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG