Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:19

Саясат

Парламент каттоосу жок никеге тыюу салат

Жогорку Кеңеш кыз ала качууга бөгөт коюунун дагы бир мыйзамдуу жолун талкуулай баштады. Депутаттар “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизип, "жубайлар үй-бүлө куруу алдында мамлекеттен атайын уруксат кагазын алуусу керек", деп мыйзамга жазмай болушту.

Бишкек, Бакыт үйү. 10.10.2010.
Текст көлөмү - +

“Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор эл өкүлдөрүнүн кызыл чеке талашын жаратты.

Үй-бүлө куруп жаткан жаштар сөзсүз түрдө мамлекеттик нике каттоодо (ЗАГС) турушу керек деген депутаттардын саны көпчүлүктү түздү.

Мыйзамдын демилгечиси, “Ар-Намыс” фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева Кыргызстанда жаңыдан турмуш курган жаштар мамлекеттик никеге каттоого турбай жатышынын кесепетинен улам жүздөгөн аялдар жана балдар жабыркап жатканын айтты:
 
​​- Бул азыр Кыргызстанда чоң көйгөйгө айланды. Кызды ала качканда, молдо нике кыйганда, кыздын макул болгонун, кантип биле алабыз? Кандай документ аркылуу? Ошон үчүн үйлөнөөр алдында никелешүү тууралуу күбөлүк, же үйлөнүүгө болгон арыз болуш керек. Ошол документ аркылуу биз эки жаш үйлөнүүгө макул экенин билишибиз керек. Кыз унчукпай койсо эле макул болду деген туура эмес болуп калат.
 
Алтыбаеванын демилгесин аял депутаттар ошол замат колдоп чыгышты. Үй-бүлө курууда күбөлүк талап кылууну мыйзамга киргизүү аркылуу көп аял алган эркектерди да чектөөгө болоорун Социал демократтар фракциясынын өкүлү Дамира Ниязалиева айтты:
 
- Бул ала качууга болгон бөгөт. Экинчиден, жоопкерчилиги жок, 3-4 аял алган эркектердин жоопкерчилигин карай турган мыйзам. Эч кандай каттоосуз эле турмуш курган аялдар кийин балдарын ээрчитип, көчөдө калып атышат. Мыйзамды колдоп берели.
 
"Колдойун десем чийки экен..."
 
Депутаттардын көпчүлүгү бул мыйзам долбоорун колдогону менен, анын чийки жактары өтө эле арбын экенин айтышты. Алыскы айылдарда үй-бүлө кургандар мамлекеттик нике каттоо кызматынан күбөлүк алдыбы, же алган жокпу - муну ким көзөмөл кылаары жана молдолордун уруксат кагазы жок нике кыйбашын ким текшере тургандыгы суроо жаратат. Керек болсо бул мыйзам молдолордун гана баркын көтөрүп, аларга пара берүү күчөйт деп шектенген депутаттар болду.

Эл өкүлү Зайыр Сулайманов кыздын макулдугусуз нике кыйган молдолор жазага тартылбай жатканын белгиледи:
 
- Кыздын макулдугусуз нике кыйып койгон молдолорду кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек болчу. Ала качкан жигитти да жоопко тартуу керек. Бирок кыз макул болсочу? Анда "силер койо тургула, мамлекеттик нике каттоодон уруксат алып келгиче болбойт, күтөбүз" дейби? Уруксат алыш үчүн бир ай күтүш керек, муну билесиз.  

Бишкек, Бакыт үйү. 10.10.2010.
​​Бул мыйзамдын иштешине диний кызматкерлер да каршы экендигин билдирип келишет. Алардын айтымында, элетте мамлекеттик нике каттоо кызматына баруудан баш тарткан жаштар нике кыйдыруудан да баш тартып, үйлөнүп алышы мүмккүн. Анда мыйзамсыз, ал тургай никесиз балдардын саны көбөйүшү мүмкүн.

Бирок депутат Кожобек Рыспаев соңку кезде күчөп бараткан кыз ала качуу сыяктуу аял укугун одоно бузган көрүнүштөр ушундай мыйзам аркылуу гана тыйыларын айтат:
 
- Ала качууга бөгөт болот. Үйлөнө турган адам алдын-ала арыз жазып, каттоодон өтүп койсун. Азыр кызды зордуктап кат жаздырып, анан молдо билбей эле нике кыйып атат. Кызды алып барышса, кемпирлер босогого туруп алып, алдына жата калып, токтотуп атышат. Буга мыйзам керек. Колдойлу. 
 
Эч кандай каттоосуз эле турмуш курган аялдар кийин балдарын ээрчитип, көчөдө калып атышат. 

Ошентип “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга үйлөнүү алдында мамлекеттик нике каттоо кызматынан сөзсүз уруксат кагаз алышы керек деген депутаттардын саны басымдуу болду.

Эл өкүлдөрү буга чейин да нике кыюу учурунда молдолордун жоопкерчилиги жок болуп жатканын айтышып, уруксатсыз нике кыйган имамдарга айып пул салуу демилгеси да көтөрүшкөн.

Аялдар укугун коргогон уюмдар бул демилгени колдоп, нике расмий катталбагандыктан, аялдардын жана балдардын укуктары бузулуп жатканын айтып, даттанышкан. Эми уруксат кагазсыз эле молдолор нике кыйып, бүлө курууга көнүп калган коомчулук парламент мыйзамын кандай кабылдайт болду экен?
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
31.01.2012 17:17
Мыйзамсыз нике парламенттен башталып жатса эмне кылабыз.
Пикирге жооп

кимден: Бактыгул каяктан: Измир
12.02.2012 03:36
Туптуура айтасыз,сиздин пикиринизге толугу менен кошулам. Бир депутаттын 3-4 аялы бар. Балык башынан сасыйт дегендей, балыктын башын кесишсин да сасыбасын. Андан кийин ичин тазалашсын.

кимден: туру суук каяктан: жигит
26.01.2012 23:45
Тупа туура мыйзам.А то кээ бир сволочтор ону кашейдей болуп супсулуу кызды ала качып катын кылып шоорун кайнатканы канча.Онуно жаратылыш куноолу дечи эми сулуу кыз суйбойт да ала качып эмне кереги бар.Анан ал сулуу барибир кийин жакшы жашабайт.--кетчи турун сугунан сени м-н кочого чыкандан уялам деп уй ынтымагы кетип балдарга убал.

кимден: Жигит каяктан: Бишкек
25.01.2012 11:52
Негизи уй було бекем болсун,эркектер коппосун да,кыз келиндер жалап болуп кетпесин деген жакшы.Бирок урматтуу депутаттар созсуз ЗАГСка турсун деген менен реалдуу турмушту карап корбойлубу.Азыр ЗАГСка туруп коп чыгым болуп, улпот тоюн бергенден кийин да ажырашып кеткендер кобойуп жатпайбы.Уй булолуулукту урматтоо деген нерсе маанисин жоготуп жатат.Жаштар ойлойт раз мында болбосо кийинкиси жакшы болуп кетээр деп.Анын устуно кыз келиндердин саны эркектердикинен кыйла коп,мыкты эркектердин копчулугу акча табайын деп чет олкого да чыгып кеткен, айылдагылардын кобу бекерпоздук менен аракечтикке берилип,моралдык жактан шылынып тушкон.Копчулугу аялына жарабайт,аялдар болсо мун зарын айтып,алар да кошо стакан кагышып,ушактын жаагын айрып калыптыр.Мен айылга барган сайын коонум бузулуп батпай кетип жатам.
Шаардагы жаштар болсо оздоруно жоопкерчиликти алгысы келбейт,бирооно байланып калбай пока эркин журо турайын дейт.Башкача айтканда жуз жолу олчоп бир жолу кеспесе азыр турмуш кыйын дешет.Ошо жуз жолу олчоп буткончо кыз деле эркек деле табигаттын мыйзамы болгондон кийин эл козунон оолак жолуга калып атышат да.Мындайча айтканда бирин бири сыноо,эркин секс,убактылуу конул ачуу.Эгер ошондогу сыноодон жакшы отуп бирин бири жактырарына ишенсе уйлонуп жатышат.Эгер ЗАГСка катталмайынча бок да жок дей турган болсок анда жаштарыбыз 30-40ка чыкканча уйлонбой,кыздарыбыз жедеп кара далы болуп чет олколук байларды эле андып,шыпшынып калбайбы?.
Дагы бир жагы любой молдо нике кый десе ЗАГС деп отурбайт "Кудай алдында эки жаш макулдуктарын берип атса мага ошол эле жетиштуу" - дейт да нике кыйа берет.Эр болсонор тыйып коргуло.
Учунчу бир эффективдуу жагы жанагы кыз ала качуу дегенди токтотуш учун айыл окмотторунун жоопкерчилигин кучотуш керек.Ар бир айылда ушул аялдарды зомбулукка тартканга каршы курошуу деген сыяктуу кызмат ачып,айыл окмоту,мектеп директору ошол жаны кызматкер, жергиликтуу милиция кызматкерлери биригип жоопкер болушсун да.




кимден: зина каяктан: чет мамлекет
24.01.2012 22:24
Саламатсызбы азаттык.Менин сизге кат жазуумдун себеби силердин ушул статьянардан пайдаланып озумдун бир проблемама жардам , кенеш сурап чыгып отурам.Интернет аркылуу мыйзам кодекс. статьяларын карайын деп кайсыл сайттан кароону билбедим.
Мен озум чет мамлекеттинде 4 жылдан ашуун убакытта иштеп келем.Жолдошум (бывший муж )менен баш кошконума 1 жыл болуп калганда визам келип, кетууго туура келди.Турмушка чыкканга чейин эле жолдошум жана анын ата энеси менин чет мамлекетке чыгаарымды билишчу.Колумду сурап келгенинде алар менин кетишиме макулдугун беришип . атугул менин артымдан жолдошумду жиберерин айтышкан.Ортобузда мен орун алгандан кийин жол киресине акча салып артыман куйоом келет деген келишим суйлошуулор бар эле.2жылдан кийин мен акча салмай болуп ,жолдошумду чемоданынды даярда десем эле анын созу бузулуп калыптыр.Сен еле келе бербейсинби, мен барбай еле койойун, мен кетсем ата энем ,иним карындашым эмне болот деп чыкты.Тушунот елем эгер ата энеси картан кишилер болсо,менин ата энемен жаш.иниси, карындашы бой жетип калган улан кыз, озулорунун жанын оздору бага турган жаштар.Иниси уйлонгон.Жакында карындашы да турмушка чыкты.
Иши кылып экообуз кун алыс суйлошуп отуруп,сен кел мен кел болуп, аягы урушуп кеттик.Коп отпой бир эжеме звонок кылсам менин кайнэнем,атам,кайнатамдын агасы болуп ата энеме барышып ушундай жаман создорду,калптарды айтып балабыздын башын бошотсун кызынар деп барып кетишиптир.Мен угуп алып шок болдум.Шак еле жолдошума звонок кылып экообуз дагы уруштук.Ошол кундон тартып жолдошум экообуз суйлошпой калдык.Болжол менен 2 айдан кийин звонок кылсам ,мага куйоом сен озун звонок кылба дебедин беле деп актанат.Ушул уруштан кийин уй го барсам ,жолдошумдун ортодон кыз ала качып келип анысы отурбай кетип калгандыгын угуп дагы шок болуп, ажырашууну чечтим.Кыргызстанга кайтканымда атамдын,агамдын кайтыш болуп кеткендигин угуп депрессияга батып,жолдошум менен жолукканга эч конулум болбой жатып .аягы кайра чет олкого чыгаарыма 1 ай калганда жолугуп, ажырашканга кагаздарды даярдай бер дегем.Мен кеткиче эч нерсе кылбай, сени менен ажырашпайм .суйлошолу деп койуп, мага бир да жолу звонок кылган жок.Жада калса атандын арты кайрылуу болсун дегенге жараган жок, биз жолукканда.Мен кетээрим менен 1 айдан кийин уйлонуп алыптыр.Экообуздун ортобузда мыйзамдуу турдоо уйлонуу куболугу бар.Кантип мени менен ажырашпай туруп аял алды.Мындай иш боюнча жаза алышы керек да.Мен озум деле ажырашканга макулдугум болсо деле.официалдуу турдо мен ага кол коюуп берген жокмун жана соттубуз да болгон жок.Ушул иш тууралуу кандай чара. жана кайсы жактарга кайрылуу керек.Чет мамлекетте жашап туруп мен анын устунон арыз жаза аламбы.Тийиштуу органдардан жардам жана кенеш сурайм.Рахмат, жооп кутом

кимден: Айбийке каяктан: Баткен
24.01.2012 15:43
Бул Мыйзам суудай керек,Азаматсын Айнура! Турмуштан жолуну таппай жургондор кобойуп кетти,Алар эптеп бироону кармап уй було кургусу келет,Молдолор дагы андайларга нике кыйбаса болот эле,

кимден: Бактыгүл каяктан: Бишкек
24.01.2012 10:55
Ушул мыйзам ишке киргизилсе жакшы болот эле.Себеби ала качуу азаймак.Анын азабын мен да тарткамын.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
23.01.2012 22:55
Мындай мыйзамды эчак эле кабыл алып,тартипти кучотуш керек болчу.Айрыкча мергенчи келиндер,ислам жол берет экен дешип,чонтогу калын катынпоз эркектерди капканына тушуруп,коптогон уй булолор бузула баштады.Мен билгенден эле хиджап кийип,намаз окуп,ошол эле учурда биролордун очогун бузуп жургон алты жети келинди коруп журом.Менимче муфтияттын да бир аз тизгинин тартып коюш керек.Чуак ажы,Озубек ажы,Мыктыбек ажылар,Манас жанырыгы Т.К аркылуу торт аял алууну,сакал остуруп,хиджаб кийуну байма бай пропогандап эле жон болбой,улуттун каада салтына,асыл доолотторуно да таш ыргытып,эл ичине ашкере бузукулук саясатын жургузуп келатышат.Ушундан улам,биз кайсыл бийликтин алдында жашап жатабыс деген суроо туулат,исламий бийликтинби же демократиялыктык бийликтинби...Окумот чечкимдуу чара корбосо,акыры атуулдук жанжалга алып келучу чекке жакындап калдык

кимден: Реалист
23.01.2012 20:15
Ушул кабыл алынып жаткан мыйзам демократиялык укуктарга каршы келет. Кыргызстан демек адам укуктарын сыйлаган олко эмес!

кимден: aizada каяктан: tr
23.01.2012 15:48
kyrgyz erkekteri tort aialdy emes bir ele aialyn kak nado bagyp alsynchy. myizam turundo uruksat berilish kerek deisin berilbese dele jashalyp jatat. korunushtu korup jatabyz kandai ekenin. myizam uruksat berse ele bul ozgorot deisinerbi. anda birin ketirip bashkasyn nikesine alyp ala beret da. kyskasy erkek oiuna kelgenin kandai jol bolso da taap kylat.
KG zagstan otmoiuncho imam nikesin tyiuu kylyshy kerek. kyz chygatpy chykpaitpy al ekoonun maselesi. myizam jalpy eldi oilop kirgizilishi kerek. eshmat tashmattyn algan kyzy kyz bolobu je jokpu dep emes. anda algan kyzynardy jaskhylap karap anan algyla raz korksonor. kanchalagan jene ejeler baldary menen kalyp jatyshat. bul myizam da kirishi kerek anan adep sabagynyn programmasyn keneituu kerek. uiat kunoo ar namys degen nerselerdi unutup kalganybyz uchun ushul korunush bolup jatat. bul menin jeke pikirim rahmat.

кимден: Барсбек каяктан: Токио
23.01.2012 08:59
Ассаломалейкум!!!!!
Кудай-Таала уруксат берген нерсеге Адам затынын тыйуу салышы болбогон жана иштебей турган нерсе (убакыт далилдейт). Андан коро Кылмыш-жаза Кодексиндеги көп аялдуулук боюнча жазаны алып салуу керек. Ошондо көп маселе чечилмек. Эгер 1 эркек 2-3 аял менен жалпы макулдуктун негизинде жашап жатса, ал нерсеге башка бирөөнүн кийлигишүүгө акысы жок да. Аларды багып жатса, кем каржысын толуктап жатса андай нерсени колдоо гана керек. Тескеринче 4 аялга чейин мамлекет тарабынан ЗАГСта катталууга уруксат бериш керек деп ойлойм. Себеби андай шарт түзбөсөк деле болуп жатпайбы. Ошондо 2 же андан коп аял менен жашап жаткан эркектердин мыйзам алдында жоопкерчилиги болмок. Азыр 1-аялы менен ЗАГСы бар калгандарын ар-кандай шылтоолор менен бир аз жашап таштап кеткендер да толтура. Бул менин жеке пикирим. Чон рахмат.
Пикирге жооп

кимден: Атабай
23.01.2012 13:10
Негизи, миңдеген аял-эркек макулдашып, никеси да, загсы да жок эле үй-бүлө куруп жашап келишкен. ЗАГСты Лениндин ойношу Церковдун никесин жокка чыгаруу максатында ойлоп тапкан. Гражданский брак деген ошол ЗАГС, а бизде гражданский брак деп башка нерсени атап алыптыр. Үй-бүлө мамлекеттин же диндин кийлигишүүсү менен эмес, эки адамдын сүйүүсүнүн негизинде курулса бекем болот. Мен мисалы үчүн Үмүттү сүйөм жана аны менен жашайм. ЗАГСка да турбайм, нике да кыйдырбайм. Ал менин аялым болуп, өлүм ажыратканга чейин чогуу бололу деп атабыз.
Пикирге жооп

кимден: Mirzo каяктан: Moskva
25.01.2012 22:13
Assalamu aleykum brat. Sizdin bul aytkan jashoonuz Islamda Uy-bulo emes Zina dep aytilat. Nikesiz jashoo-Zina. Zina Chon kunoolordun biri.
Baldariniz Zinadan payda bolgon baldar bolot. Sizdin kunoonuz menen alardin (valadi-zina) bolushu tuura emes. Nikah sunnot amal, kim ani atkarbasa al Muhammed (s.a.v) paygambardin ummotunon emes bolup eseptelet. Astagfirullaah
Пикирге жооп

кимден: Барсбек
23.01.2012 14:57
Туура эч ким бул нерсеге аралаша албайт. Сиз айткан суйууго. Болгону суйушуп анан уй-було курарда аны тастыктап койуу керек да. Нике бул Алланын алдында адалдоо жана баардык жамандык-жакшылыкта бирге болуу ж.б. Ал эми ЗАГСбул бугунку кундогу муктаждык болуп жатпайбы. Жонокой мисалды алсак балалуу болгондо баланызга оздугун тастыктаган документ алып беришиниз керек да. Ошондо ЗАГС жок болсо кыйын болот. Же чет жака чыгып калганда ж.б.у.с. мисалдар. Рахмат.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине