Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Сүрөт инвестициясы – баюунун бир жолу


Француз сүрөткери Пол Гогендин “Мага качан турмушка чыгасыӊ?” аттуу сүрөтү 300 миллион АКШ долларына сатылды
Француз сүрөткери Пол Гогендин “Мага качан турмушка чыгасыӊ?” аттуу сүрөтү 300 миллион АКШ долларына сатылды

Жакынде эле француз сүрөткери Пол Гогендин “Мага качан турмушка чыгасыӊ?” аттуу сүрөтү 300 миллион долларга сатылып, дүйнөдөгү эӊ кымбат кыл калем эмгеги деп табылды. Акыркы мезгилде Катар, Кытай мамлекеттериндеги байгер адамдар кыл калемден жаралган эмгектерди кымбат баага сатып алууда.

Адамзаттын тарыхындагы эӊ кымбат живопись болуп, таитилик аял менен эркектин элеси түшүрүлгөн сүрөтчү Пол Гогендин “Мага качан турмушка чыгасыӊ?” аттуу сүрөтү табылды. Аны Швейцария жаранынын жеке коллекциясынан катардык миллиардер 300 миллион долларга сатып алганы маалым болду.

Буга чейин 2011-жылы 250 миллион долларга ошол эле Катардын падышалык үй-бүлөсү сатып алган Пол Сезандын “Карта оюнчулары” дүйнөдөгү эӊ кымбат сүрөттөрдүн биринчи сабында эле. "Үчүнчү орунда Нью-Йорктогу Sotheby аукциону тарабынан 140 миллион долларга сатылган, 1948-жылы тартылган Жексон Поллоктун “№5” аттуу эмгеги турат" деп жазат The Guardian.

"Мага качан турмушка чыгасың?" деген сүрөт
"Мага качан турмушка чыгасың?" деген сүрөт

Акыркы мезгилде Кытайда байгер кишилердин саны көбөйгөн сайын Батыштын кымбат баалуу живописине кызыккандар да арбыды. Маселен, 2011-жылы Шанхайдагы Дүйнөлүк Экспо көргөзмөсүнө Парижден Пабло Пикассо баштаган улуу сүрөтчүлөрдүн 48 эмгеги коюлуп, миллиондогон кишилердин назарын бурган борборго айланган. Сүрөт базарына кытайлыктар азыр миллиондогон долларын сарптап жатат. Пикассонун 1950-жылы тартылган Claude et Paloma аттуу эмгегин капчыгы калың кытай жараны 28,2 миллион долларга сатып алган.

Дүйнөлүк сүрөт базары баалуу кагаздардын биржасындай эле айланма жол менен жүрөт. Маселен, 2008-жылдагы экономикалык кыйынчылык учурунда глобалдык сүрөт базарындагы лидерлер болгон Sotheby, Christie сыяктуу компаниялардын кирешеси бир нече эсеге азайган. 2007-жылы дүйнөлүк сүрөт базарында 1,75 миллиард долларга соода болсо, бир жылдан кийин бул сан 803,3 миллион долларга түшкөн. 2000-жылдан 2003-жылга чейин да сүрөт базарындагы киреше 36 процентке ылдыйлаган. Мунун себебин экономикалык эксперттер баалуу кагаздар рыногундагы олку-солку абал менен байланыштырат.

Кыргызстанда эӊ кымбат сүрөт деп 1866-жылы тартылган Иван Айвазовскийдин “Деӊиз пейзажы” табылган. Анын баасын эксперттер 810 миӊ доллар дешүүдө.

"Кыргызстанда сүрөт же пейзажга баюу максатында инвестиция жумшагандар барбы, кымбат сүрөт сатып алдыӊыз беле?" деген суроо менен “Кыргызконцепт” компаниясынын президенти, экономикалык серепчи Эмил Үмөталиевге кайрылдык:

- Кыргызстанда да ушул көркөм сүрөт өнөрүнөн пайда болгон баалуу эмгектерге кызыгып, издеп, көп каражат жумшап сатып алган кишилер бар. Аларды таанып, көрүп-билип жүрөм. Мындай ишке баруу үчүн адамда ошол искусствону түшүнө билген, кандайдыр бир сүрөттүн мезгил өтүп баалуулугу арта турганын жакшы билген көрөгөчтүк, туюм болуш керек деп ойлойм. Албетте эгерде ушундай сапаттары болсо адамдар көркөм өнөрдү акчага сатып алып, инвестиция катары кармаса болот. Бирок менде андай туюм же өзгөчөлүк жок. Менин кызыгуум коомдук иштерге байланышкан. Эл менен пикир алышып, байланышкандан рахат алам жана ошондо толук канааттанам.

The New York Times гезитинин аналитиги Адам Дэвидсон сүрөт базарындагы баа дүйнөлүк турак жай базарынан да тез өсүп, кымбат сүрөттүн ээлерине чоӊ суммадагы киреше алып келчү тармак деп жазган. Бирок кыл калемден жаралган эмгектерди миллиондогон долларга сатып алып, кымбатташын күтүп, кайра базарга алып чыгуу миллиардерлер үчүн гана пайдалуу болбосо, карапайым калктын чөнтөгүнө кыйын дейт Дэвидсон.

Жыл сайын баасы бир нече миллионду чапчыган 3 миӊдей сүрөт сатыкка коюлуп, аларды алгысы келгендердин саны он миӊге чейин жетет. Мыкты сүрөттөрдүн баасы глобалдык ички дүӊ өнүмдүн деӊгээлине карабай улам жогорулап барат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG