Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:18

Эл үнү

Отунбаева мүңкүрөгөн бир бүлөнүн ажатын ачты

Экс-президент Роза Отунбаева "Азаттык" аркылуу жардам сурап кайрылган бир жаранга кол сунуп, акчалай кайрым кылды.

"Азаттыктын" Бишкек кеңсесинин директору Султан Жумагулов Умар Турдубековго экс-президенттин аманатын тапшырууда. 29-декабрь.
Текст көлөмү - +

Бишкектин четиндеги Маевка айылынын тургуну, 3-топтогу майып Умар Турдубеков "Азаттыктын" "Эл үнү" берүүсү аркылуу кыйын турмушта күн кечирип жатканын, үйдө неберелери ачка отурганын айтып, колунда бар кишилерден жок дегенде бир айга сегиз миң сом карыз берип турууну өтүнгөн. Ал Тажикстандын Мургаб районундагы туугандарынан жардам келсе карызды кайра үстөгү менен төлөп берээрин да айткан эле.


Умар Турдубековдун өтүнүчү





Бүгүн "Таңкы Азаттыктан" муну угар замат Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева бул кишиге жардам берүүнү чечет. Ошентип Роза Отунбаева бүгүн эртең менен "Азаттыктын" кеңсесине күтүүсүздөн кирип келди. Экс-президент мындай кайрылууга абдан зээни кейигенин айтуу менен Умар Турдубековго берип коюуну өтүнүп, "Эл үнүн" алып барган кабарчыбыз Аманбек Жапаровго он миң сом таштап кетти.

Бирок Умар Турдубеков Маевка айылында жашаарын гана айтып, кайра байланышканга дайын-дарегин калтырбаптыр. Кабарчыбыз Аманбек Жапаров аталган айылга барып, көчөмө-көчө издеп жүрүп акыры ал жашаган үйдү табат. Бу киши Маевканын четиндеги бир жаңы конушта, шарты начар эки бөлмө тамда ижарада кызы, 8 жана 10 жаштагы неберелери менен турат экен. Кызы Ош базарында нан сатып иштеп, анын тапканы чай-чамекке араң жетет экен.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, эч кандай жардам ала албаптыр. Өзү үй-бүлөсү менен 1993-жылдары Тажикстандын Мургаб районун көчүп келип, кийинчерээк Кыргызстандын жарандыгын алат. Бирок турмушу оңолбой, алты жыл мурда жубайы кайтыш болуп кетиптир. Эми Мургабдагы ага-туугандарынан жардам күтүп атыптыр. Азыр 57 жаштагы Умар Турдубековдун көзү жакшы көрбөйт, 3-топтогу майып.

Умар Турдубеков экс-президенттин аманатын алууда.
​​
Кабарчыбыз Умар Турдубековду кеңсеге алып келген соң "Азаттыктын" Бишкек бюросунун жетекчиси Султан Жумагулов ага экс-президенттин аманатын тапшырды. Умар Турдубеков бул жардамды алып жатып, бышактап ыйлап жиберди. Анан өзүн токтоткон соң Роза Отунбаевага ыраазычылык билдирип, аны Курманжан даткага теңээрин айтты.



Экс-президентке ыраазычылык



Умар Турдубековдун маегин толугу менен бул жерден окуңуз.

Экс-президент Роза Отунбаева кеңсебизге күтүүсүз кирип келген соң, кабарчыларыбыз ой-боюна койбой маек алып калууга үлгүрдү.

​​
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Нарындык каяктан: Бишкек
31.12.2011 13:33
Урматтуу мекендештерим, жакшылап ойлонуп коргулочу,эки жакка абай салып байкагылачы,биздин элибиздин пейли кенен,журогу оттуу жана байоо,колунан келсе ичкен ашын жерге коюп ботон бироого жан дили менен жардам бергенге даяр турат.Мен ушу карапайым куыргыздарымды коруп алып эле ичимден аябай кубанам.Ушу бизге окмот жакшы иштеп эле берген убадаларын четинен аткарып эми барыбыз жакшы жолго туштук,чын дилден осуп онуголу деп жакшы дем баштап койсо эле жалпы эл ээрчип кеткен турат.Мен Казакстан,Тажикстан,Озбекстанда болдум,Европада дагы болдум бирок пейли кенен,ото жонокой биздин элдей оозун ачса журогу корунгон адамдарды коп кезиктире албадым.Балким миндин бир экоосу болсо болгондур.Пейлибизди онойлучу,ар дайым жашы иштерди кобурок жасайлычы.келечек биздики!!!!!.

кимден: Nurka
31.12.2011 07:10
Roza ejedei kairymduu adamdar koboyo berse dep tileim! Azyr Kyrgyzstanda kyiynchylyk, inflatsia bolup jatkanda biri-biribizdi koldobosok bolboit! Deputattar, ministerler kichine bolso da adamdyk kasiet bardyr silerde dele, kolunardan kelip jatkanda kenedei bolso da jardam kylsanar!!!! Bul kudayima da jakkan ish!!!!

кимден: Austria каяктан: Austria
31.12.2011 04:06
Roza Isakovna siz menen syimyktanabys, öz chöntögünusdön jardam kylganynyska ALLAHym raazy bolsun. Sizge uzun ömür,ishinisge iyigilik, jana üi-bülölük bakyt kaalaibys Jany Jylda!!!! Kyrgyz Elime tynchtyk,tokchuluk,bakubat jashoo kaalaim!!!!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
30.12.2011 20:35
Туура айтасыз Тимур Санкт Петербургдан: кеп берген жардамдын коломундо эмес, кеп - дегеле бергенинде, кайрылышканында, ошого журогу жибип башын бурул, башкаларда конул болгондугундо. Бул адамдык жест, конул буруу. байлык келет кетет. Тыйын берсен да чын дилинден берсен, ошондо аалам кабыл алат. Бул бардык диндерде, бардык адамдык мыйзамдарда адамгерчилик дейт. Азыркы материалдык. кардарлык (consumer society) заманда ушул биздин негизги сапаттарыбызды мокоп калган, маркет экономика системасы жалгыз гана озун гана биринчи кезекте ойлогонго туртуп, жалтылдаган байлыкка буруп койду. материалдык жана рухий нерсенин балансы бузулган, Буткул дуйнодо ушул болуп жатат. Бирок биз жарды деп озубузду эсептесек да Японияга кечээ жер титирегенде кол сундук. Япония ушун коп жерде белгилеп айтты, менин ичим жылыды. Ошон учун, Тимур, туура айтасыз

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
30.12.2011 19:30
Мен тан калам да. келдибеков Алай элине митингге чыкканы учун ар бирине кунуно 2 минден толоду деп айтышат. Ошол акчаны ушул Умар аксакалга берип койсо болот беле? Болмок. Бирок ал муну жасабайт. Анткени Умар аксакал ал учун митингге чыккан жок да. Алдагы парламентте отуруп алып, купулдоп, “элим, жерим” деп кыйкырган депутаттар эмне учун ооз ачпайт? Эмне учун кайрымдуулукка катышпайт? Алардын бир кафеси эле 5000-10 минге чыгат. Бир куну кафеге барбай эле ошол акчаны ушул аксакалга берип койсо, ал муну менен 2 ай жон эле жашамак, уномдоп отуруп. Жок, биздин жепутаттар анте албайт, анткени алар бок курсактар, бир кун учун эле жашайт. Бугунку кун учун жашайт.
Пикирге жооп

кимден: Амбал Камчиев каяктан: Ош
30.12.2011 20:11
Пикиринизге толугу менен кошулам!!!!

кимден: Бурул Усманалиева каяктан: Бишкек
30.12.2011 19:09
Роза айымдын айколдугу! Бул жакшылыгыныз кудайдан сизге 1000 эсе кайтып, озунуздун уй-було жакындарыныз бакубатта болсун. Бул сиздин аялдык, энелик мээриминиз, боорукерлиггиниз! Чынында эле Курманжан Датканын кызысыз!

Бул аке атайы Тажикстандын Мургабынан кочуп келген турбайбы, кыргызга ыктап келип, бул жерде да жашоо оной эмес болуп.... Неберелерине жакшы жардам болуптур! Ал киши абдан толкунданган чыгаар.

Ал акенин ыйлап жибергенин коруп, аябай зээним кейиди. Мен да колумдан келген жардамымды бергим келет. Урматтуу Азаттык, мага да болушуп коесуздарбы бул аксакалдын дарегин? Чакан болсо да, акчадан башка нерсе болсо да, турмуш-тиричилигине керектуу, же балдарына кызыктуу нерселерди берсе жакшы болот эле. Бироого кен дуйно, бироого тар дуйно деп аттин. Азаттык силерге чон алкыш!
Пикирге жооп

кимден: Боорукер
31.12.2011 01:30
Мээримдуу айым, ден соолукта болунуз!
Жаны жылыныз менен! Рахмат сизге.
Мээримдуу адамдар кобойо берсин арабызда.

кимден: Амбал Камчиев каяктан: Ош
30.12.2011 18:32
Роза Исаковна баардык аткаминерлерге, козу тойбой, беш колу менен мамлекеттик казынадан акча уурдагандарга эси-оогуз "УЛГУ" болуп жана аларды аз да болсо бетин кызартканыныз учун мен озумдун жана уй-буломдун атынан терен ыраазычылыгымды билдиреммин!!! Алла таала узун омур берсин сизге!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!

кимден: Токо каяктан: Бишкек
30.12.2011 14:48
http://kg.akipress.org/news:463781 Ар бирибиз ушундай адамдарга, уй-булолорго жардам берсек бул дуйнодо тен салмактуулук сакталаар беле

кимден: Жаныбек каяктан: Бишкек
30.12.2011 14:44
Исаковнага Аллах ыраазы болсун! Башка соз жок. Акипрессте ким жаны жылды кандай тосот деген (11.28 от 30.12.2011 г) рубрикада индейка, бешбармак, чон-чон жаны жылдык подаркалар (биздин элде мындай нерселер жок эле) жонундо соз болуп жатат.Мындай байкуштарды (андайлар миндеп саналат) коргондо индейкалардын, барашкалардын тамактан отушу кыйындайт болду бекен...кызык

кимден: ТИМУР каяктан: САНКТ ПЕТЕРБУРГ
30.12.2011 10:18
Роза эже жакшы иш кылыптыр, бирок сынчыларга айтаарым жардам бергендин коломун сыноо туура эмес колдон келишинче дейт, сен деле колундан келсе тыйын бер кыйналган адамга !
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу