Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Таанышын кулчулукка саткан аял кармалды


Эксперттер сексуалдык кулчулукка кыз-келиндер негизинен Түркия жана Араб өлкөлөрүнө сатылып кетишерин айтышат.
Эксперттер сексуалдык кулчулукка кыз-келиндер негизинен Түркия жана Араб өлкөлөрүнө сатылып кетишерин айтышат.

Ошто өз таанышын Түркияга сексуалдык кулчулукка сатып жиберген аял кармалганын шаардык милициядан билдиришти. Ал таанышын беш миң долларга соодалаган.

Ош шаардык милициясы кабарлагандай, Айнура аттуу аял Гүлнара аттуу келинди үй жумушчусу болосуң деп алдап барып, Түркиянын жаранына беш миң долларга күңдүккө берип салган.

Гүлнара ал жакта үч ай сексуалдык кулчулукта иштөөгө аргасыз болгон. Акыры качып келип, аны алдап саткан таанышынын үстүнөн арыз жазып, шаардык милицияга кайрылган. Бейөкмөт уюмдар болсо мындай фактылар 4-5 жыл ичинде эле 60ка чукулдаганын, алардын көбү көмүскөдө калып жатканын айтууда.

Милиция: Кулчулукка саткан келин кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун маалымдашынча, өз таанышын түркиялык жаранга сатып жиберген аял Кара-Суу районунун Ош шаарына жакын айылдарынын биринен кармалган:

- Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кабыл алуу-бөлүштүрүү жайына 1981-жылы туулган Гүлнара аттуу айым арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында таанышы Айнура аттуу жаран аны алдоо жолу менен Түркияга алып барып, ал жерде беш миң долларга сатып жибергендигин айткан. Арызды текшерип-териштирүү учурунда 1973-жылы туулган Айнура Мамытова аттуу жаран кармалды. Аны жабырлануучу өзү да тааныган.

Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Адам сатуу кылмышына айыпталып кармалган 41 жаштагы Айнура Мамытова Ош шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалган:

- Алгачкы иликтөө иштери көрсөткөндөй, бул аялды Айнура Мамытова “идиш жуугуч болуп иштесең болот, карыган аялдарды багасың” деп алып барган. Анан ал жерде Мустафа деп аталган, азырынча өздүгү тактала элек жаранга сатып жибергендиги дайын болду. Гүлнара аттуу кыз ал жерде үч айдан ашуун убакыт сексуалдык кулчулукта болуп, “беш миң долларды кайтарып беришиң керек” деген экен, анан 3 миң доллардай акчасын кайтарып берген. Кийинчерээк өзү менен жакшы мамиледе болуп жүргөн башка бир түрк жаранынын жардамы менен Кыргызстанга качып келген.

Кулчулукка кабылган Гүлнара жана камакта отурган Айнура Мамытова менен маектешүүгө мүмкүн болгон жок.

Кантсе да милиция бул адам сатуу фактысын Ош шаарында акыркы 11 ай ичиндеги биринчи окуя катары кабарлоодо. Бирок бейөкмөт уюмдар аялдарды кулчулукка саткан фактылар соңку 4-5 жылдын ичинде эле Ошто 60ка чукулдаганын айтышууда.

"Тузакка түшүргөндөр да, түшкөндөр да өзүбүз"

Ош шаарындагы “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова да так ушундай кыздардын укугун коргоо жаатында иш алып барып келет:

- Өзүбүздүн эле кыз-келиндерди өзүбүздүн эле аялдар азгырып, алдап алып кетип жатышат. Араб Эмираттарына, Түркияга алданып барып калган 58 кыздын укугун коргоп, аларды психологиялык жактан өзүнө келтирүү боюнча иштедим. Ал кыздарды Араб Эмиратындагы бай кишилер 2 миң доллардан 40 миң долларга чейин сатып алышкан фактылар бар. Булардын арасында 15-16 жаштагы кыздардан баштап, 28 жашка чейинкилер кезигет. Бул соңку беш жыл аралыгындагы эле фактылар. Ошондо да милиция алып чыккан, же коопсуздук кызматтары аныктаган фактылар айсбергдин үстү гана. А негизи фактылар аябай көп.

Асылбекованын айтымында, кыз-келиндер сексуалдык кулчулукка негизинен Түркия жана Араб өлкөлөрүнө сатылып кетишет. Алардын себептери да түрдүүчө:

- “Где меня нет, там хорошо” деген орустардын макалы бар, биздин кыздар так ошондой болуп жатышат. Чет өлкөгө барышса эле, өтө жакшы жашоого туш болобуз деген түшүнүк бар. Экинчиден, айылдабы, шаардабы кыздардын баары укуктук, маалыматтык жактан абдан сабатсыз. “Кулчулук, сексуалдык күң кылып сатып жиберет” дегенди өмүрү укпаган, билбеген кыздар бар. Үчүнчүсү - жокчулук. Жарандардын социалдык абалынын начардыгынан акчага азгырылып кетип жатышат.

Ферузанын окуясы

Буга чейин Түркияга алданып барып, сексуалдык эксплуатацияга кабылып калган Феруза да мындан жарым жылча мурда тааныштарынын жардамы менен качып келген. Ал дагы бул кесепеттин себебин өзүнүн укуктук жактан сабатсыздыгынан көрөт:

- Алысыраак тааныш кызым “кафеде иштейсиң” деп алып барган. Бирок алып барып, бизди түз эле сатып жиберди. Стамбулда аэропорттон түшөрүбүз менен эле каттоого деп, паспортторубузду алып кетишкен. Бир үйгө алып барышканда, ал жерден кыздардын косметикаларын, тамекилердин чачылып жатканын көрдүм. Анан «чынын айтчы, эмне иш кылабыз?» десем, «сойкулук менен алектенесиң» деди. Мен ызы-чуу кылып кетем десем, сабап салышты. «Иштебесең өлтүрүп коёбуз» деди. Айла жок иштөөгө туура келди. 4-5 айдан кийин араң качып келдим. Менимче бул жерде менин ишенчээктигим жана укугумду билбестигим себеп болду.

Эл аралык миграция уюмунун Оштогу өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, акыркы 9 ай ичинде 92 кыргызстандык кулчулук чеңгелинен куткарылган. Уюм кабарлагандай, кыргызстандыктар үчүн кулчулук тузагы катары Орусия, Казакстан, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары жана Кыргызстан өзү эсептелет. Соңку 92 адамдын 69у Орусиядан, 18и Казакстандан, экөө Түркиядан, дагы үчөө Кыргызстандын өзүнөн табылган.

Бул уюмдун акыркы 12 жылдык отчетуна үңүлсөк, 814 адам Казакстандан, 516 адам Орусиядан, 131 адам Түркиядан, 76 адам Бириккен Араб Эмираттардан алынып келинген.

Эл аралык миграция уюмунун отчетуна караганда, кулчулукка кабылгандардын саны жыныстык жактан көп деле айырмаланбайт. Маселен, акыркы 12 жылда аныкталган маалымат боюнча кулчулук курмандыгы болгон кыргызстандыктардын 900 эркектер болсо, 854ү аялдар. Анын ичинен 18 жашка чейинкилери 66 адамды түзгөн.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG