Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Ошто көпүрө курулушу башталды


Ош, көпүрө курула турган жердин орду. 22-февраль, 2014-жыл.
Ош, көпүрө курула турган жердин орду. 22-февраль, 2014-жыл.

Ош шаарындагы Алишер Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөнүн курулушу жанданды. Шаар бийликтери 450 млн. сомдук долбоор сунуштап, көпүрө бир жыл ичинде бүтөрүн убада кылууда.

Шаар жетекчилеринин айтымында, кошумча жолдор менен курулуш жалпы 650 млн. сомго бүткөнү турат. Шаардык кеңештеги азчылык коалиция болсо, “Бул сумма мурдагы долбоордон эч айырмасы жок, андай болгондон кийин ишти ушунча создуктуруунун кажети бар беле?” деген пикирде.

Өткөн жылдын октябрь айында капсуласы салынган курулуш, 7 ай өткөндөн кийин гана кайрадан жанданды. Мурдагы долбоор мыйзамсыз деп табылганы, Ош шаардык мэриясы менен Шаардык кеңеш бир нече жолу кеңешип атып акыры бир чечимге келди.

Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев жаңы долбоор боюнча көпүрө бир жыл ичинде бүтүшү керек деди:

- Биз бул көпүрөнү курууда өзүбүз эле чечим кабыл албастан, Шаардык кеңеш менен кеңештик. Депутаттар менен биргеликте өкмөткө сунуштап, талкууладык. Мына Жогорку Кеңештен фракциянын жетекчилери бир нече жолу келип, ушул жерде көчө жыйындарын өткөрүп кетишти. Соңунда 4 варианттын ичинен ушул вариант тандалып алынды. Мунун узундугу 253 метр болот. Эсептөөлөргө караганда, кудай буюрса эмдиги жылы, апрель, ашып кетсе, май айларына барып көпүрө иштетүүгө берилет.

Сунушталып жаткан долбоор негизи жаңы деле эмес, башкача айтканда, мурдагы мэр Мелис Мырзакматов сунуштаган долбоордун кичирейтилгендегиси. Ал долбоордон көпүрө астындагы жөө өтүүчү тоннел жана үч тирөөч алынып салынган. Кадырбаевдин айтымында, бул бир канча сумманы сарамжалдоого жардам берет.

- Бул көпүрөнүн баасы 450 млн. сомдун тегерегинде болот. Кошумча, айланасындагы жолдордун курулушу менен жалпы 600-650 млн. сомго барат. А мурдагы, алгачкы сунушталган долбоор боюнча ушу кошумча жолдору, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жумуштары менен баарын эске алганда 800-850 млн. сомду түзгөн. Демек, биз 200 млн. сомду экономдодук, - деди Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев.

Кадырбаев, буга чейин да мурдагы сунушталган долбоор кымбат экенин айтып, ага каражат табуу оор экендигин белгилеп келчү. Маалым болгондой, Шаардык кеңеш жыл башында курулушка деп 60 млн. сомдой каражат бекитип берген. "Калган сумма келерки жылкы Шаардык бюджеттен жана мамлекеттик бюджеттен табылат" деп убада кылды шаар мэри.

Бирок Ош шаардык кеңешинин азчылык коалициясы жаңы кабыл алынган долбоордун суммасы мурдагыдан көп деле өзгөчө эместигин айтууда. “Улуттар биримдиги” фракциясынын жетекчиси Рысбек Мирзаматов мындай деди:

- Эстакада көпүрөнүн жаңы долбоору деле ошол мурдагы долбоордогудай эле сумма. Мэр айтып атпайбы, “мурдагы көпүрө 800 млн. эле, азыр 600гө курганы жатабыз” деп. Эми мурдагы долбоор менен азыркысын салыштырып көрсө эле кандай экени чыгат. Бирок биз канткен күндө да бул көпүрөнүн курулушун колдойбуз. Анткени анын демилгеси, идеясы биздин “Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматовго тиешелүү жана ал мэр болуп турган мезгилде башталган. Башталган көпүрө бүтүшү керек. Көпүрөнүн бүткөнү - ар бир шаардыктын утушу.
Ош: эстакада көпүрөнүн курулушу башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00


Учурда Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөнү куруунун биринчи этабы - жердин астындагы жана үстүндөгү коммуникацияларды, түтүктөрдү алмаштыруу иши башталды. Аны жоопкерчилиги чектелген «Сафари» компаниясы жасоодо. Алар жалпы 90 күн ичинде курулушка берилген жерди ырастап бүтүшү керек. Андан кийин көпүрөнүн өзү тургузулат. Бийликтер бул үчүн өзүнчө тендер өтөрүн айтышат. Үчүнчү этапта көпүрөгө кошумча жолдорду куруу иши башталат. Ага да тендер өткөрүлсө, демек жалпы иш 3 компаниянын колунан өтөт. Бул процесс айрымдарды кабатырга салууда:

- Ар бир этапка бирден тендер өткөрүп, 3 компания ишти бүтүрөт экен. Тендер канчалык деңгээлде ачык өтөт, ал башка маселе. Мени ойлондурганы, эртең көпүрө бүткөндөн кийин анын сапатына ким жооп берет? Кудай сактасын, көпүрөдөн жарака кетсе, же бузулуп калса, же көчүп түшсө, 3 компаниянын кимиси жоопкерчиликти өзүнө алат? Кийин бири-бирине шылтап, мында менин күнөөм жок, муну тиги кылган деп турса кандай кылабыз. Менимче, ушул жагын мэриядагылар дыкат караштырса. Биринчиден, сапаттуу жасай турган компанияга курулушту берсе, экинчиден, курулуш учурунда көзөмөл кылса, үчүнчүдөн, көпүрө бүткөндөн кийин аны жакшы текшерип туруп анан кабыл алышса. Анткени азыр билебиз го, көп эле фирмалар курулуштан кийин ага жооп бербей атышат. Ошол эле Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы курган үйлөр бүткөндөн кийин жарака кетип, бирок аны курган фирмалар жооп бербей качып жүрүшөт, - деди Оштун жашоочусу Бекмамат Абдумалик уулу.

Эстакада көпүрөнүн мурдагы долбоору боюнча шаардык прокуратура 2 кылмыш ишин козгогон.

Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөнүн курулушу өткөн жылы 5-октябрда, шаар күнүндө башталган. Аны ошо кездеги шаар мэри Мелис Мырзакматов “Кылым курулушу” деп атаган эле. Ошондон бери жолдун эки тарабы тең жабылып, каттамдар, унаалар айланып каттап келет. Курулуш кытайлык ишкерлерге тапшырылып, кийин ал мамлекеттик экспертизадан өтпөй калган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG