Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Ош: көпүрө үчүн үч кызматкер садага чабылдыбы?


Ош, көпүрө курулушу. 10-март, 2014-жыл.
Ош, көпүрө курулушу. 10-март, 2014-жыл.

Башкы прокуратура 8-августта Оштогу көпүрө курулушу боюнча кылмыш иши Ош шаардык сотуна өткөрүлгөнүн кабарлады.

Башкы прокуратура Ош шаардык мэриясынын үч кызматкерине “кызмат абалынан аша чапкан”, “мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишим түзгөн” жана “мыйзамсыз тендер өткөргөн” деген айып тагууда. Бирок көпүрө курулушу боюнча айыпталып жаткан тарап ал күнөөлөрдүн негизсиз экенин айтууда.

Башкы прокуратура азырынча айыпталуучулардын ысымдарынын баш тамгасын гана коомчулукка жарыялаган. Бирок ээлеген кызматтары так көрсөтүлгөндүктөн айыпталгандар: Ош шаардык мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн мурунку башчысы Чыныбек Тойчуев, Ош шаардык жол курулуш башкармалыгынын азыркы жетекчиси Сатыбалды Абдылдакунов жана анын орун басары Равшан Дарыбеков экени түшүнүктүү.

Башкы прокуратура мэриянын бул кызматкерлери мамлекетке 17 млн. сом зыян келтирген деп айыптоодо. Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү Уктамжон Мирзакантов айыпталуучулардын далилдүү күнөөлөрү бар деди:

- Тергөө амалдарынын жүрүшүндө булардын күнөөлөрүнө толук далилдер табылган. Тергөө учурунда алар өздөрү дагы көрсөтмө берген. Бул кызматкерлер тендер бүткөндөн кийин лицензиясы жок кытай компаниясы утту деп өздөрү протокол түзүп, тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн ар биринин иштеген жерине барып, аларды ишендирип, протоколго кол койдурушкан. Ошон үчүн буга катышы барлар жоопко тартылган.

Бирок айыпталып жаткан тарап өздөрүнө тагылып жаткан күнөөлөр негизсиз экенин айтышууда. Алсак, Ош шаардык мэриясынын Экономика бөлүмүнүн мурунку башчысы Чыныбек Тойчуев тергөө учурунда ага тагылган айыптарды мойнуна алган эмес. Тескерисинче, мэриянын жаӊы курамы тарабынан көпүрө курулушуна жарыяланган соӊку тендерди мыйзамсыз жана мэрия жетекчилиги алмашпаганда ушул убакка чейин көпүрөнүн негизги бөлүгү аяктап калмак деп эсептейт. Тендерди мыйзамсыз өткөргөн деп айыпталып жаткан Ош шаардык жол курулуш башкармалыгынын башчысы Сатыбалды Абдылдакуновдун ооруп жатканы айтылууда. Айыпталуучулардын адвокаты Сапар Шакенов алардын ак жерден күнөөлөп жатканын айтып, сотко даярданып жатканын билдирди:

- Азырынча иш сотко өтө элек. Буларга тагылып жаткан айыптардын жөндүү-жөнсүз экени сотто чечилет. Биз ага даярданып жатабыз.

Курулушка уруксат берилген, берилбеген деген маселе да буга чейин талаш болуп келген. Ош шаардык жол башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Абдылдакунов буга чейин “Азаттыкка” берген маегинде көпүрөнүн курулушунда мыйзам бузуу жок экенин айткан эле:

- Негизи көпүрөнүн курулушу 3 этапка бөлүнгөн. Биринчи этабы - жер алдындагы коммуникациялык каражаттарды, түтүктөрдү алмаштыруу, алдын көтөрүү, ошо жерди даярдоо. Ал боюнча шаардык архитектура уруксат берген. Экинчи этабы - көпүрөнүн курулушу. Ага жанагы талаш маселелер бүтсө, уруксат берилмек. Үчүнчү этап - көпүрө бүткөндөн кийин кошумча жолдорду салып, башка жолдор менен туташтыруу болчу. Ага али жете элекпиз. Азыр иш биринчи этапта гана турат. Негизи долбоор түзгөндөр бул боюнча өтө чоң иликтөөлөрдү жүргүзүшкөн. Көпүрөнү мындан башкача кылып курууга болбойт эле. Биз муну акча табылып калат деген илгери үмүт менен баштаганбыз. Көпүрөнүн курулушунда, анын долбоорунда эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес.

Көпүрө курулушу Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун аты менен түздөн түз байланыштуу. Коомчулукта көпүрө курулушунун кечеӊдеши жана анын айланасындагы териштирүүлөрдү Мелис Мырзакматовду куугунтуктоо деп баалагандар арбын. Ошол эле учурда бул иштин артында үлкөн чиновниктер турганын жана алар жазадан тыш калганын да айткандар жок эмес.

Эстакада көпүрөнүн орду. Көпүрө курулушу Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун тушунда башталган.

Саясий талдоочу Төлөгөн Келдибаев көпүрө боюнча сот саясатташып кетти, эми бул иш эч качан аягына чыкпайт деген пикирде:

- Кыргызстанда тендер таза өтпөйт. Чоӊ эшалондогу чиновниктердин “10 пайыз”, “5 пайыз” деген каймана аттары бекеринен чыккан эмес. Ал эми көпүрө курулушу боюнча сотко өткөн кылмыш иши мурунку мэр Мелис Мырзакматовдун саясий ишмердүүлүгү менен байланыштуу десек болот. Ошол тендердик комиссиянын башка мүчөлөрүнө кылмыш ишинин козголбогону тергөөнүн таза эместигинен кабар берет. Анткени комиссиянын төрагасы деле бир добушка ээ. Эгерде комиссиянын башка мүчөлөрү макул болбосо, тендер өтмөк эмес. Эки дөө кагышса, ортодо чымын өлөт болуп жөнөкөй кызматкерлер садага чабылып жатат.

Учурда мамлекетти 17 млн. сом зыянга учуратты деп айыпталып жаткандарга карата лицензиясы жок кытай компаниясына артыкчылык берген деген күнөөлөр коюлууда. Бирок мэрия кызматкерлери ал компания эл аралык лицензияга ээ экенин жүйө кармашууда. Башкы прокуратура болсо Кытай менен Кыргызстан ортосунда эл аралык лицензияны таануу тууралуу эч кандай макулдашуу жок экенин маалымдоодо.

Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөнүн курулушу өткөн жылы октябрда башталган. Аны ошо кездеги шаар мэри Мелис Мырзакматов “Кылым курулушу” деп атап, 800 миллион сом керектелери айтылган. Бирок Мырзакматов кызматтан кеткен соң долбоор кайрадан каралып чыгып, көпүрөнүн курулушу 699 миллион сомго бааланып, иш башталганы айтылган. Азыркы учурда көпүрө курулушунда олуттуу жылыш байкала элек.

XS
SM
MD
LG