Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

"Таблиги жамааттын" ишмердүүлүгү канчалык кооптуу?


Ошто "Таблиги жамаат" диний кыймылынын иш аракеттери кооптонууну жаратууда. Уюмдун мүчөлөрү даават жолу менен калк арасында салттуу эмес ислам динин жайылтып, шайлоо алдында саясий иштерге аралашышы мүмкүн. Бул тууралуу Дин иштери боюнча комиссия билдирди.

Күч органдары "Таблиги жамаат" Кыргызстанда диний-экстремисттик кыймыл катары каттоого алынбаганын айтып, алардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынбаганын билдирүүдө.

Өкмөттүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк боюнча өкүлү Курбаналы Узаковдун “Азаттыкка” белгилешинче, "Таблиги жамаат" диний кыймылынын иш аракеттери шайлоону утурлай күч алды:

Курбаналы Узаков
Курбаналы Узаков
- “Таблиги жамаат” кыймылы Кыргызстанда өтө активдешкени байкалды. Көбүнчө 20-25 курактагы жаштардан туруп, ар кандай иштерди алып барып атышат. Булар биздин өлкөнү бөлүп-жарууга аракет кылып, максаты саясатка аралашат деген түкшүмөлдөр бар. Алар элге салттуу исламды жеткирбестен, Пакистан мамлекетинин диний идеологиясын сиңирип жатат.

Узаковдун белгилешинче, диний кыймылдын өзөгү Пакистан жана Индия мамлекеттеринде турат.

Уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынбагандыктан Кыргызстанда эле анын мүчөлөрүнүн саны 12 миңге жеткен. “Ошол эле кезде «Таблиги жамаат» коңшу өлкөлөрдө эчак эле экстремисттик уюм катары кабылданат”, - деди Узаков:

- Бул уюмга ушул кезге чейин тыюу салынган эмес. Ошол себептен булар каалаганындай иш жүргүзүп жатат. Болбосо Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Орусия “Таблиги жамаатка” качан эле тыюу салган. Башка экстремисттик уюмдар катары гана эсептелет.

Ниязалы ажы Арипов
Ниязалы ажы Арипов
​Ал эми мусулман дин башкармалыгы «Таблиги жамаат» кыймылынан кооптонууга негиз жоктугун айтууда. Ош облусунун казысы Ниязалы ажы Арипов уюмдун иш аракеттери муфтияттын жана казыяттардын көзөмөлүндө экендигин белгилейт:

- «Таблиги жамаат» толугу менен чектен чыгып кетти деп айта албайм. Аны экстремисттик деп атоого тийиштүү далилдерди, фактыларды келтирүү керек. Ошондон кийин гана бир жактуу айтса болот. Негизи ал уюмдун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү муфтияттын, аймактарда болсо казыяттардын көзөмөлүндө болот. Алар даават бөлүмү менен бирге дин башкармалык түзүп чыккан иш-жоболордун негизинде иштеп атышат.

“Таблиги жамаат” кыймылы иш аракетин негизинен даават менен жүргүзөт. Атайын тыюу жок болгондуктан күч органдары да алардын аракеттерине кийлигише албайт. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн башчысы Жакып Зулпуев буларды айтты:

Жакып Зупуев
Жакып Зупуев
- “Таблиги жамаат” кыймылы сыяктуу агымдар, жаңы түзүлгөн диний уюмдар азыр өтө эле көп. Бирок аларды экстремисттик уюм деп атап, тыюу салганда гана биз алардын ишине катуу чараларды көрө алабыз. Каттоого турбаса алардын өкүлдөрү жүргүзгөн жерлерге жөн гана катышып, жалпы эле иш жасалат.

Маалым болгондой, Кыргызстандын аймагында тыюу салынган 9 диний экстремисттик кыймыл бар. Алар – “Хизб ут-Тахрир” уюму, “Түркистанды бошотуу кыймылы”, “Чыгыш Түркистан Ислам партиясы”, “Түркистан Ислам Кыймылы”, “Өзбекстан Ислам Кыймылы”, “ал-Кайида” уюму, “Талибан” кыймылы, “Күрдистан Элдик Конгресси” жана “Жихад топтору”. Бирок өлкөдө негизинен “Хизб ут-Тахрир” уюмунун иш аракеттери активдүү экендиги айтылып келет.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG