Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Ош: бир аптада табышмактуу үч өлүм...


Бир апта ичинде удаа-удаа катталган өлүмдөрдүн себеби жакындарына сыр бойдон калды.
Бир апта ичинде удаа-удаа катталган өлүмдөрдүн себеби жакындарына сыр бойдон калды.

Акыркы бир апта ичинде Ош облусунда эки окуучу жана бир студент өз өмүрүнө кол салып, жарык менен коштошту.

Кара-Суу районунда 6-класстын окуучусу үйдүн чатырында, 11-класстын окуучусу өз үйүнүн балконунда, ал эми 22 жаштагы келин жууна турган бөлмөдө асынып алган.

Бир апта ичинде удаа-удаа катталган өлүмдөрдүн себеби жакындарына сыр бойдон калды. Укук коргоочулар бул окуяны мектеп рекетчилигинин күчөгөнүнөн, ата-энелердин кайдыгерлигинен жана миграция таасиринен көрүшүүдө.

Балкондо асынып алган 11-класстын окуучусун жоктогон агасы бир тууганынын эмнеге бул кадамга барганын билбей, каңырыгы түтөп отурат. Окуя 22-мартта болгон. Маркумдун агасы иниси үйдө эч ким жок кезде өзүнө кол салганын айтууда. Жанын кыйган өспүрүм туугандарын жакшы көрөрүн, эч кимге капачылыгы жоктугун куш тилиндей катка жазган экен. Өз жанын кыйган окуучу беш убак намаз окуп, келечекте медреседен билим алууга ниеттенип жүргөнүн да айтышты.

- Үкөм алтын эле, беш убак намаз окучу. "Ата-апа мен сиздерди жакшы көрөм. Мага капа болбогула. Буга эч кимдин күнөөсү жок" деп кат жазып коюптур, - дейт агасы.

Мындан төрт күн мурда 6-класстын окуучусунун өлүмү Кара-Суу районунда катталган. Өз үйүнүн чатырында асынган окуучу оорукчан чоң атасы менен бирге турчу. Ата-энеси ажырашып, апасы Түркияда, атасы Москвада жашап жүргөн. Милициянын маалыматына караганда, балага үйдө зомбулук болгон эмес. Бирок эмнеден өлгөнү жашыруун бойдон кала берген.

Ал эми Нооруз майрамынын эртеси 19 жаштагы кыздын сөөгү жуунуучу бөлмөдөн табылган. Азырынча кыздын өлүмүнүн себебин апасы менен болгон чатакка байлашууда.

Балдардын укугун коргоо лигасынын мүдүрү Назгүл Турдубекова жаштардын өзүнө өзү кол салуусуна таасир эткен бир нече себептер бар экенин айтууда.

- Окуучулар арасындагы суицидге үй-бүлөдөгү абал, мектеп рекетчилиги жана ата-энелер арасындагы миграция таасир этет деп ойлойбуз. Учурда мектеп рекетчилиги күч алды. Мисалы, мурда мектептеги “рекеттердин” салыгы 20-50-100 сом болсо, азыр миң сомдон ашып кетти. Анан ата-энесинин миграцияда жүрүп балдарына убакыт бөлө албагандыгы да себеп болот. Анткени бала өз көйгөйү менен күрөшкөнгө өзү жалгыз калууда.

"Ата-апа мен сиздерди жакшы көрөм. Мага капа болбогула. Буга эч кимдин күнөөсү жок" деп кат жазып коюптур.

Ал эми жергиликтүү билим берүү башкармалыгы балдар арасындагы суицидге бир беткей мектептерди күнөөлөгөн туура эмес дешет. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов көп учурда ата-энелер мугалимдер менен бирге иштешүүдөн качарын айтты:

- Социалдык педагог окуучунун үйүнө барса, ата-энелер эшигин ачпайт. "Силер мектептеги ишиңерди бүтүрүп алгыла, үйгө келгенге эмне түрткү болду?" дегендер да бар. Мындай учурда ата-эне менен мугалимдин ортосундагы байланыш үзүлөт. Ал үзүлгөндө тарбиялоо процесси аксайт. Мектептерде иш жүрүп атат. Ай сайын соцпедагогдор арасында жыйындар, жаңы методикалар тууралуу талкуу, семинар-тренингдер уюштурулуп жатат. Бирок социалдык педагогдун аракети баланы өлүмдөн сактап калышына кепил боло албайт.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда 2013-жылы 127 бала, өткөн 2014-жылы 106 бала өз жанын кыйган. Быйыл үч ай ичинде эле бул кадамга баргандардын саны 23кө жетти.

XS
SM
MD
LG