Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:01

Ошто өз жанын кыйгандар көбөйдү


Ош шаарында өз жанын кыюу фактылары эки жыл мурункуга салыштырмалуу төрт эсе өсүп кетти.

Шаар милициясы соңку учурда мындай фактылар эки-үч күндө бир кайталанып, бул кадамга өспүрүм курактагылардан тарта пенсионерлерге чейин барып жатканын маалымдады. Адистер мунун себебин өлкөдөгү саясий-экономикалык абалдын олку-солкулугу жана июнь калабасынын кесепеттеринен көрүп жатышат. Аймакта психолог адистердин жардамына муктаждык сезилет.

24-апрель күнү Ош шаарында 14 жаштагы секелек кыз төртүнчү кабаттан боюн таштап жиберди. Бактыга жараша кыз тирүү калды, бирок ден соолугуна залал келип, шаардык ооруканада дарыланууда.

Өз жанын кыюуга аракет жасагандардын дагы бири - Анар кичи районунун тургуну. Атын атагысы келбеген бул айым бир эмес, эки жолу асынып, өз жанын кыюуга далалаттанган. Бирок туугандары жанын аман сактап калышкан:

“Жашоо меники, кааласам жашайм, кааласам жашабайм. Мага тынчсызданбай эле койгула...”, - деп жакындарынын кеңешине кулак салбай жаткан 25 жаштагы бул замандашыбыздын жашоодон аша кечүү аракетине туугандары түшүнүшпөйт. Жеңесинин айтымында, дагы асынып албасын деп күнү-түнү анын артынан калышпайт экен:

“Кандай маселеси бар билбейм, биз дагы эле түшүнбөй турабыз. Бир айда эки жолу ушундай аракет жасады. Үй-бүлөсү бар, жолдошу да жакшы бала. Мурда шайыр эле кыз болчу. Көйгөйүн эч кимге айтпайт. Психологго да алып бардык. Бирок өзгөрүү болбой жатат”.

Шариятка жат көрүнүш

Ош шаарында мындай көрүнүштөр аз эмес экенин милиция маалыматы тастыктайт. Шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, соңку эки жылда өз жанын кыюу фактылары кескин өскөн:

- 2010-жылдын биринчи кварталында өзүн өзү өлтүрүү боюнча 15 факты катталса, 2011-жылы төрт эсе өсүп, 60ка жеткен. Быйылкы абал да көңүл жылытпайт, дээрлик эки-үч күндө бир кайталанууда. Же асынып алат, же уксус, дары-дармек ичип өлгүсү келет. Натыйжада айрымдары майып болуп, көпчүлүгү каза табат.

Замир Сыдыков
Замир Сыдыков
Шаар милициясы түшүндүрүү иштерин жүргүзсө деп диний жана коомдук уюмдарды чакырууда. Облус казысы Ниязалы Арипов дин кызматкерлери өз жанына кастык кылуу шариятка жат көрүнүш деп, эл арасында такай дарс окуларын, бирок андан майнап чыкпай жатканын билдирди:

- Дин кызматкерлери, имамдар өз жанына кас кылууга ар бир дин тыюу салаарын жеткирип жатышат. Бирок натыйжа күтүлгөндөй эмес. Бул социалдык жетишсиздик, турмуштук көйгөй жана таалим-тарбиянын аздыгынан болушу мүмкүн.

Өзүн өзү өлтүрүү фактылары бир нече жыл мурда жаштар арасында көбүрөөк кезигип, буга негизинен өспүрүмдөрдүн ата-энелери жана туугандары менен тил табыша албай калышы, сүйгөнү менен араздашуу жана көпчүлүктүн көзүнчө ыза болуу сыяктуу факторлор негиз болгон.

Коогалаң калтырган жара

Соңку жылдары өз жанын кыйгандардын катарын улуу муундун өкүлдөрү толуктоодо. Андайлар көбүнчө банктан насыя алып, төлөй албай калгандар. Психолог Гүлипа Борбиеванын айтымында, экономикалык билимдин тайкылыгы, тобокелдик менен насыя алуунун арты ушундай кесепеттерге алып барат:

- Калк арасында банктан алынган насыяны максаттуу пайдалана албай калса, анын кийинки зыяндарын түшүнбөгөндөр көп. Насыя алуунун толук механизмин түшүнсө, адамдар албайт болчу. Түшүнбөй алып алат да, үйүнөн же мал-жанынан ажырап калса, көтөрө албай, айрымдары жанын кыят.

Гүлипа Борбиева
Гүлипа Борбиева
Адис кошумчалагандай, көбүнчө сезимтал кишилер жашоодон аша кечишет экен. Алар өзгөрүүлөрдү, кыйынчылыктарды көтөрө албай, андан кутулуунун оңой жолун издешет.

Ош жергесинде өз жанын кыюунун саны 2010-жылдан кийин өсүп жатканына июнь калабасынын кесепеттери да таасир эткен болушу мүмкүн дейт Борбиева:

- Ош окуясынын кийинки стресстик абалдын таасири, кимдир бирөөгө карата жинденүүлөр азыркыга чейин сакталып жатат. Реабилитациялык иш-чаралардын жоктугу да өз жанын кыюу аракеттерине таасир этет.

Жашоодон аша кечүүгө социалдык-экономикалык көйгөйлөр жана аягы басылбаган толкундоолор менен чыр-чатактар да таасир эте баштаганын жакында өзүн өрттөө окуясы тастыктагандай. 15-апрель күнү Алай районунун 65 жаштагы тургуну Каныбек Сейитбеков өлкөдө болуп жаткан митинг-пикеттерден тажаганын айтып, Оштогу борбордук аянтты өзүн өрттөп жиберген.
XS
SM
MD
LG