Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

Ажал менен кармашкан махабат


Исманали Муратов жана Мехригүл Саитова.
Исманали Муратов жана Мехригүл Саитова.

Ош шаарында дарыгерлердин кайдыгерлигинен 25 жаштагы келин түбөлүккө эне болуу укугунан ажырады. Шаар тургуну Мехригүл Саитова боюна бүткөнүнө алты ай болгондо ооруп калып, эгиз уулун жоготту.

Дары менен төрөгөн жаш эне, андан ары эки жолу операция болуп, жатынын алдырууга аргасыз болгон. Ал аз келгенсип Мехригүлдүн эки кулагы да таптакыр укпай калган. Жаш үй-бүлө өкүлдөрү мунун баарына Саитованы боюнда бар кезде караган дарыгерди күнөөлөшүүдө.

Ал эми медицина кызматкерлери болсо бул айыптоолорду четке кагууда. Кантсе да бул Муратовдордун үй-бүлөсүндөгү жалгыз көйгөй эмес. Мехригүлдүн күйөөсү Исманали Муратов да бир нече жылдан бери боору жарактан чыгып, азыр чала жан. Эми бул азап аларга үстөккө-босток болгон сыяктуу.

3 кг. алма баяны

25 жашка эми эле толгон Мехригүл Саитова боюнда болоору менен эле Ош шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 5-филиалына каттоого турган. Алгач анализдери жакшы эле чыгып жатып, кийин буту-башы шишип кеткен. Маселенин баары ошондон кийин гана ачыктала баштайт. Мехригүлдүн жолдошу Исманали Муратов мындай дейт:

- Жубайым кош кат мезгилинин алгачкы эки айында жакшынакай эле УЗИге түшүп, башка анализдерин тапшырып жүргөн. Көрсө, ошондо эле жыйынтыктары начар экен. Биз карапайым адам аны каяктан билмек элек. Ал эми анын дарыгери Минавар Арзыева болсо көңүлкош мамиле жасап, “сенде баары жакшы, ойлонбой бара бер” деп жүрө берген. Бир жолу УЗИден баланы текшертсе эгиз экен. Бирок УЗИнин адистери эгиздердин бири анча чоңойбой калыптыр деп айтат. Анан аялым дарыгерине келип, ушундай болуп жатат десе, врач Арзыева “эгиз баланын бири сөзсүз кичине болот да, сен кайдан көрдүң экөө тең болгонун” деп кайра аялымды урушуп коюптур. Көрсө, ошондо эле проблема башталган экен.

Ошентип Саитованын абалы күндөн-күнгө оорлой баштайт. Алар аталган эмканага кайрадан баш багышат. Дарыгер Арзыева болсо Мехригүлгө “алма же” деп гана кеңеш айтып, узатып коюптур. Исманали Муратов:

- Ошентип жүрүп аялым алты айдан өтүп калган кезде поликлиникага дагы барган. Барса дарыгери аялыма “эрте мененки сегизден кечки сегизге чейин 3 кг. алма жеп тур, же болбосо 1 кг. творог жегин да, кайра келгин” деп жөнөтүп жиберет. Бул 30-октябрь, жума күнү болчу. Бирок ушундан кийин эле Мехригүл таптакыр кыйналып, оорусу күчөп кетти. Анан ишемби-жекшемби эптеп чыдадык да, дүйшөмбү күнү кайра ошол №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 5-филиалына бардык. Барсак жанагы Арзыева деген дарыгер иш ордунда жок экен, анын жанындагы кесиптеши карай турган болду. Ал бир сыйра текшерип эле, “Эмне үчүн мынчалык оор абалда сен жайма-жай жүрөсүң, тез дарыланышың керек, дароо төрөтканага жөнөгүлө” деди. Машинем менен алып барайын десем, “болбойт” деп, тез жардам чакырып, Ош шаардык төрөтканасына алып кетишти.

Жаш жубайлар быйыл мартта баш кошушкан.
Жаш жубайлар быйыл мартта баш кошушкан.

​Бирок төрөтканага келишкенде алар кечигип калышкан экен. Ош шаардык төрөтканасынын дарыгерлери да Мехригүлдүн абалы өтө оор экенин жана аны операция кылуу зарылдыгын белгилешет. Исманали ошол күндү минтип эскерет:

- Алар дагы “ эмнеге эртерээк келген жоксуңар, эмнеге дарыланган жоксуңар” дешти. “Биз билген жокпуз, бизге эмканадан дарыгерлер айткан жок” десек, “Мехригүлдүн абалы өтө оорлоп кетиптир, балдарды боюнан алып салыш керек, болбосо эненин өзүнүн өмүрүнө коркунуч келет” дешти. Жок дегенде эки-үч апта чыдасак, 7 айлык кылып төрөсө, балдар адам болуп кетеби деп, биз кыйла талаштык. Бирок аялымдын абалы саат сайын оорлоп бараткан экен. Анан акыры ары-бери ойлонуп көрүшүп, операция менен эмес, дары берип атып Мехригүлдү өз алдынча төрөтүштү. Балдар ыйлап, бир жакшына эле төрөлдү. УЗИде айткандай эле эгиз экен, экөө тең уул экен. Бирок сегиз-тогуз саат жашагандан кийин экөө тең чарчап калды, экөөн тең ажал алып кетти.

Бир бөлмөдөгү WhatsApp

Бирок маселе муну менен эле бүтүп калбайт. Дары менен төрөгөн Мехригүл Саитованын абалы андан ары оорлоп, дарыгерлер ага дагы эки жолу операция кылышат. Алар заара түтүгүн жаап калганы үчүн натыйжада Мехригүлдүн жатынын биротоло алып салууга аргасыз болушат. Өтө көп кан кеткендиктен ага 60тай адамдын донордук каны куюлган. Дарылар да өтө кымбат болгондуктан жаш үй-бүлө колунда бар буюм-тайым, машинесин сатып, туугандардан карыз сурап атып, 7-8 миң доллардай акча кетиришкен.

Өмүр бою эне болуу укугунан ажыраган Саитова 34 күн реанимацияда жатат. Өзүнө келген учурда эки кулагы тең укпай калганын жолдошу Муратов айтып отурду:

- Ошентип бир аял эне болуу бактысынан кур калды. Бул бир үй-бүлөгө чаң тополоң салып, ажырашууга чейин алып бара турган окуя болуп жатат. Анткени ар бир адам тукум улагысы келет, ар бир адам балалуу болгусу келет. Эгер менден башка бирөө болсо, ушундайда ажырашып кетиши мүмкүн. Бирок мен Мехригүлдү сүйөм, эч качан андай жолго барбайм. Экинчиден, эки кулагы тең укпай калды. Эми ал кантип жашайт? Бул дарыгер бир өмүрдү, бир жашоону талкалады. Андан сырткары, эки баланын өлүмү турат бул жерде. Башынан өткөндөр, балким билээр, кичинекей болсо да, баланы өз ата-энеси көмүүдөн өткөн азап жок экен.

Муратов азыр аялын үйдө өзүн калтырып кете албайт. Анткени Саитова же эшиктин коңгуроосун уга албайт, же телефондун музыкасын укпайт. Азыр Мехригүл менен Исманали дептерге калем менен жазуу аркылуу, же телефондогу WhatsApp менен гана сүйлөшүп калышкан.

Биз дагы Саитовадан WhatsApp аркылуу маек алдык:

Мехригүл Саитова
Мехригүл Саитова

- Операциядан болдубу дейин десек, менин абалым ага чейин эле абдан оорлошуп кеткен экен. Менин ушундай абалга түшүшүмө Минавар Арзыева деген дарыгер күнөөлүү, баары ошонун шалаакылыгынын айынан болуп жатат. Менин анализдерим начар чыкканын билип туруп, кайдыгер, көңүлкош мамиле жасап койгон. Же ошол нерселерди таптакыр билбейт окшойт. Ошондо мага чара көрүп “андай кыл, мындай дарылан, ооруканага жат” десе, балким мен ушундай оор абалга жетпей калат белем, ким билет. Ал врач жазган “оорунун баяны” китепчесин кийин ачып карап чыксак, чынында эле анализдер башында эле начар чыгып келген экен. Өзүбүздүн күнөөбүз болсо, ошол дарыгерге гана ишенип, башка жактан консультация албаганыбызда болуп жатат.

“Күнөө сендеби, же мендеби?”

Муратовдор Арзыеванын үстүнөн Саламаттыкты сактоо министрлигине да арыз жазган. Бирок анысынан азырынча кабар жок. №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан билдиришкендей, окуя боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлүүдө. Анан ошого карата дарыгерге чара көрүлөөрүн аталган мекеме жетекчилери белгилешет.

Жаш үй-бүлө күнөөлөп жаткан 5-филиалдын дарыгери Минавар Арзыева өзү ага коюлган айыптарды четке кагууда. Анын пикиринче, мунун баары операциянын туура эмес жасалышынан улам болушу мүмкүн:

Минавар Арзыева
Минавар Арзыева

- Саитова өзү августта каттоого алынган. Башында анализдери жакшы эле болчу. Анан августта мен эмгек өргүүсүндө болдум. Сентябрда болсо ооруп калып келбей калдым. Ушул аралыктарда менин кесиптешим Баева Максудага табыштап, анча-мынча ошол карап турчу. Саитова ооруп келген күнү да мен поликлиникада болбой калыпмын, анан Баева ага төрөтканага жолдомо бериптир. Бул келин оорусунун башталышында эле, өз убагында, керек болсо эрте госпитализацияга жөнөтүлгөн. Төрөгөндөн кийин деле жакшы эле болгон. Бирок ошо операциясынан проблема кеткен окшойт да. Бизде эч кандай күнөө жок. Мага карата айыптоолордун баары курулай доомат. Анан “3 кило алма же” деп айткан эмесмин.

Ал эми операция жасаган Ош шаардык клиникалык төрөтканасынын дарыгерлери болсо, Мехригүл Саитованын өзүнүн дарты оор экенин, ошонун натыйжасы ушуга алып келгенин айтышууда. Төрөткананын жетекчиси Мырза Стамбеков буларга токтолду:

- Кош бойлуулук кезге чейин аялдын ар кандай оорулары болсо, ал кош кат болгондо преэклампсия деген дарттын оор түрүнө чалдыгат. Саитовада так ошол оорунун белгилери бар болчу. Заарасы азайып, кан басымы көтөрүлүп, иши кылып бардык эң керектүү органдарга коркунуч туулгандыктан, биз медициналык көрсөткүч менен төрт дарыгер талдап көрүп, операция жасоого аргасыз болгонбуз. Өзүн эптеп төрөткөндөн кийин заарасы чыкпай, жатынында шлактар көбөйүп кетти. Анан биз Ош областтык ооруканасындагы гемодиализ аппаратынан бир апта тазалаттык. Бирок ага болбой кан кеткени үчүн ошол жерде эле операция кылып жатынын алып салууга аргасыз болдук. Болбосо жатындан дагы кан кетип, келин кыйналып калмак. Заарасы чыкпай, жатындуу болуп туруп өлүп калгандан көрө, жатынын алып, аялдын өзүн аман алып калалы деп чечтик.

Ош шаардык төрөтканасы.
Ош шаардык төрөтканасы.

Стамбековдин пикиринче, Саитованын абалында операциясыз абалдан чыгуу мүмкүн эмес эле:

- Балдарынын бири 900, бири 600 грамм болуп төрөлдү. Аларды тирүү алып калганга болушунча аракет кылдык. Бирок чынында мүмкүн болбоду. Анан жатындан кан кеткендиктен, бөйрөк иштебей калып организмде шлактар, уулар көбөйүп кетет. Ал уулар дененин башка органдарына да тасир этет. Маселен, кокус көз көрбөй калышы мүмкүн, кулак укпай калышы мүмкүн. Саитованын кулагы укпай калган себеби да ошо денеде уулардын көбөйүп кеткенинен болуп жатат. Мындан да жаманы бөйрөктөр такыр эле иштебей калса, уу боорго өтмөк, анан өпкөгө өтмөк, акыры жүрөккө таасир этип, бул келинди жоготуп алышыбыз мүмкүн эле. Чынын айтканда биз Саитованы наркы дүйнөдөн сууруп алдык десек адашпайм. Башкача айтканда, биз ажалдын оозунан алып чыктык.

Какаганды муштаган турмуш

Кантсе да бул Муратовдордун үй-бүлөсүндөгү жалгыз көйгөй эмес. Мехригүлдүн күйөөсү Исманали Муратов да бир нече жылдан бери боору жарактан чыгып, азыр чала жан. Бул азап аларга эми үстөккө-босток болуп, жашоосун будуң-чаңга түшүрүп турган чагы. Баш кошкондоруна бир жыл боло элек жаш үй-бүлө эгиз балдарын жоготкону аз келгенсип, мындан ары да балалуу болуу укугунан ажырап, зар какшап олтурат.

Жаш жубайлар
Жаш жубайлар

- Менин өзүмдүн дагы боорум 2011-жылдан бери катуу ооруйт. Альвеококкоз деген курт болот экен, ошол боорумдун баарын басып кетиптир. Бул куртту дарылап айыктырууга, же түшүрүүгө болбойт экен. Бир гана операция жолу менен кесип же, боорду алмаштыруу керек экен. 2012-жылы Бишкекте операция болуп, боорумдун оң тарабы менен өттү кошуп алып салышкан. Анан ошол оору дагы кайталангандыктан, Бишкекке дагы барып операция кылдырайын десем, дарыгерлер “эми биз операция кыла албайбыз” деп коюшту. Себеби боордо үч кан тамыр болот экен, менин сол тарабымдагы боордо анын бирөө гана калыптыр. Анан альвеококкоз курттары ошол кан тамырдын жанында турат экен. Ал куртту алса, жанагы кан тамыр кесилип кетип, боор биротоло жараксыз болуп калат экен. Анан 2013-жылы Түркиянын Стамбул шаарында дагы операция болдум. Ал жерде тосулуп калган кан тамырлардын ичине түтүк койдуруп, убактылуу ачтырып келген элем. Азыр ал дагы мөөнөтү бүтүп, боордун кан тамырлары азыр кайра тосула баштады, -дейт Исманали Муратов.

Исманалинин дартын айыктыруу үчүн анын боорун толук алмаштыруу керек. Бирок бул операция чет өлкөдө чоң суммага гана ишке ашат экен:

- Дарыгерлер менин боорумду алмаштыруудан башка айла жок деп жатышат. Ал дагы биздин Кыргызстанда жок. Кытайда, Индияда донорду кошо таап, операция жасап бере турган ооруканалар бар экен, бирок ал операциялар кеминде 100 миң доллар экен. Анын баарын кайдан табам, билбейм. Бир үй-бүлөдө бирөөсүнүн дени сак болсо, экинчисине жөлөк-таяк болуп жүрөт экенсиң. Ал эми минтип мен да оорулуу болсом, анан аялым тигинтип бир дарыгердин шалаакылыгынан ары барып, бери келди. Үмүт акырында өчөт дейт го, балким ушул кесепеттердин артында жакшылыктар бардыр деген үмүт менен жашап келатабыз.

Исманали болочок келинчегин да ушул оорусунун себеби менен тапкан. Бирок Мехригүл анын дартына маани берген эмес. Натыйжада экөө 2014-жылдын март айында баш кошушкан. Исманали Муратов:

- Мен бул оорумдун айынан күнү-түнү дары ичип, үкөл алып жүрөм. Анан дарыланып жүрүп мээрман айым болуп жүргөн бир кызды көрүп, жактырып калдым. Телефондон, агенттен сүйлөшүп жүрдүк. Мен Түркияга барып операция болуп келгенден кийин менин айланамдагылар, “бул аз эле жашайт экен” дегендей кылып чочуп, мамиле кылып калышкан. А Мехригүлгө келип “мага турмушка чыгасыңбы?” деп колун сурасам, ал “чыгам” деп дароо эле жооп берди. “Мени дарыгерлер жети ай, же бир эле жыл жашайсың деп жатышат, ошого эле кепилдик берип жатышат, сен андан кийин кайра жалгыз калып калуудан коркпойсуңбу” деп суроо берсем, “сага дарыгерлер кепилдик бериптир, а мага эч ким кепилдик берген жок, бирөөнүн өмүрүнө бирөө кепилдик бере албайт, мен калганын бешенемден көрөм” деген жообун берген. Ушул сөзү үчүн ага үйлөнгөм, ушул сөзү үчүн мен Мехригүлгө өмүрүмдү арнап келем жана арнай берем.

Мехригүл Саитова да, бул тандоосуна эч качан өкүнбөйт. Эки жаш азыр бул азаптарды, кесел жана кайгынын баарын махабаттын күчү менен жеңебиз деп турган чактары. Саитова кайрадан кепке кошулду:

- Жолдошумдун ооруганы да, менин ооруганым да баары убактылуу кыйынчылык деп ойлойм. Ар бир кыйынчылыктын артында сөзсүз жакшылыгы болот. Бул жазабы, же сынообу азыр эч түшүнбөйм. Балким биз экөөбүз тең пенделик кылып, бирөөнүн көңүлүн оорутуп койгондурбуз, бир катачылык кетирип койгондурбуз, аны бир кудай билет. Бирок бул азап-тозоктун баарын биздин ысык мамилебиз, жалындаган сүйүүбүз жеңет жана ушул бойдон калат деп ишенем.

Исманали Муратов ОшМУнун кыргыз тили дана адабияты адистигин окуп бүтүргөн. Учурда “Марал FM” радиосунун Оштогу кабарчысы болуп иштейт. Ал ата-энеси менен 2007-жылы Тажикстандан Кыргызстанга көчүп келген. Ата-энеси азыр Чүй облусунун Москва районунда жашайт. Ал эми Мехригүл Саитова болсо Чүйдүн Ысык-Ата районунан болот.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG