Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

Курсан Асанов: Эл чагымчылыкка алдырбайт


ИИМдин түштүк боюнча орун басары Курсан Асанов күчөтүлгөн тартип, кырдаал боюнча “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Бүгүнкү күндөн тарта Ош, Жалал-Абад жана Баткенде милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Коомдук коопсуздукту камсыздоодо кошумча кандай чаралар көрүлөт?

Курсан Асанов: Маалым болгондой, 10-июнда июнь коогасынын эки жылдыгы болот. Ушуга карата ички иштер министринин буйругу менен 5-июндан баштап Ош шаары, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында өздүк курам күчөтүлгөн тартипте иштейт.

“Азаттык”: Стратегиялык мааниси бар объекттерди кайтаруу күчөтүлөт деп да айтылды эле. Зарылчылыгы барбы?

Курсан Асанов: Стратегиялык маанидеги объекттерди кароо боюнча азыркы учурда интернет сайттарда ар түрдүү пикирлер жарыяланып, түрдүү маалымат тарап, кандайдыр бир күчтөр аракет кылып жаткансыйт. Биздин оперативдик бөлүктөр бул боюнча да иштеп жатат. Тиешелүү күч органдары бул багытта иш алып барып жатат.

Курсан Асанов, 19-июнь, 2010-жыл
Курсан Асанов, 19-июнь, 2010-жыл
Жалпысынан коомдук-саясий абал, кырдаал стабилдүү. Эл тынчтыкты жана туруктуулукту каалайт. Кырдаал көзөмөлдө болот деп так айта алам.

“Азаттык”: Сиз кайсы бир күчтөр аракеттенип жатат деп айттыңыз. Ушул эки жылдыкты пайдаланып, кимдер кыянатчылык кылышы мүмкүн? Касын тиккендер кимдер? Адатта мындай учурда үчүнчү күчтөр, мурунку бийликтин кегин алгысы келгендер, диний экстремисттик топтор деп айтышат.

Курсан Асанов: Кайсы бир күчтөр дегенде мен дагы бир жолу кайталап кетейин: демократиялык өлкө болгондон кийин ар кандай ой-пикирлер айтылып жатпайбы. Алардын арасында улут аралык жаңжалды козуткан материалдар да бар. Ар кандай ырлар чыгып, интернетке жайгаштырылып жатканы ушундай ойлорго түрткү берет.

Биз жалаң эле күчөтүлгөн режимде иштебестен, жергиликтүү бийлик менен кошо буга чейин да, мындан кийин да түшүндүрүү, алдын алуу иштерин жасай беребиз. Бир канча жолу элдик жыйындар өткөн. Ал жерде талкуулар болду. ИИМ өзү бир топ талкууларды уюштурган, ага кадыр-барктуу аксакалдар, ММКнын өкүлдөрү, жаш лидерлер жана дин кызматкерлери катышты.

Азыр эл чагымчыл күчтөргө алдырбайт, ага жол берилбейт.

“Азаттык”: Милициянын күчөтүлгөн тартипте иштеши тескери натыйжа бербейби? Анткени көчөдө куралчан жүрсө, тосмолор коюлса, эл өзүнчө дүрбөп, жамандыкка даярданып, бул кайра коркутпайбы?

Курсан Асанов: Жок, мисалы күчөтүлгөн режим дегенге курал көтөрүп көчөдө жүрүү кирбейт. Жер-жерлердеги өздүк курам кайсы бир окуяга даяр турат, алдын ала иш-аракеттерди көрөт. Мурдагыдай көчөдө куралчан жүрүү, тосмолорду коюу болбойт.

Мисалы, Ош шаарында кечинде төрт оперативдүү түзүм иштейт. Эгер кандайдыр бир маалымат түшсө, ошол жерге көз ачып-жумганча жетип барып, оперативдүү иш алып барат.

“Азаттык”: Атайын кызмат Баткендин Кызыл-Кыя шаарында “жихадчы” деген топ аныкталганын билдирди. Бул топту былтыр сентябрда Оштун Кара-Суу шаарында жок кылынган тажик жараны түзгөн деп маалымдалды. Бул түштүктө динди жамынган экстремисттик-террорчул топтор жанданып жатат дегенди билдиреби?

Курсан Асанов: Бизде диний экстремизм боюнча 10-башкармалык иш алып барып жатат. Төрт айдын ичинде бир топ жерден экстремисттик маанайда маалымдамалар, материалдар алынды. Жанданды деп айтууга негиз жок. Оперативдик кызматкерлер бул жаатта да иш алып барып жатат.

XS
SM
MD
LG