Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

Ошто милиция башчылары мушташканы айтылууда


Ош шаарынын башкы милициясы Сүйүн Өмүрзаков.
Ош шаарынын башкы милициясы Сүйүн Өмүрзаков.

Бирок ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы милиция жетекчилери мушташа кетти деген маалыматты төгүндөдү.

Анын алдында айрым маалымат каражаттары Ош облустук милиция башчысы Сүйүн Өмүрзаков менен Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Марат Орозбаев оперативдүү кызматкерлердин күнүн белгилеп отурганда жаңжалдашканын жазып чыгышкан. Бул өз кезегинде коомдук жайлардагы милиция кызматкерлеринин жүрүм-туруму тууралуу талкууга жем таштады.

Бул окуя тууралуу жазган маалымат каражаттарына ылайык, милиция жетекчилери 6-октябда Оштогу белгилүү кафелердин биринде мушташкан. “Азаттыктын” күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булактары да мындай окуя болгонун тастыкташты. Бирок ИИМдин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыков Сүйүн Өмүрзаков менен Марат Орозбаев мушташты деген маалыматты жокко чыгарды жана муну каралоо деп атады:

- Экөөнүн ортосунда жаңжал чыгып, бири-бирин көгала койдой сабап, тепкилешкен деген жалган маалымат чыкты. Биз бул маалыматты ушул төбөсү көрүнгөн эки милиция жетекчиге карата кимдир бирөөнүн буйрутмасы менен жасалган “кара пиар” аракети деп билебиз. Жетекчилердин кадыр-баркына доо кетирүүнү көздөйт. Сөз болуп жаткан эки адам тең мындай окуя болбогонун, экөө тең коомдук коопсуздукту сактоо боюнча иштеп жатканын айтышты.

Бул окуя коомчулукта милиция кызматкерлеринин коомдук жайдагы жүрүм-туруму тууралуу талкуу жаратты. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова тартип коргоочулардын жоопкерчилигине токтолду.

- Мисалы эки жыл мурун Бишкекте казинолордун биринде милиция кызматкерлери менен ошол казинодогулардын ортосунда атышуу болуп кеткен. Күч структуралары арасында тиреш өңдүү окуялар да болуп келет, болуп да жатат. Эми мындай окуялар башка кесиптеги адамдар ортосунда деле болот. Бирок милициялардыкы дароо көзгө көрүнөт, коомго дароо таркайт. Ушундан улам жоопкерчилиги чоң. Мисалы дарыгерлер өздөрүнүн антын бузса, мугалимдер балдарды тескери жолго тарбияласа, билинип калып, резонанс жараткандай эле, милициялар да коомдук тартипти бузса, ушул тармакка жооптуу орган катары дароо билинип турат.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков милиция кызматкерлерине байланыштуу чуулгандуу окуяларды кадр тандоодогу алешемдиктер менен түшүндүрүүдө. Анын баамында, Совет мезгилиндеги милицияга кызматкерлерди ар тараптан дыкат текшерип туруп, жумушка алуу тажрыйбасы дээрлик колдонулбай калды:

- Мына ушунун негизинде алар мыйзам бузууларга барып жатат. Биз бул көрүнүштү оңдой албадык. Ала турган кадрларды биринчиден жакшылап текшерүү керек. Билими, өзүн коомчулукта алып жүрүүсү, кылмышкер, кылмышка шектүүлөр, милицияга кайрылган жарандар менен кантип сүйлөшөт, ушуларды үйрөтүү жагы аксап калды. Анан мурда насаатчылык деген да болгон. Биз ушул тармакта иштеген үлгүлүү улуу муундун кичүү муунга жол көрсөткөн, насаат айткан тажрыйбасын кайра киргизишибиз керек.

Милиция кызматкерлеринин коомдук жайларда, көчө-көйдө жүрүм-туруму менен сөзгө калган, чуу жараткан окуялары көп эле катталып жүрөт. Мас абалында аварияга кабылган фактылар да бар. Мындай чуулуу окуялардан ИИМдин курсанттары да кур эмес. Быйыл жазында ИИМдин академиясы менен Коргоо министрлигинин алдындагы аскердик окуу жайдын курсанттары чатакташып, бирөө оор жаракат алган эле. Андан эки жыл мурун Бишкектеги эс алуу жайлардын биринде бүтүрүү кечесин өткөрүп жаткан курсанттар катышкан калайман мушташ катталган. 2011-жылы болсо курсанттар коомчулуктун эсинде бүтүрүү кечесинде машиналар менен жолдорду тороп, бир топ бейбаштык жана мыйзамсыз иштерге барганы менен эсте калган.

Ушул айдын башында дайындалган жаңы ички иштер министри Мелис Турганбаев милициянын тартибин оңдоп, кадыр-баркын жогорулатууну убада кылган.

XS
SM
MD
LG