Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Ош: эл арасында дале кооптонуу бар


Июнь коогасынын жылдыгына арналган иш-чаралардан. Ош, 9-июнь, 2011.
Июнь коогасынын жылдыгына арналган иш-чаралардан. Ош, 9-июнь, 2011.

Июнь окуясына эки жыл болуп калганына карабай, байкоочулар улуттар арасында бири-бирине ишенбеген мамиле кооптуу жагдайды шарттап жатканын айтууда.

Кодулоолорго көбүнчө өзбек тектүүлөр кирептер болуп жаткандыгы тууралуу да сөздөр бар. Бирок аны тастыктоочу арыз-даттануулар тартип коргоо органдарына түшкөн эмес. Жергиликтүү бийлик өз кезегинде абал туруктуу экенине жана кооптонууга негиз жоктугуна ишендирүүдө.

Эки жыл мурунку каргашада үйү күйгөн Гүлнара дагы эле кооптонуп жашайт. Ал азыр деле шаарда улутуна карап мамиле кылышаарын айтат:

- Коркобуз. Беш кол барабар эмес да, жакшылар менен кошо жамандар деле бар. Көчөдө жөн эле басып кетип жатсан, улутуңа тийишип, кодулагандар чыгат. Азырга чейин андай учурлар болуп жатат.

Оштун дагы бир тургуну Дилфузанын айтымында, улуттук нарк-насилдерди сактоого да чектөөлөр кирген. Ош калабасына чейин атлас көйнөк, топу кийип жүргөндөр азыр андай кийим менен көчөгө чыгуудан айбыгышат. Эки жылдан бери карнай-сурнайдын үнүн да угуша элек:

- Бир гана мисал, өзбектердин тойлору азайып кетти. Мурда келин-күйөөлөр жасалгаланган машинелерде, көчө айланышып, ресторандарда той берчү. Азыр ресторанга бармай жок. Такыр жок деп айта албайм, шаардын чекесиндеги ресторандарда той кылышат, бирок күндүзү эле. Кечинде кылышпайт. Башка учурларда деле кафе-ресторанда эс алып отурганын көрбөйсүз. Неге мындай болууда? Себеби, мунун артында кооптонуу турат.

Жергиликтүүлөрдүн бул айткандарын аймактагы интеллигенция өкүлдөрү да тастыкташат. «Культура плюс» коомдук бирикмесинин төрайымы Алима Шарипова соңку учурларда көчөлөрдө тигил же бул улутту кодулаган жазуулар байма-бай пайда болууда дейт. Анын оюнча, бул тентек жаштардын жоругу деп чечмеленсе да, коомчулукту кооптондурбай койбойт:

- Өз ара түшүнүү жана ишенимди кандуу согуш жууп кетти. Аны эки жылдын ичинде калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Сөз жүзүндө бардыгы жакшы деп айта беребиз, бирок кодулоолор чын эле болуп жатканын тастыктаган реалдуу учурлар бар.

Шаар бийлиги жогорудагы пикирлерди кескин түрдө четке кагууда. Вице-мэр Дастан Ходжаев мындай ойлордун жаралышына айрым эл аралык уюмдардын жана чет өлкөдө жүргөн сепаратисттердин жалган маалыматтары себеп болууда деген ойдо:

- Айрым эл аралык уюмдар эски жараны козгоп, өздөрүнүн чындыкка дал келбеген эксперттик корутундуларын чыгарышууда. Четте жүргөн сепаратисттер имиштерди жаратып жатканы бизди өкүндүрөт. Бүгүнкү күндө Оштун ар бир жашоочусу өзүнүн жарандык укугун толугу менен пайдалана алат.

Дастан Ходжаев ошондой эле учурда «Ынтымак жарчылары» аттуу топ иштеп жатканын, азырынча кодулоолорго байланыштуу маалыматтар жок экенин кошумчалады.

Бирок Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын Оштогу кеңсесинин жетекчиси Юка Хасигаванын айтымында, улуттук азчылыктын өкүлдөрү басмырлоого кабылып жатканы жөнүндөгү маалыматтарда жүйөө бар:

- Улуттук азчылыктардын же аярлуу топтун өкүлдөрүнүн арасында кодулоого кабылгандар бар экени чын. Андайлар бизге да көйгөйлөрүн айтып турушат. Белгилей кетчү нерсе, адамдар урду-соктуларга эмес, психологиялык коркунучтарга көбүрөөк кабылып жатышат.

Деген менен укук коргоо органдары бул жаатта кандайдыр бир арыз-даттануулар түшө электигин айтып жатышат.

Ош шаарындагы Адам укуктары жана демократия борборунун төрагасы Идирис Кубатбеков басмырлоолор жөнүндө маалыматтар эл ичинде токтобой жаткан соң укук коргоо органдары бирөөдөн арыз күтпөй эле сүрүштүрүп, мындай абалга чекит коюшса жакшы болмок деген пикирде:

- Мен деле кодулоо, басмырлоо болуп жатканы жөнүндө маалыматтарды угуп жатам, бирок өзүм байкай элекмин. Эгер чын эле болуп жатса, андайга кабылган киши тийиштүү органдарга кайрылыш керек. Ушундай маалыматтар чыгып жаткан соң, укук коргоо органдары ал боюнча иш алып барып, “Чын эле басмырлоо катталып жатабы?”, “Кимдерге?”, “Каерде?”,- деген суроолорго жооп таапканга аракет кылышса, шек саноолор азаймак.

Укук коргоочу ошондой эле айрым эл аралык уюмдардын Оштогу абал боюнча чыгарган тыянактарын аша чабуу деп баалады.

Жакында Эл аралык кризистик тобу жана Брюсселдеги Алишер Навои институту "Ошто абал туруктуу эмес" деген маалымат тараткан эле.
XS
SM
MD
LG