Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Талоонго калган Сулайман-Тоо


Сулайман-Тоодогу музей
Сулайман-Тоодогу музей

ЮНЕСКО тизмесиндеги Сулайман-Тоо музей комплекси жеке ишкерлердин таламайында калды. Өкмөт башчы Темир Сариев Сулайман-Тоонун азыркы абалын сындап, аны жакшыртууну Ош мэринен талап кылууда.

Бирок Ош мэриясы Сулайман-Тоону Маданият министрлигинен алып, калаанын карамагына өткөргөн шартта гана өнүктүрөрүн убада кылууда.

Премьер министр Темир Сариев 5-февралда өкмөттүн Ош шаарында өткөн коллегиялык жыйыны учурунда Сулайман-Тоонун азыркы абалын сынга алды. Өкмөт башчы музей комплексти өнүктүрүүгө керектүү 37 млн. сом каражатты өлкө казынасынан бөлдүрүп берерин убада кылды. Ал Ош мэринен каражаты чечилген музейге жакшылап көңүл бурууну талап кылды.

- Тоонун чөптөрү күйүп турат, айланасын куурай басып жатат, а биз келген туристтерге ЮНЕСКОнун тизмесине кирген Сулайман-Тообуз бар деп мактанып жатабыз. Айтмамат Тентибаевич, эки насостук станцияны курууга 3 миллион сураган элеңер, эми 7 миллион сом сурап жатасыңар, аны да таап берели. 1,5 миң көчөт отургузабыз деп жатасыңар, эгер тамчылатып суугаруу ыкмасын орнотпосоңор ал үч айдан кийин куурап калат. Музейдин айланасын тосууга 30 миллион сурагансыңар, аны бюджетке киргизип коелу. Музейдин жери боюнча соттун чечимдери чыккан. Анын аткарылышы көзөмөлсүз калууда. Ушуга жакшылап көз салып коюңуз.

Сулайман-Тоо музей комплекси Маданият министрлигинин карамагындагы мекеме. Ушул күнгө чейин музейдин кадрдык жана каржылык маселелери аталган министрлик тарабынан чечилип келет. Музейдин жобосуна ылайык, коруктун айланасындагы курулуштарга да министрлик көз салат. Муну жүйө туткан Ош шаарынын жетекчилиги музей комплексти калаанын карамагына өткөрүп берүүнү сурап жатат.

- Сулайман-Тоо музей комплекси шаарга карабайт. Бул маданият министрлигинин карамагында турат. Ошондуктан Сулайман-Тоону биздин шаардын карамагына өткөрүп берүү сунушун өкмөткө бергенбиз. Бул сунуш өкмөттүн кароосунда турат. Эгерде Сулайман-Тоо музей комплексин бизге өткөрүп бере турган болсо ал жайды өнүктүрүү боюнча чоң долбоорлорду ишке ашырабыз деп ишендире алабыз, - деди Ош шаарынын вице мэри Замир Аскаров.

Бул арада Ош шаарынын көзгө басар туристтик жайы болгон Сулайман-Тоо музей комплексинин аймагын ондогон жеке тараптар өз алдында ээлеп алган бойдон кала берүүдө. Беш жылдан берки соттошуунун жыйынтыгы али чыга элек. Музейге таандык корук зонаны мыйзамсыз пайдаланып жатат делген «Ош ордо» жана «Айдар Ата» кафелери соттордун музейдин пайдасына чыгарган буга чейинки чечимдерин аткарышкан эмес. Музей жетекчисинин орун басары Хайрулло Ибайдуллаев соту бүтпөгөн эки кафеден башка да бир нече жеке тараптар музей аймагын ээлеп алышканын айтууда.

- Сулайман-Тоонун аймагында «Ош турмонтаж» деген ишкана бар. Ал ишкана 2000-жылы эле корук аймактан чыгарылыш керек эле, алар дагы деле чыкпай жатышат. Тоонун түндүк боорунда газчарбасы бар. Ал да мыйзамсыз курулган. Ушул күнгө чейин иштеп келатат. Ал да чыгарылышы керек. Себеби ал туристтердин коопсуздугуна тобокелчилик жаратып турат. Андан сырткары 2010-жылдагы июн окуясында Сулайман-Тоонун түндүк тарабындагы күйүп кеткен үйлөрдү калыбына келтирүү учурунда мамлекеттик дирекция көпчүлүк үйлөрдү тоонун боорун казып, мыйзам бузуулар менен куруп салган. Бул маселелер чечилбей турат.

Сулайман-Тоо музей комплекси 2009-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Ага жыл сайын 100 миңге жакын зыяратчы келет. Музейдин жалпы аянты 134 гектар жерди ээлейт. Бирок ал жердин музейге таандык экенин тастыктаган мамлекеттик акт али жок. Ошентсе де музей жетекчилиги 2010-жылдан бери коруктун ичинде жайгашкан эки кафе менен майнапсыз соттошуп келетат. Андагы «Ош ордо» кафеси шаардык кеңештин депутатына, «Айдар Ата» кафеси болсо, жергиликтүү аткаминерге жана ишкерге таандык экени айтылып келет.

Сулайман-Тоодон бети чийилбей, чын-жалганы белгисиз сүйүүлөргө күбө болбой, таза калган ташты табуу кыйын. "Азаттыктын" архвииндеги сүрөттөр

XS
SM
MD
LG