Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Рахматуллаев: Уулум үчүн кыргыз-өзбек дебей кан беришти


Ош шаарындагы “Мыйзам жана тартип” укук коргоо борборунун башчысы Изатулло Рахматуллаевдин уулу кырсыкка учураганда кыргыз-өзбек дебей жабыла кан берип, өмүрү сакталып калган. Бул тууралуу укук коргоочу “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

- Рахматулла мырза, уулуңуз жакшы болуп калдыбы?

- Рахмат, кудайга шүгүр жакшы болуп калды. Уулумдун өмүрү сакталып калышына кыргыз-өзбек элинин, карапайым элдин ортосундагы ынтымак, достук да чоң себепкер болду.

24 жаштагы уулум өз үйүндө газ кырсыгынан улам денесинин көп жери күйүп, катуу жаракат алган эле. Анын өмүрүн сактап калуу үчүн өтө көп өлчөмдө кан керек болду. Ошондо кыргыз-өзбек дебей уулумдун достору, менин тааныштарым, кесиптештерим баары жабыла кан берип, анын өмүрүн сактап калышты.

Кан куюучу борборго барып, кан берген адамдардын тизмесин карасам, кыргыздардын да фамилиялары көп экен, өзбектердин да. Мен буга ушунчалык ыраазы болдум. Ыраазымын. Ушундай эле окуялар июнь коогалаңы учурунда да көп эле болгон, көп кыргыздар өзбектерди, өзбектер кыргыздарды сактап, үйлөрүнө жашырып калгандары көп эле болгон.

- Деги эле азыр Ош шаарында эки элдин ортосундагы мамиле кандай? Мурдагы калыбына келип калдыбы?

- Ооба, кадимкидей калыбына келип калды. Жай, күз айларындагы кырдаалга караганда азыр эки элдин ортосундагы мамиле бир топ жакшырды. Элде бири-бирине ишенич пайда болду. Карапайым адамдар июнь коогалаңынын негизи каякта турганын, кимдер эмне максат менен уюштурганын билип, баамдап эле калышты. Азыркы күндө мамиле кыйла жакшы.

- Ошентсе да айрым өзбек тектүү ишкерлер алардын жеке менчик ишканаларын тартып алуу аракеттери болуп атканын ИИМ министринин орун басары Мелис Турганбаев “Азаттыктын” интернет-эрөөлүнө чакырылган учурда билдиришти эле. Сизге укук коргоочу катары ушундай арыз-дооматтар менен кайрылгандар барбы?

- Ошентип даттангандар болуп атат. 24-февралда биздин Черемушки кичи районундагы коомдук кабылдамага Улуттар уюмунун өкүлдөрү келип, эл менен жолугушуу өткөрүштү. Ошол жерден аларга кээ бир адамдар жеке менчик ишканаларын, соода түйүндөрүн, чайханаларын уюшкан кылмыш дүйнөсүнүн адамдарыбыз деген бирөөлөр келип, күч менен өткөрүп бересиң деп зордоп жатышканын айтып, арызданышты. Алардын арыз-дооматтарын ошол БУУнун өкүлдөрү өздөрүнө каттап, жазып алышты.

- Июнь окуясынан кийинки соттолуп жаткан адамдарга сот тарабынан чыгарган чечимдерге да пикирлер түрдүү. Укук коргоочу катары сиз кандай баалап атасыз?

- Сот процесстери да өтө татаал жүрүп жатат. Соттор бир жактуу чечим чыгарып атышат. Айыпталуучулардын да, жабырлануучулардын да күбөлөрү толук суралбай эле өкүм чыгып калып жатат. Бүгүнкү сот системасына өзбек улутундагы да, кыргыз улутундагы да карапайым эл өтө нааразы. Сот системасы реформаланып, ар кандай чечимдер, өкүмдөр мыйзамга гана негизделип чыгарылбаса, элдин бүгүнкү нааразылыгы аша берет. Сот системасын түп-тамыры менен реформалоо керек.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG