Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Ош: Кармоочу жайдын абалы кандай?


Оштогу убактылуу кармоочу жайлардын абалы талапка жооп бербейт. Бул тууралуу акыйкатчынын аймактагы өкүлчүлүгү айтып чыкты.

Укук коргоочулар абак жайда жөн гана күнүмдүк турмушка керектүү желдеткич, жылуулук жана ичүүчү суунун жок экендигин белгилешет. Ал эми абак жайлардын жетекчилери шектүүлөр кармалган камералардын шарттары акырындык менен жакшырып бара жатканын билдирүүдө.

Абдыкапар Усөнов
Абдыкапар Усөнов
Ош шаардык жана Ош облустук убактылуу кармоочу жайларда түзүлгөн шарттардын начардыгы атайын жүргүзүлгөн мониторингде белгилүү болгонун акыйкатчынын аймактагы өкүлү Абдыкапар Усөнов айтып чыкты. Анын айтымында, абак жайларда кармалып тургандар катаал шарттарда турууга аргасыз болушууда:

- Ош облусундагы бардык райондордун жана Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайлар мыйзамда көрсөтүлгөн, инструкцияда көрсөтүлгөн шарттарга толук ээ эмес. Ал гана эмес, жөнөкөй эле ыңгайлуулуктар жаратылбаган. Убактылуу кармоочу жайдын өзү имараттын жертөлөсүндө жайгашканы аз келгенсип, астыңкы полу бетондон жасалган, ичине кирсең бир башкача жыт уруп турат. Желдеткичи кээде иштеп, кээде иштебейт. Жылуулуктан таптакыр дайын жок.

Үсөновдун белгилешинче, абактарда шарттардын жаратылбагандыгын да кыйноолордун бири катары кабылдоого болот. "Анткени ал жакка түшкөндөрдүн басымдуусу ден соолуктарынан айрылып жатат", - дейт ал:

- Биз мониторингде жашы улгайгандарды, жашы жетпегендерди жана оорулуулардын абалы менен да жакшылап таанышып чыгабыз. Ошондо байкалгандай, Кара-Суу районундагы, Өзгөн районундагы убактылуу кармоочу жайда жаткандардын абалдары жакшы эмес экендиги аныкталды. Негизи эле бул жайлардын шарттары оорукчан эмес адамды деле кесел кылып чыгарып коюшу мүмкүн.

Деген менен милиция өкүлдөрү мындай пикирлерге толугу менен макул эмес. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жай жетекчиси Абдыганы Акжолов камералардын абалы мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир топ эсе жакшырып калганына токтолду:

- Биздин убактылуу кармоочу жай эл аралык стандарттарга жооп бербесе да, Кыргызстандагы алдыңкыларынын бири деп айта алам.

Акыйкатчы Турсунбек Акундан Грамота алганбыз, мурдагы президент Роза Отунбаева өзү таанышып кеткен.

Анын үстүнө бизден шаардык прокуратура да тез-тез кабар алып, текшерип турат.

Жалпы алганда, 2005-жылдан бери абалыбыз жакшырып калды. Бир сыйра ремонттон өткөрдүк. ЕККУнун колдоосу менен ар бир камерага суу чыгардык, жылуулук киргиздик, "Кызыл ай" кому тарабынан ар бир камерага бирден матрац алдык.


Шаардык убактылуу кармоочу жайында буга чейин 100дөн ашык адам отурган болсо, азыр алардын саны 40тан ашпайт.

Күзөтчү кенже сержант Кубаныч Токтогуловдун мында жаткандарга тамак берип жаткан кезиктик.

- Айыпталуучуларга жасалган тамактарды кафелерде жасатабыз. Күрүчтөн, эт кошулуп, даамдуу, сапаттуу кылып жасалат. Мындайды айрымдар азыр үйдөн да жей албайт. Анан ар бир кишиге ылайыкталып нан келет. Бардыгын өз убагында берип, жакшы карайбыз.

Абакта жаткандардын бири Курманбекти (аты өзгөртүлүп берилди) кепке тартканыбызда буларды айтып берди:



Дарыгер Аллакул Мамаразиев убактылуу жайга түшкөндөрдүн ден соолугуна бул жерден олуттуу зыян келбешине ишене тургандыгын айтууда. Ал бул жерде ЕККУнун колдоосу менен көз карандысыз дарыгер катары иш алып барат:

Аллакул Мамаразиев
Аллакул Мамаразиев
- Убактылуу кармоочу жайда жаткандар негизинен шамалдап, же жөтөлүп гана сыркоолоп калат. Андан башка кыйнап жибере турган оорулары жок деле. Өздөрүнүн эски оорулары барлар да болот. Анан баңгилери бар. Аларды да өз убагында дарылып, караш керек. Эгер кыйноо болсо, же денелеринде кандайдыр бир зыян келтирилген жерлери болсо, аларды да каттоого алып дарылап, укук коргоочуларга билдирип турам.

Буга чейин да абактардагы шарттардын начардыгы укук коргоочулар тарабынан адам укуктарынын бузулушу катары сыпатталып келген. Өз кезегинде учурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактардагы абалды жакшыртып, кыйноолорго каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүлө турганын белгилеген.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG