Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Ош: мэрликти ким мээледи?


Ош шаары
Ош шаары

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Оштун мэри жакында шайланат деп билдирди. Бирок күнү азырынча белгисиз.

"Ош шаарынын макамы тууралуу" мыйзамга президент кол койсо эле даярдыктар башталмакчы.

Ал арада айрым басма сөз каражаттары "өкмөт Мелис Мырзакматовду кетирүүгө аракет кылууда, анын ордуна Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков келиши мүмкүн" деп жазып чыгышты. Оштун мэри болот деп болжолдонуп жаткан эки киши тең азырынча кызмат ордун алмаштыруу ойлору жок экенин айтышууда.

Басма сөз беттеринде жазылып жаткан божомолдор боюнча Оштун калаа башчылыгына азырынча эки гана талапкер бар. Серепчилердин алдын ала байкоосуна ылайык, Сүйүн Өмүрзаков өкмөт тарабынан, ал эми азыркы мэр Мелис Мырзакматов шаардык кеңештеги көпчүлүктү түзгөн коалиция тарабынан сунушталышы мүмкүн.

Мырзакматов калаа башчылыгына 2009-жылы шайланган. Ушул жылдын жазында мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу убактылуу мэрдин милдетин аткаруучу катары иштеп жатат. Мелис Мырзакматов алдыдагы шайлоодо да ат салышаарын айтып келет. 9-июлда калаанын борбордук базарындагы соодагерлер менен жолугушууга чыккан учурда деле шаарды өнүктүрүү үчүн баштаган иштерин аягына чыгаруу максатында азыркы кызматын уланта турганын билдирген:

- Мэрлик кызмат талашка түшүшү таң каларлык эмес. Албетте талашка түшөт. Кимдин бешенесине жазган болсо, ошол адам утуп алат. Азырынча биз эл үчүн кызматыбызды жасап жатабыз.

Шайлоо күнү анык болбосо да, шаар кеңешинин көпчүлүк коалициясын түзгөн депутаттары азыркы мэрди калаа башчылыгына талапкер катары көрсөтүп, аны колдошоорун билдирип жатышат. Кеңештин көпчүлүк коалициясында Мелис Мырзакматовго таандык экени айтылып жаткан “Улуттар биримдиги” партиясы менен “Замандаш” жана Кыргызстан элдик демократиялык партиясынын фракциялары бар. Коалициялык азчылыкта “Республика”, КСДП, “Ата Мекен” жана “Адилеттүү Кыргызстан” партиясынын депутаттары турат.

Гезиттерде экинчи талапкер катары жазылып жаткан Сүйүн Өмүрзаков болсо калаа башчысынын ордуна келүү максаты жок экендигин, ички иштер тармагында жасай турган жумуштары көптүгүнө байланыштуу мэрлик кызматты ойлой электигин мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыков аркылуу билдирди.

- Айрым гезиттерде "Сүйүн Өмүрзаков азыркы Оштун мэринин ордуна барууну көздөп, Мырзакматовго каршы материалдарды топтоп жатат" деген сыяктуу имиштер жазылып жатат. Басма сөз каражаттары менен түздөн-түз мен иштегендиктен гезиттеги макалалардан улам Сүйүн Өмүрзаков менен бул тууралуу сүйлөштүм. Ал кишиде шаар башчысы болом деген ой такыр жок. Бул гезиттердеги кезектеги имиштердин бири.

Алдыдагы шайлоодо Оштун калаа башчылыгынын орду кимге насип этээри басма сөздө гана эмес, коомчулукта да чоң кызыгуу жаратып келет. Жергиликтүү депутаттардын божомолунда шайлоо күзүндө болушу ыктымал.

Шаардык кеңештин төрагасы Таалай Сабиров “Азаттыкка” билдиргендей, мэрди тандоо күнүн аныктоо мамлекет башчысы тарабынан мыйзамга качан кол коюлушуна гана көз каранды:

- Ал мыйзамда мэрдин талапкерлигин шаардык кеңештеги коалициялар көрсөтөт. Андан сырткары премьер-министр да өзү талапкер сунушташы мүмкүн. Канча талапкер болоору азыр белгисиз. Калаа башчысын шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Бизде 45 депутат бар.

Таалай Сабиров айткан 45 депутаттын 23ү азыркы көпчүлүк коалицияны түзгөн депутаттар болуп эсептелет.

Ал арада шаар тургундарынын арасында да мэрлик кызматка келүүчүлөр тууралуу ар түрдүү пикирлер жарала баштады. Алардын бири Арстанбек Акматбеков калаа башчысы болушу мүмкүн делип жаткан эки киши тең азыркы кызматтарында кала бергени дурус болмок деген оюн айтты:

- Мырзакматов да, Өмүрзаков да өзүнө тиешелүү жумушту мыкты аткарып жатышат. Шаарды өнүктүрүү тармагында да, милициянын жумушунда да алга жылыштар бар. Гезитттерде жазылып жаткан ойлор бул эки кишини бири бирине кайраштыруу максатында жаралып жаткан болушу ыктымал. Менин оюмча, экөө тең өз ордунда калганы туура. Анткени ар бири өз жумушун жакшы билет.

Азыркы мэр Мелис Мырзакматовду серепчилер чарбачыл башчы катары калаа тургундарынын ишеничине киргендигин, шаардын өнүгүшү үчүн анын тушунда аткарылып жаткан жаткан жумуштар алкоого арзырлык экенин айтып келишет. Ошол эле учурда жарандык коом тарабынан ал кишинин катаал мүнөзү, авторитардык режимде иштөө аракетине сын айтылып келет. Ошого карабай калаа тургундарынын арасында азыркы мэрдин рейтинги жогору экени байкалат.

XS
SM
MD
LG