Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

Ош шаар мэри качан шайланат?


Ош шаарынын жаңы башчысын шайлоо убактысы июнь айына туш келиши мүмкүн. Буга Ош шаарынын макамы жөнүндөгү жаңы мыйзамды парламент али кабыл ала электиги себеп болууда.

Жаңы мэр шайланганга чейин деп, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругуна ылайык шаар башчысынын милдетин Мелис Мырзакматов убактылуу аткарып жатат. Анын кызмат мөөнөтү февраль айынын ортосунда аяктаган.

Ош жана Бишкек шаарларынын макамы жөнүндөгү азыркы мыйзамдар башка мыйзамдарга шайкеш келбей калгандыктан депутат Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамга ылайыктап жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Бул кош мыйзам келерки аптада экинчи окулушунда парламентте каралганы турат. Мыйзамды парламент кабыл алса, президент кол койгондон кийин күчүнө кириши керек. Демек, жаңы мыйзамга ылайык, Ош шаарынын жаңы мэрин шайлоого жол жай айларынын башында ачылып калат:

- Шайлоо мыйзам күчүнө киргенден кийин дайындалат. Менин оюмча июнь айынын он беш, жыйырмаларына барып калат.

Курман айт, 26-октябрь, 2012-жыл
Курман айт, 26-октябрь, 2012-жыл
Январь айында долбоорлордун биринчи окулушун талкуулоо учурунда парламентте олуттуу талаш-тартыш чыккан. Талаш жараткан негизги жоболордун бири эки баш калаа мэрлерин шайлоонун жол-жобосу болууда. Долбоорлорго ылайык, шаар мэрине өкмөт башчы шаардык кеңештеги фракциялар менен акылдашып, үч талапкерди сунуш кылат.

Шаар кеңеши сунушталган үч талапкердин бирин шайлайт. Муну шаардык бийликтерди борбордук бийликке көз каранды кылуу аракети катары баалаган депутаттар тобу мэрди жалпы элдик шайлоого коюу керек деген көз карашты карманышууда. Мындай долбоорду Исмаил Исаков, Дастан Бекешов, Өмүрбек Абдрахманов жана Равшан Жээнбеков сыяктуу депутаттар сунуштап жатышат.

Жаңы мыйзам кабыл алынбай, эски мыйзам жараксыз болуп турган ушундай шартка жараша Мелис Мырзакматовдун арабөк абалда туруп калышы анын тарапкерлерин тынчсыздандырууда. Жергиликтүү коомчулукта борбордук бийлик мыйзамды өзгөртүү аркылуу мэрди шайлоону атайылап созуп жатат деген имиштер да тарады.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо учуру, 4-март, 2012-жыл
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо учуру, 4-март, 2012-жыл
Коалициялык көпчүлүктү Мелис Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” партиясы түзгөн Ош шаардык кеңешинин төрагасы Таалай Сабиров өзү деле мындай күдүк ойлордон алыс эмес сыяктуу:

- Азыр иштеп жаткан Мырзакматов үчүн деле кечигип атышы мүмкүн. Азыркы саясат деле таасир этиши мүмкүн. Жаз келди, эртең митинг башталат деген ар кандай ушак болуп атпайбы.

Депутат Равшан Жээнбеков болсо Мырзакматовго байланышкан маселе деле бар, бирок борбордук бийлик жаңы мыйзам аркылуу жалпы эле кирешелүү эки шаарды тең өзү көзөмөлдөөгө шарт түзүүдө дейт:

- Мен жалгыз эле Мырзакматовго такабас элем. Президент премьер-министр аркылуу мэрлерди өзүм көзөмөлгө алам деп атат. Үч киши деген ошол. Бул өзүбүз ойлоп чыгып аткан жаңы механизм. Дүйнөдө мындай практика жок. Дүйнөдө мэрди эл шайлайт.

Текебаев жана анын долбоорун жактагандар азыр шаар башчыларын түз шайлоого коом даяр эмес, акыйкаттык эмес, ар кандай коопсуздукка шектүү кызыкчылыктар үстөмдүк кылып кетиши мүмкүн деген жүйөнү келтирип жатышат. Мырзакматовдун тарапкерлери бул аралыкта эмнеси болсо да шайлоо эртерээк өтсө деп тилешүүдө:

"Эртелетип мыйзамды кабыл алса болот эле. Кимди көрсөтпөсүн, депутаттар деле, эл деле шайлаганга даяр. Эртелетип мэрди шайлап алса жакшы болот эле. Эми “милдетин аткаруучу” дегенди көрүп туруп деле ишке ынтаасын койбосо керек деген ой болуп аптайбы", - деди "Азаттыкка" Таалай Сабиров.

"Улуттар биримдиги" партиясын колдогон митинг, 14-март, 2012-жыл
"Улуттар биримдиги" партиясын колдогон митинг, 14-март, 2012-жыл
Мелис Мырзакматов мэрдик кызматка мурдагы президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен 2009-жылы келген. Шаарды жетектеген төрт жыл ичинде ага карама-каршылыктуу саясатчы, борбордук бийликтин баш оорусуна айланды деген сыяктуу жарлыктар тагылып келатат.

Мырзакматов 2010-жылкы июнь окуясынан кийин эл аралык укук коргоо уюмдары, маалымат каражаттары тарабынан улутчул көз караштагы саясатчы катары сынга кабылган. Бирок жергиликтүү коомчулуктун колдоосу күч болуп, борбордук бийликтин аны мэрдик кызматтан бошотуу аракетинен майнап чыкпай калган.

Кезинде анын убактылуу өкмөткө ачык каяша айта алгандыгы, шаарды экономикалык жактан көз карандысыз кылуу, жергиликтүү тартип коргоо кызматын түзүү өңдүү демилгелерди көтөргөндүгү жергиликтүү коомчулукка айрыкча жаккан.

Айрым байкоочулар мэрдин Ош шаарын иретке келтирүүгө багытталган чарбачыл аракеттери, саясий оюндарга катышпай тургандыгы тууралуу билдирүүлөрү акыркы мезгилдери борбордук бийликти да муютуп тургандыгын белгилеп жүрүшөт. Мырзакматовдун саясий тилектештери болсо өкмөттүн эски мэрдин өзүн эле кайра убактылуу мэр кылып дайындашын жакшы жөрөлгө катары кабылдашууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG