Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Мырзакматов КСДПны айыптады


Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов.
Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов.

Эл аралык издөөдө жүргөн Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов интернет аркылуу кайрылуу жолдоду.

Мырзакматов видео кайрылууда ага каршы козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап, чындап коррупцияга байланышы барлар КСДП партиясынан экенин билдирет.

Буга чейин экс-мэрге Оштогу Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөнү курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бир катар мыйзамдарды бузган деген айып тагылган. Бирок Мырзакматов өз кайрылуусунда аны четке кагат:

- Бүгүн бийликтин бийик тепкичинде отурган кээ бир жетекчилер көпүрө эч кандай долбоору жана корутундусу жок курула баштаган деп айтып жатышат. Бул карандай калп. Эгерде, биз баштаган иш мыйзамсыз, курулуштун эч кандай документациясы жок болсо, анда неге өздөрү келип же тийиштүү органдар аркылуу курулушту өз мезгилинде токтотуп коюшкан жок? Анда, не себептен, биз баштаган улуу ишти бүгүнкү күндө да улантып жатышат? Көрсө алар мени саясий оппонент катары көрүшкөн экен.

Андан ары экс-мэр азыркы бийликке каршы сүйлөгөндүн баарына кылмыш иши ачылганын, чыныгы коррупцияга тиешеси барлар башкаруучу КСДП партиясынын мүчөлөрү экенин билдирет:

- Эстакада көпүрө курабыз деген аруу тилегибизди саясий көз караштан улам гана бийлик төбөлдөрү «туулбай жатып, туна чөктүрүп» жиберишти. Анткени, мен бийликчил КСДП партиясынан эмес элем. Себеби, биз жетектеген «Улуттар биримдиги» партиясы бийликтин кемчиликтерин ачык айтып, коррупциялык иштерин көзгө сайып көрсөтүп турган болчу. «Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман» дегендей, бийликтегилер менен саясий көз карашыбыз дал келбегени үчүн, биздин демилге тебелендиде калып, бүгүн мен саясий куугунтукка туш болуп отурам.

Деген менен, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун айтымында, экс-мэр президенттин партиясы менен иштешүүгө бир канча ирет аракет кылган:

- Мырзакматов буга чейин “Улуттар биримдиги” партиясынын саясий кеңешиндегилерди жөнөтүп, КСДП партиясы менен пикири бир экенин билдирип, чогуу иштешүүнү сунуштаган. Бийлик менен иштешем, багытыбыз бир деп жүргөн. Анан кылмыш иши козголгондон кийин эле пикири өзгөрүп кетти. Эми бул мыйзам ченемдүү көрүнүш да. Ким эле өз күнөөсүн моюнуна алгысы келсин?

Айрым серепчилердин пикиринде, саясатчылардын биринен бири өтүп чет өлкөлөргө кетишине азыркы бийлик кызыкдар. Саясат таануучу Табылды Акеровдун айтымында, Мырзакматов негизги оппонент болгондуктан, бийлик ага кылмыш ишин козгоо менен өз жолунан жоготуу максатын көздөгөн:

- Бийликке атаандаш боло алган саясатчыларга карата кылмыш ишинин козголушу, менимче саясий куугунтук. Бийлик аларды камакка алуу чечими менен башка өлкөлөргө кетирип жатат. Ошол эле Келдибеков, Садыр Жапаров, Мырзакматовго бийликтегилер чет жерге чыгышына макулдук берди да. Бирок саясатчыларды куугунтуктоо Кыргызстанга дүйнөлүк коомчулук алдында аброй алып келбейт. Ошондуктан, эгерде Мырзакматов келип, өз укугун коргойм десе, ага уруксат берүү керек.

Мелис Мырзакматов Ош шаардык соту камакка алуу чечимин өзгөртсө, Кыргызстанга келип, сот алдында актыгын далилдегенге даяр экенин билдирүүдө.

Ош шаарынын прокурору Атай Шакир уулунун айтымында, экс-мэрди камакка алуу чечими дароо кабыл алынган эмес. Эми анын баш коргоо чарасын Ош шаардык соту гана өзгөртө алат:

- Мырзакматовго карата кылмыш иши өткөн жылдын 24-сентябрында эле козголгон. Бирок аны камакка алуу чечими ноябрдын аяк ченинде гана чыкты. Ал үч ай аралыгында экс-мэрге бир нече ирет чакыруу жиберилген, бирок, ал бирине да жооп иретинде келген эмес. Камакка алуу чечимин сот кабыл алгандыктан, баш коргоо чарасын сот гана өзгөртө алат. Эгер Мырзакматов чечим менен макул болбосо, аны жактоочусу сотко кайрылсын.

Башкы прокуратура өткөн жылдын 27-ноябрында Мелис Мырзакматовго Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык иш козгоп, анын негизинде Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыяланган. Андан көп өтпөй ИИМ Мырзакматовду кармоо боюнча «Интерполго» да кайрылган болчу.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG