Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Hooкатта 7 киши “Хизб-ут Тахрирден” чыкты


Оштун Ноокат районунда жети адам "Хизб-ут Тахрир" уюмунан чыкканын жарыялады.

Бул тууралуу алар райондун борбордук мечитиндеги жума намаздан кийин милиция, атайын кызмат, жергиликтүү бийлик жана диният өкүлдөрүнүн алдында айтышты. Алар 2008-жылдан бери "хизбутчу" болуп келатканы маалым болду.

"Хизб-ут Тахрир" экстремисттик диний уюмунан өз ыктыяры менен чыгып жатканын мечитке келген 7 киши район аксакалдарынын жана диниятчылардын алдында шардана кылды. Алар бул уюмга адашып кирип алышканын жана бул кадамдары салттуу исламга туура келбей турганын эми гана түшүнүшкөндүктөрүн моюндашты.

Өзүн Адахамжан Исаков деп тааныштырган тургун:

Адахамжан Исаков
Адахамжан Исаков
- Мен "Хизб-ут Тахрир" уюмуна адашып кирип алыпмын. Алардын идеялары мага жаккан жок. Ашынган радикалдуу маанайды тутунушат экен. Ошондуктан мына азыр өз эрким менен чыктым. Мындан кийин да ушундай исламдан оолак кыймылдардан кудай сактасын. Алла өзү да Куранда айткан: "Мен силерге 2 нерсе берем: Алланын китеби Куран, экинчиси, пайгамбар, ушул экөөнө гана ишенгиле" деп. Так ушуга дал келбеген нерсе ал чыныгы ислам дини эмес.

Иш-чарага күч кызматкерлери да катышып турушту. Улуттук коопсуздук кызматынын бир өкүлү "Хизб-ут Тахрирден" чыгып жатам дегендердин сөзүн оңдоого аракет кылып жатты.

Тургун: Мен Куранга туура келбеген кыймылдарга кошулбайм, аларды туура эмес деп билем.

УКМК кызматкери: Мен буга канааттанган жокмун. Сиз ошол "Хизб-ут Тахрир" уюмунун катарында жүргөнүңүздү, алардын китептерин окуп, идеяларын туура дегендериңизди эмне үчүн айтпай атасыз? Так ошонун баарын айтыңыз. Биз сиздерди "ал уюмдун катарынан чыкты" деп жөн эле тизмеден чыгарып жаткан жокпуз да, биз сиздерди чыгууңуздар менен проблеманы массага жеткирели деп жатабыз.

Тургун: Мен ушул "Хизб-ут Тахрир" уюмунан мүчөлүктөн чыктым. Экинчи аларга жолобойм.

Манас Исаков
Манас Исаков
Бирок мындагы "хизбутчу" аталып аткандардын айрымдары тыюу салынган уюмда активдүү эмес экендигин "Азаттыкка" билдиришти. Кара-Тейит айылынын мечит имамы Манас Исаков:

- Негизи мен элдин жалган жалаасы менен гана "Хизб-ут Тахрир" уюмуна кошулуп калгам. Болгону 2008-жылы ушул уюм уюштурду делген Орозо айт аземине мен да катышып калган экем, ошондон кийин эле балээ болду. Болбосо мен алардын идеяларын такыр колдогон эмесмин. Туура, өз мезгилинде алар даярдаган китептерди окуганбыз. Бирок ал китептерди биз укук коргоо кызматкерлерине дароо алып келип, маалымат берип турганбыз.

Манас Исаков өзү да борбордук мечитте "Хизб-ут Тахрир" уюмунун мүчөлүгүнөн чыккандыгын ачыктады:

- Өз мезгилинде саясий боштуктан улам мага окшогон бир топ жаштар бул уюмдун идеяларына сугарылган. Динге болгон мамлекеттик бирдиктүү саясаттын жоктугу да буга себеп десем жаңылбайм. Ошондуктан да "Хизб-ут Тахрир" уюмуна көп-көп жаштар кирип кеткен. Эми гана өлкөбүз динге кең саясат жасап, шарттарды түзүп берип жаткандыктан, алардын баары кайтып келип атышат. Кудайдын үйүндө "бул уюмдан чыктык, эми мындай жолдорго барбайбыз" деп айтып аткандан кийин гана ишениш керек да.

Учурда Ноокат районунда "Хизб-ут Тахрир" экстремисттик уюмунун 100дөн ашык мүчөсү бар. Бирок бул 7 адамдын андан баш тартышы жаштарга үлгү болот дешет диниятчылар. Райондун имам-хатиби Маматкасым ажы Турдубаев:

- Негизи биз, диниятчылар мечиттерде, медреселерде жана эл чогулган жерлерде бул сыяктуу уюмдарга кирүү туура эмес экендигин элге байма-бай айтып келатабыз. Бирок ошого карабай ушул сыяктуу радикал топторго кирип жаткандар бар. Алар эми акырындан кайра өзүбүздүн "имам Аззам масхабына" кайтып, салттуу исламды тутунууга баш уруп атышат. Бул да болсо жаман эмес.

Канткен менен радикалдык уюмдардын аракети аймакта дагы деле уланып келаткандыгын күч органдары белгилешүүдө. Ноокат райондук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн ага опери Жаныбек Исаев буларга токтолду:

- Экстремисттик, радикалдык диний уюмдардын ишмердүүлүгүн тынбай көзөмөлгө алып турабыз. Алардын методикасы, иш алып баруу тактикалары да күндөн-күнгө өзгөрүп турат. "Хизб-ут Тахрир" уюмунун негизги иши идеология аркылуу жүрөт. Азырынча буларды такыр жок болуп кетти деп айта албайбыз. Баары бир жашыруун түрдө өз аракеттерин токтотпой келатат. Мындан бир аз күн мурда эле, так ушул уюмдун баракча, дисктерин таркатып жүргөн 2 кишини кармадык.

Малым болгондой, 2008-жылы 1-октябрь Орозо айт күнү Ноокаттагы ызы-чууда райондук акимчиликтин имаратын "Хизб-ут Тахрир" уюмунун мүчөлөрү талкалагандыгы айтылган.

Тополоңдун уюштуруучулары катары 32 адам кармалып, алар мамлекеттик түзүлүшкө шек келтирди деп айыпталган. 9 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылып, кийин Убактылуу өкмөттүн “Мунапыс тууралуу” декретинин негизинде бардыгы эркиндикке чыккан.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG