Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:37

Муниципиалдык милиция: миң жана бир пикир


Ош мэри Мелис Мырзакматов шаарда муниципалдык милиция түзүү демилгесин көтөрүүдө. Ал шаардагы ички иштер кызматын криминалдык жана муниципиалдык деп өзгөртүү менен милициянын ишин жакшырат деп ишенет. Мындай идеяны шаардыктардын айрымдары колдоп, башкалары нааразы болууда.

Шаарда муниципиалдык милиция ачуу боюнча демилгесин Оштун мэри Мелис Мырзакматов калктын муктаждыгы менен түшүндүрүүдө. Анын пикиринче, мындай аракет мыйзамга каршы келбейт экен:

- Аны мен түзөм деп айткан жокмун. Болгону бизде ушундай идея бар деп айттым. Мыйзамда карама-каршылык жок, муниципиалдык жөнүндө атайын мыйзам да бар. Демек бир эле Ош шаарында эмес, Кыргызстандын ар бир эле шаарында ушундай милиция түзүүгө болот. Муну сөзсүз түрдө борбордук бийликке сунушташ керек. Аны аткарууга шаарда мүмкүнчүлүк бар.

Мырзакматовдун белгилешинче, кайсы бир маселелерде ички иштер кызматынын жергиликтүү жетекчилерине тапшырма берүү көйгөйгө айланат. "Ошол себептүү да милиция шаардык бийликке баш ийгени оң" дейт ал:

- Бийликтин вертикалы боюнча алганда биз түздөн-түз милициянын ишине кийлигише албайбыз. Бирок кээ бир маселелер бар. Бул кандай тармакта болот - ал өзүнчө маселе. Эгер керек болсо атайын кызмат, же балдар инспектору деген сыяктуу бөлүмдөрүн шартка карап түзсө болот. Биз ушинтип айтып атабыз. Мунун саясий маанисин алып, ар кандай түс берип, "бөйрөктөн шыйрак чыгаргандын" кереги жок.

Эгер бул сунуш ишке ашса, шаарда милиция криминалдык жана муниципиалдык болуп экиге бөлүнөт экен. Экинчи бөлүгү шаардык бюджеттен каржыланса, криминалдык милиция министрликтен каржылоого алынат. "Бул милициянын ишине жасалган реформа болот" дейт мэриянын укук коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Айтпай Масалиев:

- Чет мамлекеттерде, айрыкча Европа өлкөлөрүнүн баарында милиция криминалдык жана муниципиалдык деп экиге бөлүнөт. Ал эми бизде шаарда бир жыйын болуп калса, бардык милицияны алып келип, ошол жердин коопсуздугун карайсың деп күзөткө коюп койот. Башка кылмыш иштери, терроризм жана башкалар калып калбадыбы? Эгер муниципиалдык милицияны өзүнчө түзсөк, шаардагы тартипти, ушундай иш-чараларды ошолор карайт, калгандары түздөн-түз өзүнүн иши менен алектене берет.

Ал эми Ички иштер министрлиги бул маселеге бир жактуу комментарий бере элек. Милициянын Ош шаардык жетекчилиги менен байланышканыбызда бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышты.

Анткен менен шаар жетекчилигинин демилгеси тургундар арасында кызуу талкууга алынууда. Өзбек тектүү жашоочу Эркин Байназаров мындай аракет менен күч органынын иши жакшырышы мүмкүн деп эсептейт:

- Менин билишимче шаардагы көп жарандар милиция үстүнөн милицияга арызданып келет. Шаар жетекчилиги ага бир чара көрөйүн, же бирөөнү кызматтан алайын десе, милицияга тиши өтпөйт. Анткени алар министрликке баш иет. Ошол себептүү да милиция жергиликтүү бийликтин кол астында болуш керек дегенди эл колдосо керек.

Башка бир тургун Адилет Кабылов мындай демилгени ашкере чектен чыккандык катары баалоодо:
Мунун саясий маанисин алып, ар кандай түс берип, "бөйрөктөн шыйрак чыгаргандын" кереги жок.

- Жергиликтүү бийлик жогорку бийликке сөзсүз түрдө баш ийиши керек. Бирок бул кадам андайдан кабар бербей турат. Шаар башчысынын муниципиалдык милиция түзөм деген ою, орой айтканда, "мен баарын өзүм билем, өзүмчө кичинекей мамлекет болом" деген сыяктуу эле кеп.

Деген менен шаар бийликтери муниципиалдык милиция түзүү ЕККУнун атайын долбоору менен Ички иштер министрлигинде ишке ашканы турган реформалардын башкы маселеси экендигин айтууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG