Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Ош шаарында ички мигранттар көбөйдү


Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бири.
Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бири.

Ош шаарында ички мигранттардын саны 250 миңдей адамга жеткенин адам укугу боюнча "Эдвокаси" борборунун өкүлдөрү айтып чыкты.

Аталган уюмдун өкүлүнүн белгилешинче, келгиндер каттоодон өтпөгөндүктөн толгон токой көйгөйлөргө кабылууда. Алардын көпчүлүгү шайлоого катышуу укугунан айрылып калса, балдары мектепке барууда жана медициналык жардам алууда кыйналышат. Шаардык бийликтер болсо бул мыйзам ченемдүү нерсе экенин айтып кол куушурат.

"Эдвокаси" борборунун иликтөөсүндө көрсөтүлгөндөй, Ош шаарына келген мигранттардын саны соңку жылдары кескин көбөйгөн. Алар Ош облусунун райондорунан жана башка облустардан жумуш издеп келгендер.

Аталган борбордун юристи Улан Бекмуратов келгин тургундардын көйгөйлөрү катары буларды атады:

- Көп адамдар Ош шаарына айылдардан, райондордон келишкен. Бул жерге келген менен толгон-токой проблемаларга кезигишет. Ошондуктан балдарын мектептерге, бала бакчаларга бере алышпайт, поликлиникаларга барышса «силер шаардык эмессиңер» деп кабыл алышпайт. Пособия жана пенсия алууда да ушундай эле көйгөйлөр. Балдар окубаганы бир маселе болсо, шаардагы кылмыштуулуктун жана сойкулуктун көбөйүп жатканы да ушулардын каттоодо турбаганынын айынан болуп жатат деп айтууга болот. Алар жыш жашаган жерлерде антисанитария болгондуктан жугуштуу оорулар да көп кездешет.

Мунун үстүндө «Эдвокаси» борбору жергиликтүү бийликтер менен биргеликте 5 айлык атайын долбоор баштады. Анын башкы максаты ички мигранттарды каттоого алууну жөнөкөйлөтүү болуп эсептелет. Бул процесс мыйзамда так көрсөтүлгөн менен тиешелүү органдардын бюрократтыгы маселени оор боюнча калтырууда:

- Ички мигрант маселен, айылда каттоодо туруп, шаарга келе турган болсо ал жерден сөзсүз түрдө каттоодон чыгып келиши керек эмес. Ал жерде деле каттоодо туруп, шаарга убактылуу каттоого туруп жашай берсе болот. Керек болсо ошол эле каттоо менен 3 жылдан кийин жер алууга, же дагы башка кадимки шаардыктардыкындай эле укукка ээ болот. Мунун баары мыйзамда бар. Бирок бүгүнкү күндө бирдиктүү жалпы механизм жок, - дейт уюмдун юристи Улан Бекмуратов.

Расмий эмес маалыматтарда Ош шаарынын калкы жарым миллиондой деп айтылып жүрөт. Бирок алардын жарымы гана каттоодон өткөн. Демек калган 250 миңдей адамды ички мигрант деп саноого болот. Алардын көпчүлүгү шаардын жакасындагы айылдарда жана шаардагы үй-бүлөлүк жатаканаларда жашашат.

17 жылдан бери Ош шаарында жашаса да «шаар тургуну» деген статуска ээ боло албай келаткан Зейнеп Камчыбекова өз жагдайын минтип түшүндүрдү:

- Биз Кыргызстанда эле жашайбыз, бирок кандайдыр бир маселелерге келгенде эле «силер ал жактан келдиңер, силер бул жактан келдиңер» деп айылдык кылып бөлүп коюшат. Каттоого туруш тозок иш десем болот. Үй сатып алсаң деле толук документ бербей, бир кичинекей эки барактуу акт берет. Аны менен мүлкүңдү сата албайсың дагы, күрөөгө коюп насыя да ала албайсың. Аны эч ким тоготпойт деле. Анан бизди медициналык жактан тейлөө деген нерсе жок. Балаң ооруп калса да ФАПтарга алып барсаң «сен шаардык эмес экенсиң» деп карабайт. Шаардык катары эске алынбагандыктан балдарыбызга мектеп деле салынган эмес. 3-4 чакырым жүрүп, Оштун ичиндеги мектептерге келишет.

Ал эми бийликтер болсо ички миграцияны жашоонун мыйзам ченемдүүлүгү катары баалап, аны токтотуу мүмкүн эместигин айтып кол куушурушат. Ош шаардык жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу башкармалыгынын башкы адиси Салима Исмаилова «Азаттыкка» мындай деди:

- Жаз келди, кыштактагылар Ошко келишет. Ош шаарындагылар Бишкек, Казакстан же Орусияга кетет. «Балык суунун терең жерин издегендей» эле адамдар да ыңгайлуулук бар жерди, жумуш бар жерди издеп, ошол жакка кете берет экен. Бул эми турмуштун зарылчылыгы, же мыйзам ченемдүүлүгү деп койсок болот. Башкача айтканда таң калыштын деле кереги жок. Бирок эми борбор жактарды көздөй агып келиштиби, демек ушул жерде аларга шарт түзүп бериш керек.

Бирок ошо шарт качан түзүлөт, ким түзүп берет азырынча белгисиз. Адистер ага чейин Ош шаарындагы ички мигранттардын укугу сакталбаганы сакталбаган деген ойдо.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG