Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Ош: «Ынтымак жарчылары» ишин баштады


Элдик медиаторлор. Ош, 2011-жылдын 1-августу.
Элдик медиаторлор. Ош, 2011-жылдын 1-августу.

ЕККУ колдоосу менен Ошто элдик медиаторлор түйүнү түзүлдү.

«Ынтымак жарчылары» деп аталган медиаторлор өзбек-кыргыздар арасында эле эмес, түрдүү жаңжалдардын алдын алышмакчы. Долбоор өкүлдөрү эки элдин мамилеси былтыркыга караганда жакшы жагына оогонун белгилеп жатышат.

Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарындагы канатташ жашаган элдерди достукка үндөөчү медиаторлор, башкача айтканда «ынтымак жарчылары» ишке киришти. Долбоорду аткаруучу ИРЭТ коомдук фонудунун өкүлдөрү эл ичинен тандалган ортомчулар жаатташкан тараптарды биримдикке алып келээрине ишенет. Алардын бири Тотуя Исакованын айтымында, бул долбоор этникалык кагылыштан кийинки кырдаалдын зарылчылыгынан иштелип чыккан:

- Июнь окуяларынан кийин абал чынында оор болчу. Эл бири-биринен шектенип туруп алды. Мамиленин баарын стабилдештирүү маселеси келип чыкты. Ошонун негизинде долбоор жазылып, ишке ашып калды. Эки элдин ынтымагын чыңдоо эле эмес, жарандардын толеранттуулугун да артыруу долбоордун башкы максаттарынын бири.

Ош жана Жалал-Абад боюнча өзбек-кыргыз өкүлдөрүнөн жалпысы болуп 500дөн ашык медиатор топтолгон. Алар тайпа-тайпаларда окуулардан өтүп, өздөрү жашаган жерлерде түрдүү иш-чараларды уюштурмакчы:

- Биринчи алардын лидерлери 18 күндүк тренингден өтүшөт. Анан өздөрүнүн командасына барат да, үйрөнгөнүн ошолорго үйрөтөт. 2 тренерге 20дан медиатор туура келип атат. Баардыгы бир сыйрадан сабак алып бүткөндөн кийин өз ара пландарды түзүп иштей башташат. Иш пландардын баары ушу эки элдин ынтымагын чыңдоого багытталат, - дейт долбоордун Оштогу өкүлү Тотуя Исакова.

ЕККУ тарабынан каржыланып жаткан долбоор үч жылдык мөөнөткө белгиленген. Деген менен анын катышуучулары «ынтымак жарчылары» түбөлүккө калат деп ишендирүүдө. Оштун Нариман кыштагынын жашоочусу Захида Абдуллаева “Азаттыкка” мындай деди:

- 90 жылдагы окуялар, былтыркы июнь окуялары кайрадан кайталанбашы керек. Ошонун алдын алышыбыз керек. Биздин максат дагы ошол. Бул үчүн биз - «Ынтымак жарчылар» ар бир мааледе, ар бир кварталда, ар бир айылда элди ынтымакка үндөп жатабыз. Достукка үндөөнү токтотпойбуз. Бул эми бир айга, же бир жылга эмес, бир өмүргө болушу керек. Биздин жаштарга, биздин элге ар дайым достук, ынтымак керек.

Захиданын айтымында, учурда эки калкка тең тынчтык абадай зарыл болуп турат:

- Өзбек коомчулугу да, кыргыз коомчулугу да тынчтык каалап турат. Ошто жашаган ар бир кишинин оюнда тополоң чыгып кетпесе экен, тынч болсо экен деген ниет бар. Эки элдин тең максаты бир - тынчтык.


Ал эми дагы бир «ынтымак жарчысы» Тыныбек Бекмуратов алардын иши эң биринчиден элдин арасындагы ушак-айыңдарды токтотууга багытталаарын айтат:

- Биздин максат дайыма биргеликте болуу. Айрыкча эл арасында чыгып жаткан ушак-айыңдарды жок кылыщыбыз керек. Өзбек маалелери тууралуу сөз чыгып атса биз ал жердеги медиаторлор менен байланышабыз да маалыматтарды тактайбыз. Кыргыздар тууралуу ушак-кептерди угуп атса өзбектер бизден сурашат. Жыйынтыгында бир-бирибиз менен тыгыз байланышып, ишеним пайда болот.

Былтыркы калабалуу окуялардан кийин элдин достугун чыңдоо максатында аймакта буга чейин да бир катар иш-чаралар өткөрүлүп келген. Бирок алардын көпчүлүгү формалдуу гана болуп, жагдайга түзүктөп таасир этпей жатканын серепчилер белгилеп жатышат. Деген менен «ынтымак жарчылары» өзбек-кыргыздын бири-бирине болгон ишенбөөчүлүгүн жок кылабыз деп убада кылышууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG