Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:17

Эркиндик

Оштогу сотто айыпталуучулар муш жеди

Ошто адвокат Татьяна Томина коогалаңга байланышкан сотто доогерлер анын өзүн улуттук мүнөздө басмырлап, эки айыпталуучуну ур-тепкиге алганын арызданды.

Архивден: Коогалаңга байланышкан сот ишинен бир көрүнүш.
Текст көлөмү - +
2-февралда Ош шаардык сотунда болгон окуя тууралуу Татьяна Томина президентке, өкмөткө, Башкы прокуратурага жана бир топ эл аралык уюмдарга арыз жазган. Адвокаттын билдиришинче, сот процессинде улуттук маанайдагы басмырлоолор айыпталуучуларга гана эмес, ага карата да болгон экен:

- Жабырлануучунун адвокаты жана күбөлөрү келбей калганына байланыштуу сотту кийинкиге жылдырышты. Ошол мезгилде эле жабырлануучу тараптагылар ызы-чуу салып, айыпталуучуларга асыла кетишти. Болушканга аракет жасаганыма карабай, тордун ичинен эле аларды сабап салышты. Мага "болушпа" деп, улуттук маанайдагы басмырлаган сөздөр менен сөгүштү. 

Татьяна Томина июнь коогалаңында 2 кишини өлтүрдү деп айыпталгандардын бири Хасанбай Мирзакаримовдун жактоочусу. Мирзакаримов менен кошо дагы бир соттолуучу бар:

​​- Сотто 2 эле кайтаруучу болгондуктан, айыпталуучуларды коргой алышкан жок. Башка жардам чакырайын деп чыксам, прокурор Марат Ботояров күлүп туруптур. "Келип жардамдаш, токтотуп калалы" десем болбой койду. Жабырлануучунун адвокатына айтсам, ал болсо кайра мага "сен не кыласың, дагы уруп-сабап алышсын" деп койду. Бул кылганы туура эмес да.

Томина жабырлануучулар анын бир нече документтерин да айрып салышканын кошумчалады.

Сот ишинде прокурорлук кылган Марат Ботояров "Азаттыкка" маек куруудан баш тартты:

- Мен бул нерсе жөнүндө сүйлөй албайм. Эч нерсени билбейм дагы. Билбесем билбейм дейм да.

Жабырлануучу тараптын актоочусу Аваз Мирзаев окуяны башкача мүнөздөйт:

​​- Бул жерде оюн болуп жаткан жок, 2 адамдын өлүмү боюнча сот өтүп жатат. Бирок ошого карабай адвокат Томина телефондон узакка чейин сүйлөшүп туруп алды. Анан жабырлануучулар кыжыры келип, "сен бизди тоотпой атасыңбы, бул жерде биздин кайгыбыз болуп атса" деп кыйкырып жиберишти. Алар бир эле адвокатка эмес, прокурорго, сотко карата "сотту тынбай эле созуп жүрө бересиңерби? Же ары, же бери кылбайсыңарбы" деп нааразылыктарын билдирип жатышкан. Анан Татьяна Томинага карата улуттук маанайда эч кандай сөз болгон жок.

Адвокат Татьяна Томинанын арызы боюнча иликтөө иштеринин башталган-башталбаганы тууралуу Ош шаардык прокуратурасынан маалымат алууга мүмкүн болбоду. Бирок адистер бул иштердин жыйынтыктары чыгып, кимдир бирөө жазага тартылаарынан шектенишүүдө. Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова:

- Башкы прокуратуранын бир топ иштеринен кийин, президент Атамбаевдин "сот жараяндарында мыйзамдуулук болот" деген убадаларынан кийин абал тынчып, кырдаал жөнгө салынып калгандай болду эле. Бирок адвокат Татьяна Томинаны кысымга алып, басмырлоолор болгондон кийин абал баары бир оор экени көрүнүп калды. Өкүнүчтүүсү ушундай жолго барган адамдар өз жазаларын албай жатат. Өзгөчө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун прокуратуралары бул жаатта такыр эле иштебей атышат. Бул өтө коркунучтуу нерсе.

Адвокат Татьяна Томина буга чейин да сот процесстеринде жана тергөө убактарында бир нече жолу уруп-сабоолорго жана коркутууларга кабылган. Ал бир жарым жылдан бери негизинен 2010-жылкы июнь окуясына байланышкан кылмыш иштеринин үстүнөн иш алып барууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Анара каяктан: Ош
17.02.2012 13:23
Кандай гана сот процесси болбосун эки тарап созсуз урушат, мушташат. Ошондуктан оозу ачылган эки мент кызматкерин койбой, эки тараптын тен коопсуздугун сот органдары камсыз кылуулары керек. Сот окумун окуп койуп чыгып кетет, сот залында андан ары эмне болоору менен иштери жок, хотя прекрасно билип,угуп турушат ит-мышык болуп жатышканын. Эмне бул жарандарды "бири-бини тытып же" деп мазактаганыбы?
Мен да жакында Ош коогаланы боюнча сот процессине катыштым,жабырлануучу тарап катары,бирок айыпталуучу тарап бет тырмачылык кылып "дежур аялдарды ээрчитип келген экен" эми биз жабырлануучу болбой эле алар док кылып,жулмалашып, ортодо ажыратып жаткан эркектерди силер бизди турттунор, туртконго кандай акынар бар,силерди сотко беребиз деп,жабырлануучу тарапты жулмалап салды. Сот залында турган эки жаш милиционердин колунан эч нерсе келген жок, ал гана эмес айыпталуучу тараптагы эркектерди "ажылдак" аялдар жакалап киришти. СОТ ЗАЛЫНДА ТАРТИПТИ,КООПСУЗДУКТУ САКТООНУ КИМ КАМСЫЗ КЫЛУУСУ КЕРЕК? УШУЛ СУРООНУ УКУК КОРГООЧУЛАРГА УЗАТЫП ЖООП АЙТЫП КОЙГУЛАЧЫ?

кимден: Илик каяктан: Ош Р
07.02.2012 17:14
Элмазга карата пикир калтырган мусулманга. Туура исламда улутка болуу деген жок. Кечиримдуулук маселеси да жогору коюлат. Бирок сенин жакынынды олтурсо аны тайрандатып жон кой деген мыйзам да жок. Андан оч алууга же кун (за моральный и материальный ущерб) толотуп алганга толук укуктуу. Анан озбектерди олтургон кыргыздар уялбай эле журот дейсин, кана ошолор? Сен эмне аларды милицияга бербей тымпыйып журосун? Кылмышты жашырганын учун сени да сот жообуна тартуу керек. А эгер "жон эле" жазып койгон болсон билип ал: олтургондор, кылмышы такталган кыргыздар турмодо олтурушат. Ал эми озбектердин копчулугу тополонду басууга аракет кылган куралдуу жана мыйзамдуу кучторго каршылык коргозуп, террор жасагандыгынан, милиция кызматкерлеринин баштарын мал сойгондой жулуп алышкандыктарынан, берилген эскертуулордон баш тарткандыгынан улам мыйзамдуу атылган октордон ажал табышкан. Уйлорунда орттон олгондору да болгон, албетте. Жазган пикирине далил берууну сунуш кыламын. Эгер далилин болсо ошол эркиндикте жургондордун аты-жонун, жашаган дарегин тактап болумго бер. Антпесен прокуратурадан сени табуу жонундо санкция чыгартып, анан ишке отобуз. Баалуу информация учун Азаттыкка чон рахмат.

кимден: Adam каяктан: kyrgyzstandyn bir burchu
05.02.2012 02:08
Elmazga; Cenin dele aitkanyn tuura emes da,jakyndaryn jogotkondor myizam chegine koiup berishse tuura bolmok,alar bilbei turup sen oltyrdyn dep ele biroogo asyla bergen tuura emes,Kudai karap turat kim emne kylganyn, baary bul dyinodo b-o Kudaidyn aldyna barganda joop beret,anan myizam ystyndo ishtep atkandar akchasyna karap emes jasagan jazasyna karap kyrgyz bolobu,uzbek bolobu tuura myizam chygaryshsaa jakshy bolmok.

кимден: Алмазга каяктан: Оштон
04.02.2012 11:12
Алмаз, иним! Сен туура созду айттын! Бирок, ошол сен айткан ооор кундор озбектердин деле башына тушту го! Эмне учун биз озубуздон же алардан деп болуп жатабыз? Эмне, кыргыздардын арасында алданып ошол мыкаачылыка баргандар жокпу? Бар. Коп. Эмне учун алар жазаланбайт? Олгон кыргыздын туугандарына караганда олгон озбектердин туугандарына кыйын го! Анткени, кыргызды олтургон мыкаачылардын канчадыр пайызы камакта отурат. Ал эми озбектерди олтургондор журот арабызда уялбай, кыйналбай... Кудай кыргыз озун ондосо гана колдойт, Алла учун бир эл экинчисинен улуураак болбойт! Бир гана ыйман элди улуу кылат!
Пикирге жооп

кимден: Илик каяктан: Ош Р
07.02.2012 17:26
Алмаз мага жооп бер.
Пикирге жооп

кимден: muslim каяктан: usa
05.02.2012 03:55
Allah senden iraazi bolsun! Ulutchuluk qilgandar bizden emes!(hadis)

кимден: Элмаз каяктан: Ош
04.02.2012 10:20
Толойкон эже сиз кызыныз же уулунузду зордуктап,кыйнап олтургон денени корсонуз канчалык оор экенин ошондо коросуз ,ошондой уулдарынын,кыздарынын ,жолдошторунун мыкаачылык менен олтургонун коргондорго психол-к жактан канча оор аны коргон туугандарынын ден-соолугу эмне болду деп сурагандын оордуна жазалаш керек дейсиз,мен ошол ош коогаланында куйгузуп олтургон адамдын денесин коруп дагы да коз алдыма келе берет,тушко кирет,айтыш оор эже,Батыштын саясатын колдоп атып мына ушуга келдинер ,Кыргыз менен Озбек элинде эч кандай куноо жок ,бирок ошого алданып ушундай мыкаачылыкка барган адамга олумдон башка эч кандай жаза жок ,адвокат дагы коргон эмес ал согушту ,коргондо башкача жактамак,канчалаган жаш жеткинчектер корду ошол адамдардын денелерин алар жонундо эч ким ойлонгон жок,бир гана жактап соттолучулардан алганды акташ керек болуп жатат да,Жоок эже силесиз деле кыргыз эли оз укугун озу коргоп алат кудай колдойт улуу элди.ОСКУН,АЛГА КЫРГЫЗ элим!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине