Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

"Достук" ачылды, Кара-Суу жанданды


Кыргыз-өзбек чек арасынын "Достук" бекети ачылгандан бери Кара-Суу базарынын соодасы жанданды. Өзбекстандан келген алармандардын саны артып, соодагерлердин капчыгы калыңдоодо.

Бирок ошого карабай коңшулар кыргыз жакка келүүдөн кооптонуп жаткандыктарын айтышууда. Келгендерин Кыргызстандын милициясы кыйнап жаткан экен.

Соодагерлердин тили менен айтканда "сезон учуру" келгенби же, жакында эле ачылган "Достук" өтмө бекетинин шарапатыбы, айтор Кара-Суу базарында алармандардын саны кадимкидей арбыган. Түштөн кечке чейин мындагы жол автоунаалардын тыгынынан бошой албай турат.

Базардын ичинде да бут койорго жер жок. Бири алып аткан, бири сатып аткан эле киши. Алармандар көбөйүп, сатуучулар кудуңдап жүрүшөт. Соодагерлердин бири Алмакан Түмөнбаева:

- Соодабыз жакшы боло баштады. Чек ара ачылгандан бери ала турган адамдар көбөйө баштады. Бул эми бул жердеги миңдеген соодагер үчүн жакшы да. Алар үй-бүлөсүн ушул жерде иштеп багат. Чек ара ар дайым ушинтип ачылып турганы жакшы бизге.

Базарда отургандардын башка бири Саадат Кошокова коңшу өлкөдөн товарларга буйрутма ала баштаган экен:

- Буга чейин Өзбекстандын акчасына соода болбой жаткан. Мына, 1-2 аптадан бери түшө баштады. Демек ал жактан адамдар келе баштаптыр. Башкасын билбейм, бирок мага коңшу өлкөдөн бир канча товарга буйрутма берип кетишти.

Деген менен мындагылар баары жайына келип калды дегенден алыс. Кара-Суу районунда мындан башка дагы 2 өткөрмө бекети жабык бойдон турат.

"Достук" бекетинен азырынча бирин-экиндеп гана өткөндөр болбосо, кардарлардын калың катмары Кыргызстанга келүүдөн кооптонуп турат. Келгендерин болсо милиция кыйнап жаткан экен.

Өзбекстандык Мирланды базарда жүргөн жеринен жолуктурганыбызда ал буларды айтып берди:

- Чынын айтканда кардарлар мурдагыдай келе элек. Алар келгенден коркуп турушат. Келгендерин деле милиция кармап алып, кууп, акчасын алып коюуда. Эми алар келиш үчүн бул жак тынч болуп туруш керек да. Ар кандай имиш кеп, тополоң боло берсе ким ишенет?

Сатуучулардын дагы бири Шавкатбек Шакиров да өлкөдө стабилдүүлүк болсо гана Кара-Суу базарынын иши кызуу болот деп ишенет:

​- Негизи бизге бир гана соодагерлер келбейт да. Жөнөкөй эле катардагы адамдар күнүмдүк тиричиликке керектүү буюм сатып алганга келет. Анан бир эле "Достук" менен чектелген болбойт. Мына, жакынкы өтмө бекеттерди да ачса жакшы болмок.

Орто Азиядагы ири соода борбору болуп саналган Кара-Суу базарынын иши Өзбекстан чек арасын жаап салгандан бери солгундап келген.

Адистер бир жылдан бери базарда иш орундары 30-40 пайызга чейин кыскаргандыгын айтып, миллиондогон суммалар айланбай калды деп келишкен.

Коңшу өлкө мындай кадамга Кыргызстандагы былтыркы апрель жана июнь окуяларынан кийин келген болчу.

"Достук" бекетинен башка эки өлкө ортосунда дагы 7 өткөрмө бекети бар. Бирок алар качан ачылары азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG