Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

Алтыбаева: Коогада жапа чеккен ишкерлердин абалы оор


Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева банктардан насыя алып, июнь окуясынан кийин аны төлөй албай калган ишкерлердин абалы оор экенин айтып чыкты.

- Июнь окуясында жабыркаган ишкерлердин абалы оор экенин Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген элеңиз. Банктардан насыя алып, июнь окуясынан кийин аны төлөгөнгө чамалары жетпей жатабы?

- Бир топ ишкер айымдар мага кайрылышкан эле. Алар өздөрүнүн үйүн күрөөгө коюп насыя алып, натыйжада үйлөрүнөн айрылышкан. Тагыраак айтканда, алар июнь окуясына чейин эле үйүн банктарга, кичи насыя берген компанияларга коюп, насыя алып ишкерлик менен алектенип келишкен.

Окуядан кийин товарлары таланып, айрымдарыныкы күйүп кетип, же дагы башка себептерден иштери жүрбөй, насыяларын төлөй албай калышкан. Натыйжада күрөөгө койгон үйлөрүн коммерциялык банктар, микрокредиттик компаниялар алып алган. Өткөн жыйында жабыркаган ишкерлерге жардам көрсөтүү боюнча токтом долбоорун киргизип, ал кабыл алынды.

- Өкмөт ушул багыттагы чечим кабыл алды эле, ал иштебей жатабы?

- Жок, ал боюнча иш жүрүп атат. Жалпысынан Ош жана Жалал-Абадда июнь окуясынан 2 миңден ашык ишкер жабыркаган. Аларга 50 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз акчалай жардам жана 10 жылга 150 миң сом өлчөмүндө ссуда берилген. Мындан тышкары аларга жеңилдетилген шартта насыя берүү каралган эле.

Ал эми мага кайрылган жагдай башка. Мисалы, Айзада Рысалиева деген Кара-Суунун ишкери микрокредиттик компаниядан июнь окуясына чейин 300 миң сом 72% менен насыя алган. Азыркы убакка ал 304 миң сом негизги суммасын төлөптүр. Бирок аны микрокредиттик компания 235 миң сом үстөк пайызын төлөп бересиң деп үйүн алып коюптур.

- Учурда 80ден ашуун ишкердин абалы оор деп айткан экенсиз. Бардыгынын маселелери ушундайбы?

- Менин колумда 84 ишкердин арызы турат. Мисалы, дагы бир ишкер Абитова Гүлайым деген 200 миң насыя алып, 240 миң сом төлөптүр. Бирок дагы деле үстөк пайызын төлөшүң керек деп үйүн алып койгон.

- Негизи насыя маселеси боюнча акыркы убакта нааразы болуп чыккандардын саны көбөйдү. Экинчи дагы бир маселе - июнь айындагы окуядан кийин ишкерлердин көбү, дээрлик 90% көмүскөдө иштей тургандыгы ачыкталды деп айтылып атат. Ошол себептүү да жеңилдетилген насыя ала албай, жардамдарга илинбей жаткан экен?

- Патент албай, көмүскөдө иштеп аткандар бар. Өткөн жылдагы окуялардан кийин өкмөт тарабынан жардамдарын ала албаган маселелер дагы бар. Анткени расмий документтери жок да.

- Эми сиздер июнь окуясында жабыркаган ишкерлерге жардам берүү үчүн банктар менен сүйлөшүп жатасыздарбы? Үйлөрүн күрөөдөн чыгарып берүү үчүн кандай жардам берип атасыздар?

- Жума күнкү жыйында кабыл алынган токтомго ылайык, биринчи кезекте мекемелер аралык комиссия түзүлөт. Ошондой эле үйдү алып коюу боюнча сот жараяндарын убактылуу токтотуп, комиссия ар бир ишкер жана ар бир насыя менен иштейт.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG