Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Кулчулук куураткан тагдырлар


Кыргызстанда жыл сайын адам сатууга жана кулчулукка 5 миңге чукул адам кабылаары айтылууда.
Кыргызстанда жыл сайын адам сатууга жана кулчулукка 5 миңге чукул адам кабылаары айтылууда.

Ошто Эл аралык миграция уюму студенттерге кулчулукка кабылбоо жолдорун үйрөтүүдө. Уюмдун маалыматында, чет өлкөгө иштегени кетип, адам сатууга кабылгандардын көпчүлүгү жаш жигиттер менен кыз-келиндер.

20 жаштагы Адилет (аты өзгөртүлүп берилди) Орусияда көргөн азап-тозогун айтып берди:

- Өзүбүздүн эле айылдаш киши 15 баланы алып кеткен. "Иштесеңер 25 миң рублден маяна беребиз" деп убада кылган. Таанышыбыз болгон үчүн ишендик. Бирок 2 ай иштедик, жок. Айлыкты талап кылсак, "сен жол акыңдан али кутула элексиң" дейт. "Бир жыл иштесеңер акча беребиз, келишимде ошондой деп жазылган" деп жайгарып атышты. Башында жакшы эле мамиле кылып атышкан, кийин корсулдай башташты. Акыркы күндөрү тамак-ашы да жакшы болбой калды. Кээде уруп жиберген күндөрү болду…

Адилет адегенде өзүн кулчулукка кабылдым деп ойлобогону менен, сапарынын аягы ушуга алып келип койду. Акча таап келем деп барып, кайра үйдөгүлөрдөн каражат сурап, араң кайтып келген:

- Азыр эми айтсак көпчүлүгү ишенбейт. "Баары эле иштеп атышат го, силер эле кантип кул болуп каласыңар" дешет. Мен орус тилин билбейт элем, бирөөгө кайрылайын десем же тааныштарым жок. Башка иш тапканга мүмкүнчүлүгүм жок. Араң эле жүрдүм. Бир жыл иштетип, бир тыйын бербей кайтарышты. Же жол акы беришкен жок. Андан да уруп-тепкилегендеринин залалы азыркыга чейин тийип атат.

25 жаштагы Феруза (аты өзгөртүлүп берилди) мындан да оор тагдырга кабылган. Ал да башкалар сыңары эле тааныштары аркылуу Орусияга иштегени барган. Кичинекей кызы менен апасын багып, жетиштүү турмушта жашайм деген кыялдарын ал жакта балакет күтүп турганы үч уктаса да түшүнө кирген эмес:

- Өзүмдүн эле курбум "Орусияда короочу болуп иштейсиң" деп алып барган. Бирок бизди сатып жиберди. Аэропорттон түшөөрүбүз менен эле каттоого деп паспортторубузду алып кетишкен. Бир үйгө алып барышканда ал жерден кыздардын косметикаларын, тамекилердин чачылып жатканын көрдүм. Анан чынын айтчы, эмне иш кылабыз деп сурасам, "сойкулук менен алектенесиң" деди. Мен ызы-чуу кылсам, токойго алып барып сабап салышты. "Иштебесең өлтүрүп койобуз" деди. Айла жок иштөөгө туура келди.

Ошентип өзүнүн сатылып кеткенин түшүнгөндөн кийин гана Феруза качууга кам урат. Бирок эч ким тааныбаган жерде бул оңой эмес эле. Ошентсе да жардам берчүлөр болбой койгон жок:

- Каршылык көрсөтсөң эле өлгүдөй уруп-сабашат. Кээ күндөрү эсимди да жоготуп коюп жаттым. Кан жалатып, бир үйгө тамак бербей камап салышат эле. Ошентип бир күн пландап отуруп качып кеттим. Бирок белгисиз айылга барып калдым. Жакшы адамдар бар экен, бир орус кемпирдин үйүндө корголоп жаттым. Анан баягы кемпир мага пенсиясынан 2 миң рубль берди. Аны жол кире кылып, Кыргызстандын элчилигине бардым. Ошол жерден баарын түшүнүп, документтеримди бүтүрүп, билетимди алып, салып коюшту…

Ферузанын белгилешинче, ал барган жерде азыр деле кыргыз жана өзбек улутундагы кыз-келиндер секс кызматына мажбур тартылып жүрөт. Аны алып барган таанышы да кыздарды алдап кеткен адатын улантууда. Арыз менен милицияга кайрылуудан майнап чыккан жок. Шылуун колго түшкөнү менен аз күнгө жетпей боштондукка чыгып кеткен.


Тор жайган кылмыштуу топтор


Адистердин айтымында, кулчулукка кабылгандардын 80 пайызын аялдар түзөт. Алардын тең жарымынан көбү бойго жетпеген кыздар.

Эл аралык миграция уюмунун Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча өкүлү Назира Абдувапованын айтымында, 2011-жылы аларга жардам сурап кайрылган 230 адамдын басымдуусу да аялдар болгон:

Назира Абдувапова
Назира Абдувапова
- Аялдар өтө ишенчээк болот. Жакшы маянасын айтып, ар кандай убадаларды берсе көнүп кетишет. Аял киши алсыз болгондуктан көбү аларды күч колдонуу менен сатып жиберишет. Ошол себептен да кыз-келиндер кулчулукка көп кабылышат.

Ошол эле кезде сатылып кеткендердин көбүн балдар түзөт. Аларды уурдап барышып, ар кандай ишке салышат, же денесинин бир бөлүгүн кесип алып коюшат. Бул адам сатуулардын артында уюшкан кылмыштуу топтор турат.


Эл аралык миграция уюму кулчулукту алдын алуу боюнча жыл сайын ар кандай долбоорлорду ишке ашырып келет. Өзгөчө жаштарга, анын ичинде студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү алардын башкы милдети.

Ошого карабай Кыргызстанда ар жылы адам сатууга жана кулчулукка 5 миңге чукул адам кабылат. Мунун басымдуу бөлүгүн мигрант жаштар түзөт. Бирок алардын көпчүлүгү тартип коргоо органдарына жана бейөкмөт уюмдарга жардам сурап кайрылышпаганы айтылууда. Кыргызстандан кулчулукка кабылгандар негизинен Орусия, Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Кытай жана Казакстан өлкөлөрүнө туш келет.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG