Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Ошто “хизбутчу” делген кыздар кармалды


Тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" уюмунун баракчалары.
Тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" уюмунун баракчалары.

Ошто "Хизб-ут Тахрир" уюмунун идеяларын коомчулук арасында таратып жүрөт деген шек менен кармалган эки кызды Ош шаардык соту үй камагына бошотту. Мындай чечим кыздардын мурда соттолбогонуна жана алардын турмуш-шартына байланыштуу чыгарылган.

Ал арада милиция кызматкерлери тыюу салынган уюмдун мүчөлөрүнө каршы коомчулукту чогуу күрөшүүгө чакырып жатат. Бул чакырыкты мамлекеттик диний мекемелердин өкүлдөрү да колдошууда. Ал эми эл арасында "хизбутчуларга" күч органдары тарабынан күрөш солгун жүрүп жатат деген ой басымдуулук кылат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 29-июнь күнү кармалган кыздар 18 жана 20 жашта. Экөө тең калаадагы окуу жайлардын студенттери экени айтылууда. Милиция кызматкерлери кыздарды атайын маалыматтардын негизинде үйлөрүнөн кармашкан.

Алгач алар үчөө экени кабарланган эле, бирөө камоого жетиштүү далил жок деп бошотулган. Кылмыш иши козголгон эки кыз тең Ош шаарынын тургундары. Кармалып, бирок кылмыш козголбой бошотулганы Аксы районунун тургуну. Ал кыздар менен азырынча жолугууга мүмкүн боло элек.

Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдиргендей, шек менен кармалган кыздардын үйлөрүн тинтүүдө тыюу салынган диний адабияттар, компакт-дисктер жана халифат курууга үгүттөгөн баракчалар табылган:

- Бир кыздын үйүнөн 25 даана диск, 2 баракча, 1 флеш карта, 1 нетбук жана 13 экстремисттик мүнөздөгү китепче табылган. Дагы бир кыздын үйүнөн 24 даана диск, 14 даана экстремисттик багыттагы баракча, 11 китеп чыккан. Алардын баарында Халифат курууга үндөгөн чакырыктар бар болчу. Алардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 299-статьясынын негизинде – диний-расалык карама-каршылыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголду.

Ош шаардык соту камакка алынган кыздарды эки айга үй камагына чыгарды. Мунун себебин сот кызматкерлери айыпталуучулардын биринин 7 айлык наристеси бар экени, экинчиси онкологиялык оорулуу экендигине байланыштуу деп түшүндүрүштү. Бул аралыкта шектүүлөр үйдөн сыртка чыкпайт. Алардан алынган каражаттар атайын текшерүүдөн өтүп, анын тыянагы менен сот 29-августта уланат.

Милициянын маалыматы боюнча 18-20 жаштагы кыздардын “Хизб-ут Тахрир” уюмуна мүчө деген шек менен кармалышы Ош аймагында алгачкы жолу болууда. Өткөн жылы аялдар “Мастурат” деген кыймылга мүчө болуп жатканы ачыкка чыккан эле. Алардын мүчөлөрү көбүнчө үй-бүлөлүү айымдар болгон.

Замир Сыдыков билдиргендей, жаштарды тыюу салынган уюмга тарткан кишилер азыр эл арасында ачык эле жүрөт. Аларга каршы коомчулукта чогуу күрөшүү аракеттери көрүлүшү керек:

- Аларды бирөө азгырды да бул уюмга мүчө болууга. Демек башчылары коом арасында эле жүрөт. Жаштарды ушундай туура эмес жолдорго кирип кетпеши үчүн жергиликтүү бийлик, айыл башчы, көчө башчылар, дегеле коомчулуктан баары чогуу аракет кылышы керек. Бир гана милициянын күрөшүнөн майнап чыкпайт. Бул менен "Ош аймагында тыюу салынган диний уюмдардын өкүлдөрү аябай эле көбөйүп кетти",- дештен алысмын. Бирок бар. Күч органдарды колдон келишинче бул жаатта күрөш иштерин жүргүзүп жатат.

Жогорудагы пикирди Облустук казыяттын алдындагы аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамила Жапашова да колдойт. Ал тыюу салынган диний уюмдардын мүчө деп шектелгендердин камалышы же текшерүүгө алынышы туура деген ойдо:

- Жаштар арасында туура эмес деп эсептелген диний агымдарга кирип кеткендердин көбөйүшүнө мамлекетте өсүп келе жаткан муунга көңүл бурулбай жатканы себеп болуп жатат. Биз мектепте, жогорку жана орто окуу жайларында окуган кезде бирдиктүү идеология бар болчу. Өз мекенин сүйүү, сырткы күчтөрдүн азгырыктарына маани бербөө, аларды ээрчибөө сыяктуу. Азыр ошондой идеологиянын жоктугунан жаштар түрдүү багыттагы агымдарга кошулуп кетүүдө. Бул нерсеге тыюу салуу үчүн мектепке дин таануу сабагын киргизип, салттуу дин жөнүндө көбүрөөк окутуш керек.

Экинчиден, бекерчиликтен улам да ушундай агымдарга мүчө болуп жатышат. Эгер иштеген жумушу, чөнтөгүндө акчасы болсо эч ким аларга азгырылбайт. Акча менен өзүнө чакырган агымдарды да угуп жүрбөйбүзбү.

“Хизб-ут-Тахрирге” мүчө деп шектелип кармалган кыздар боюнча айта турган болсом, аларды кылдат текшериш керек. Балким мажбурлуктан киргендир, балким бушайман чегип жаткандыр бул иши үчүн. Ошого карап, анан бир чара көрүү керек...


Кармалган кыздардын үй камагына чыгарылышы жашоочулар арасында түрдүүчө талкууланып жатат. Шаар тургуну Акылай Каримова тыюу салынган уюмдун мүчөсүн эки күндө үй камагына чыгарып жиберүү башкалардын коопсуздугуна шек келтирет деген ойдо:

- Мен соттун чечимин түшүнбөй жатам. Милиция ал кыздардын үйүнөн кылмышка далилдүү факт катары ар кандай каражаттарды таап берип жатпайбы. Сот болсо үй камагына чыгарып жатат. Ким кепилдик бере алат, алар үй камагында отурган учурда "Хизб-ут Тахрирдин" башка мүчөлөрү менен сүйлөшпөйт, аларга жардам бербейт деп? Соттун бул чечимин мен өзүмдүн коопсуздугума шек келтирүү катары баалайм…

Тыюу салынган экстремисттик-радикалдык уюмдардын аракеттерине каршы күрөш сот жана күч органдарында солгун жүрүп жатат деген пикирдегилер эл арасында басымдуулук кылат. Ошол эле учурда милиция келтирген маалыматтарда күрөш күчөгөнү көрсөтүлөт. Акыркы эле эки жумада Ошто бул уюмдун мүчөсү деп шектелген 10го жакын жаран камакка алынган.
XS
SM
MD
LG