Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Кор болгон эселек, тайлардын ташбоордугу


Иллюстрация
Иллюстрация

Ошто өзүнүн тайлары тарабынан төрт жыл мурда зордукталган 14 жаштагы кыз боюнча жаңы жагдайлардын бети ачылууда. Адистер бул окуя мигрант балдарына өзгөчө көңүл бурууну күчөтүү керектигин эске салгандай болду дешет.

Ата - энеси ажырашып кеткен кыз кичинекейинен эле апасынын колунда калган экен. Кийин энеси турмуш жаңыртып, тагдыр аны тайларынын үйүнө айдап келет. Мээримден өксүп, жабыгып турган секелек жакындары жакшы карабагандыктан мектепте 3-класска чейин гана окуган. Зордукталганын төрт жылдан бери эч кимге билгизбей жүргөнү да ушу сабатсыздык айынан болгонун айтышууда.

2010-жылкы болгон окуяны жашы жете элек кыз төрт жылдан кийин гана милицияга айтып отурат. Белгилүү себептер менен аты өзгөртүлгөн Заринага жаз айларынын бир күнүндө чоң таякеси кол салган. Кийин кичи таякеси да бир нече ирет жыныстык катнашка мажбурлаган. Анысы аз келгенсип таятасы да асылган экен. Милициянын айтымында, бул адаттан тыш жорук эки жылга чейин созулган:

- Бул боюнча кыздын атасы жана чоң апасы арыз менен кайрылган. Анын негизинде жабырлануучуну медициналык экспертизадан өткөргөндө чынында эле зордукталганы аныкталды. 2010-жылдан 2012-жылга чейин ошол үч жаран тарабынан зордукталып, коркутуу-үркүтүүгө кабылганы маалым болду. Кыз бул жөнүндө таенесине айтып, даттанган экен. Бирок ал жардам берүү ордуна депкирди ысытып, денесине басып салган. “Бирөөгө бул тууралуу оозуңду ачсаң, өлтүрүп салам” деп коркутуптур. Кыз эки жолу качууга да аракет кылыптыр, бирок жаш болгондуктан алыска бара албай, кайра кармалып калган. Таяке-таятасынан качып, түнү менен үйдүн чатырында түнөгөн күндөрү болгон, - деди Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев.

Милиция учурда кыздын ата-энеси тууралуу маалыматтарды жана ал жашаган айылдын аталышын жашыруун кармап турат. Кабарларга ылайык, кыздын окуясы буга чейин өзү окуган мектепте дуу болуп, ушундан улам ал окууга барбай калган. Бул боюнча күч органдары аталган мектеп жамаатынын жана айылдагы өспүрүмдөр менен иштөө кызматкерлеринин үстүнөн кызматтык териштирүү жүргүзүүдө.

- Бул кыздын жашоосу чынында кыйын бир учурга туш келип калган. Себеби, апасы менен Орусия, Казакстанга чейин миграциялап жүргөн. Апасы Казакстанда жүрүп турмушка чыгып, өгөй атасы батырбай койгондо бул жакка келген. Улам бир тууганынын колунда жүрүп, акыры ушул үй-бүлөдө туруп калган. Качан эс тартканда баштан өткөн оор күндөрүн чоң апаларынын бирине айтып берген экен, ал аркылуу атасы угуптур. Ошентип окуя төрт жылдан кийин гана шардана болуп атат. Азыр бул иш боюнча тыкыр иликтөө жүрүүдө,- деди Жеңиш Ашырбаев.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Заринаны зордуктаган 65 жаштагы таятасы, 36 жана 22 жаштагы таякелери камакка алынган. Ата-балдар үчөө тең тергөөдө күнөөлөрүн моюнга алган. Айыпталуучулардын бири, кыздын чоң таякеси акылга сыйгыс жоругун мастыгы менен түшүндүрүүдө:

- Мен эч нерсе билбей калыпмын. Бир эле жолу ошондой болгон. Башкасын билбейм.

14 жаштагы Зарина учурда атасынын колунда. Бирок эч кандай психологиялык же атайын бир кризистик борборлордо реабилитация болгон эмес. Кыздын өзүнөн жана анын атасынан маек алууга мүмкүн болбоду. Бирок атын атагысы келбеген Заринанын эжелеринин бири “Азаттыкка” мындай деди:

- Мектепке барса, мугалимдери “бул кыздын кыздыгы жок, мектепке келбесин” деп уяткарышкан. Кыздын зордукталганы ошо менен бүт мектепке жайылып кеткен. Эмнеге ошондо мектеп жетекчилери барып, таякелерин тыйып коюшкан эмес. Биз өзүбүздүн айылдагы мектепке алып келсек, “ортодо эки жыл окубай калыптыр” деп 5-класстагы кызды 3-класска отургузушкан. Анан ал жерде аз-маз окуп, башка айылга кеткен. Биринчи жолу зордукталганда бала неме билип-билбей эле, ушундай болот тура деп жүрө берген. Эс тарта баштаганда гана айтып отурат.

Канткен менен бул окуя учурда бүтүн Ош аймагында үрөй учурган нерсе катары талаш пикирлерди жаратууда. Психолог Акчач Жолдошева бул факты мигранттардын балдарына болгон көңүл бурууну күчөтүү керектигин дагы бир жолу эскертти дейт:

- Ушундай аянычтуу тагдырлардын баары ата-энелери балдарын алыс туугандарына таштап кеткендиктен болуп жатат. Бул менимче көп фактынын ичиндеги бир эле факты. Эми бардыгы эле кыздарга ушундай кылып жаткан жок, бирок көп наристелер ата-энеси сыртка кеткенде, бул жакта туугандарынан кагуу жеп, кээде катуу сокку алган фактылар бар. Анча көңүл бурбаган мигранттардын балдары бүгүнкү күндө ушундай бир оор тагдырга туш келип калды. Ошол себептүү, өкмөт наристелердин ушу катмарына көңүл бурууну чындап күчөтсө. Заринанын ушул арыз-муңу, ыйы эми ушул катмардагы башка кыздарга, балдарга, аялдарга болгон зордук-зомбулуктун алдын алсын.

Маалым болгондой, Ош шаарында жана Ош облусунда миңдеген мигранттар балдарын таята-таенелерине, чоң ата - чоң энелерине жана жакын туугандарына калтырып кеткен учурлар арбын.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG