Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Июнь окуяларына шектелгендер кыйноого кабылганбы?


Июнь коогалаңы учурунда Оштун Шейит-Дөбө конушундагы кандуу окуя боюнча айыпталган 6 киши сот залында, 8-декбарь, 2010.
Июнь коогалаңы учурунда Оштун Шейит-Дөбө конушундагы кандуу окуя боюнча айыпталган 6 киши сот залында, 8-декбарь, 2010.

БУУнун адам укуктары боюнча Оштогу өкүлү июнь окуясы учурунда шектелип кармалгандар кыйноого кабылганын айтып чыкты.

Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Оштогу өкүлү Ренате Фрейх этнос аралык кандуу кагылыш боюнча айыпталган 61 адам тергөөдө зомбулукка кабылганын, бул фактылар боюнча мамлекеттик органдардан эч ким жоопкерчилик тарта электигин билдирди. Ал кыйноо фактылары тууралуу июнь окуясы боюнча жүргөн соттук териштирүүлөрдү мониторингге таянып айтууда.

Эл аралык уюмдун өкүлдөрү түштүктөгү 102 адам күнөөлөнгөн 22 соттук ишке байкоо салган. Бул айыпкерлердин көпчүлүгү тергөө учурунда ар кандай уруп-согуулардын негизинде тагылган айыпты мойнуна алууга мажбур болгонун айтышкан, деди Фрейх “Азаттыкка”:

- Биз көз салган 22 иш боюнча айып тагылган 102 жарандын ичинен 97 өзбек, 4 кыргыз жана бир казак улутундагы жарандар болушту. Бул мониторингдин учурунда жогоруда айтылган 102 адамдын ичинен 61и соттук иштин жүрүшүндө тергөө учурунда ар кандай кыйноолорго тушукканы тууралуу ачык айтышты.

БУУнун өкүлү кыйноо фактылары ачыктан ачык айтылганына карабастан, буга байланыштуу бир да адам жоопко тартылбаганына нараазы:

- БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын өкүлчүлүгүнун эң башкы сунуштарынын бири катары шектүү деп кармалган адамды сөзсүз түрдө каттоого алып, кыйноолорду токтотуу жана кыйноо жолу менен мойнуна алган учурларды сот бийлигине четке кагууну берсек дагы мындай факттарды дагы деле жолуктуруп жатабыз.

Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Оштогу башкармалыгы кыйноого туш болдук дегендердин иштерин көзөмөлгө алууга убада беришти.

Анткен менен мамлекеттик органдар БУУнун өкүлүнүн билдирүүсүн четке кагууда. Ош шаарынын прокурору Атай Шакир уулунун айтымында, Ренате Фрейхдин билдирүүсүнөн соң прокуратура бул ишти териштирип, бирок кыйноо фактылары аныкталган эмес:

- Биз Фрейх айткан 61 иш боюнча атайын териштирдик. Бирок бул факттар тастыкталган жок. Бир гана Равшан Гапиров деген укук коргоочуну камоо боюнча иш азыр жүрүп жатат. Ошондуктан БУУнун өкүлүнүн айтканы өз ордун тапкан жок.

Ал эми Ош окуясы учурунда милициянын ур-токмогунан жабыркаган жарандарды өз көзү менен көргөн “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова бул маселе боюнча мындай пикирде:

- Прокуратура азыр бир жагынан мамлекеттик айыптоочу катары катышат, экинчи жагынан кыйноо аркылуу ачылган кылмыштардын бетин ачууга катышып жатат. Мындан улам прокуратура кылмыштын бетин ачууга кызыктар болуп, өзүнө-өзү каршы келген кадамдарга бара алган эмес.

Буга чейин кыргыз бийликтеринин чакыруусу менен келген БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачы Хуан Мендес июнь окуяларын териштирүүдө кыйноо окуялары болгонун жарыялаган эле. Кыйноону Кыргызстанда кеңири тараган көрүнүш катары баалаган Мендес өлкө бийлигин буга каршы тезинен чара көрүүгө чакырган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, июнь окуялары боюнча 500гө жакын адамга кылмыш иши козголгон.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG