Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

"Добуш үчүн үй оңдойм"


Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн бири
Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн бири

Ош шаарынын тургуну Али Абдесов ал жашаган үйдүн комитет жетекчиси жашоочуларды “Кыргызстан” партиясына добуш берүүгө мажбурлап жатканын айтып чыкты.

Ал ошондой эле аталган партияны шайлабаса үйдүн башчысы квартиранттарды акча төлөөгө мажбур кыларын жар салды. Ал эми үй комитет жетекчиси менен партия өкүлдөрү бул маалыматтарды четке кагууда.

Ош шаарынын Исхак Раззаков көчөсүндөгү көп кабаттуу №26 үйдө жашаган Али Абдесов үй жетекчиси тарабынан кодулоо бир апта мурда башталганын айтууда. Үй комитет башчысы тургундарды жертөлөнү оңдоп бере турган партияга добуш берүүгө мажбурлап жаткан экен:

- “Кыргызстан” партиясы биз жашаган Манас-Ата кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн жетекчилерин чогултуп, “үйүңөрдү оңдоп берели, жашоочуларыңар бизди шайласын” дешкен экен. Ошондон кийин биздин үйдүн башчысы Анара Тагаева тургундардын баарынын паспортторунун көчүрмөлөрүн чогултуп, “баарыңар ушул партияны шайлайсыңар” деп чыкты. Мен “азыр демократия, келечек бир эле жертөлө менен бүтпөйт, каалаган партиямды шайлайм” десем, ал “Кыргызстан” партиясы жертөлөнү оңдоп берет, эгер сен ага добуш бербесең, анда ошонун акчасын бер” деп мажбурлап атат. Күнү да, түнү да келип, мени “1500 сом бер, болбосо, тиги партияны шайла” деп коркутуп атат. “Добуш бербесең бул жерден көчүп кет, бул жерде сени жашатпай, чыгып кет” деп үй-бүлөмдү кошуп катуу урушуп атышат.

Абдесов жашаган көп кабаттуу турак жайдын тургундарынын көбү маек берүүнү туура көрүшпөдү. Бирок алар партиялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргөнүн четке кагышкан жок. Үйдүн комитет жетекчиси Анара Тагаева болсо өз аракетин мындайча түшүндүрөт:

- Азыр биздин үйдүн эң чоң көйгөйү - жертөлө. Ал жакта түтүктөр жарылып, ажаткананын, ваннанын суулары түшүп, жыттанып, саз болгону калган. Жашоочулар “акча жок” деп, үч жылдан бери оңдой албай келатабыз. Анан биз ушул жерди ким жакшы оңдоп берген болсо, ошол партияны шайлап беребиз деп, жашоочулар менен келишкенбиз. Эч кимди мажбурлоо жок, баадыгы макул дешкен. Мен үйдүн башчысы болгондон кийин “добуш алып бер” деп мага 14 партиянын тең өкүлдөрүнөн адамдар келди. Алардын айрымдары менен макулдашып, биз аларды шайламак болгонбуз, алар биздин жертөлөнү оңдоп беришмекчи болгон. Бул жерде тургундарды мажбурлоо жок, болгону эгер ким биз тандаган партияны шайлабаса, анда жертөлөнү оңдогонго 1500 сомдон акча бергиле деп эле айткам. Себеби мен тиги партияларга убада берип коюп, аларды күйгүзүп жибергим келбейт.

Үйдүн башчысы Анара Тагаева ошол эле кезде алар кайсы партия менен келишим түзгөнүн ачыктаган жок.

“Кыргызстан” партиясынын Ош шаардык жана Ош облустук штабынын жетекчиси, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Ажибай Калмаматов жашоочулардын айыптоосун четке кагууда:

- Көп кабаттуу үйлөрдүн жетекчилери аймактык кеңештерге, андан кийин Ош шаарынын мэриясына баш ийет. Аларга биздин партиянын эч кандай таасири жок. Анан калса үй башчыларында азыр эч кандай бийлик да, укук да жок. Ошол себептүү алар бизге келип иштеп атат деген болбогон сөз. Бул бизди каралоо аракети деп айтар элем. Он чакты үй комитет жетекчилери келип, “шагыл төгүп бергиле, жертөлөмдү оңдоп бер, чатырымды алмаштырып бер” деп, жардам сурап келишкен. Бирок биз аларга “шайлоочуларды андай нерселер менен сатып албайбыз, эл шайласа биздин программабызга жана талапкерлерибизге карап добуш берсин” деп айтып кетирип жибергенбиз.

Деген менен ушул тапта Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн көпчүлүгүнүн жетекчилери ар кайсы партияга добушун убада кылып, өз көйгөйлөрүн чечтирип алуу аракетинде чуркап жүргөнүн адистер белгилешет. Калаада 600дөй көп кабаттуу турак жай болсо, учурда ал кеминде 10 чакты партияга бөлүнүп калгандай.

Жергиликтүү серепчи Төлөгөн Келдибаев буларга токтолду:

- Учурда шаардын бир көчөсүнө бир партия үгүт жүргүзүп атса, экинчи көчөгө башка партия. Көп кабаттуу үйлөрдү партиялар кол менен санагандай эле бөлүштүрүп алышты. Алар жашоочуларга тигини оңдоп беребиз, муну салып беребиз деп алдап атышат. Ал тургай жогорку окуу жайлары, мектептер, облустук жана райондук мамлекеттик структураларында иштеген кызматкерлердин баары тийиштүү партияларга добуш алып берүүгө мажбурланууда. Дүйнөлүк экинчи согушта тылда кандай иштесе, азыр Оштогу мамлекеттик кызматкерлер да куду ошондой буту-бутуна тийбей ар кайсы партияга чуркап жүрөт.

Кантсе да үй комитет жетекчисинен ыдык көрүп жаткан Али Абдесов болсо аз күндө күч кызматтарына арыз менен кайрылууну туура көрүп турат. Ал арада Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул фактты териштирерин кабарлады. Ош шаардык шайлоо комиссиясы добушту ушундай ыкмалар менен “сатып алууну” мыйзам бузуу деп баалап, бирок ага кандай жаза берилерин ачык билдирген жок.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG