Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:13

Дин

Студенттерге намазкана канчалык зарыл?

Ошто окуу жайларда намазкана ачуу демилгеси көтөрүлүүдө. Мындай аракет студенттердин жана окутуучулардын ибадат кылуусуна шарт түзөт дейт облустук казыят.

Текст көлөмү - +
Муну студенттер кызуу талкуу менен кабыл алды. Ал эми окуу жай жетекчилери университетте намазкана ачуу мыйзамга туура келбей турганын айтууда.

Ош облус казысы Ниязалы ажы Арипов окуу жайларда намазкана ачылса, окутуучуларга жана студенттерге жакшы болоорун билдирди:

- Окуу жайларда намаз окучу жай болсо деген бул жөн гана ой. Бул болгону ал жерде иштегендерге, окугандарга мүмкүнчүлүк болот. Бир чети аларга жеңилдикти да жаратат.

Ниязалы ажы Арипов
​​Ариповдун айтымында, мындай практика бир канча чет өлкөлөрдө да бар. "Ошол себептүү муну саясатташтыруунун кереги жок" дейт ал:

- Мен билгенден бир канча чет өлкөлөрдө, анын ичинде өнүккөн Америка, Түркиядагы айрым окуу жайларда намазкана ачылган. Бул ал жакта көп деле каршылык менен кабылданбаганы маалым. Муну менен эми ал жер мечит болуп кетет деп кооптонууга негиз жок. Бул жөн гана шарт.

Деген менен Оштогу жогорку окуу жай жетекчилери мындай демилгеге караманча каршы чыгышууда. Ош мамлекеттик университетинин тарбия иштер боюнча проректору Замир Божонов окуу жайда намазкана ачуу Кыргызстандын мыйзамдарына туура келбесин ачыктоодо:

- Кыргыз Республикасында дин мамлекеттен ажыратылган. Ошондуктан окуу жайларда намазкана ачууга биз жол бербейбиз. Кудайга шүгүр, Кыргызстанда ар бир айылда мечит бар, шаарда 50дөн ашык мечит бар. Жаңы мечиттер да тынбай курулуп жатат. Зарыл болсо, диний ишенимин ошол жерлерге барып аткара берсе болот. Эгер биз азыр окуу жайда, жатаканаларда намазкана ачып койсок, анда башка диндин өкүлдөрү да келиши мүмкүн. Христиан дининдегилер келип, "бизге чиркөө ачып бергиле" десе эмне болот?

​​​​Окуу жайларга намазкана ачуу идеясы студенттердин да кызуу талкуусуна түштү. Юридикалык институттун 5-курсунун студенти Расул Маматов "Азаттыкка" буларды айтты:

- Менимче, институттарда жана университеттерде намазкана ачуунун зарылчылыгы жок. Ал жерге намазкана ачып, студенттерди динге тартам деп жатса, андан жылыш деле болбойт.

Окуйм деген киши мечитке барып деле окуй берет. Башка жагынан алганда намазкана ачса, аны кенен кылыш керек. Бир тайпада 40 бала болсо бир факультеттин 300-500дөй студенти бар. Анын баары бата турган жай болгондон кийин ал мечит эле болуп калып атпайбы. Ага эмес, окуу жайдагылар азыр бизге лекция окуганга жай таппай атышат.


Ошол эле кезде айрым студенттер диниятчылардын демилгесин колдоого алышууда. Студент Нурсултан Максут уулу окуу жайда намаз окугандар аз болгону менен, намазканага муктаж экенин айтууда:
Анын баары бата турган жай болгондон кийин ал деген мечит эле болуп калып атпайбы.

- Буга студенттерден эч ким деле каршы болбойт. Окуу жайда сырактап бийлегенге, дискотека кылганга жай болсун, дагы башка жайлары болсун, анан эмнеге Кудайга сыйынуу үчүн жөнөкөй бир бөлмө ачып коюуга болбосун? Анын үстүнө кышкысын ары-бери чуркап намаз окугандан көрө, сабактан чыга калып ибадат кылып кирип кетсең жакшы да. Намаз окугандар көп болбогону менен, бизде азчылыктын укугу деген бар да.

Буга чейин Жогорку Кеңеште да намазкана ачуу демилгеси депутаттар тарабынан жыл башында көтөрүлүп, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун катуу каршылыгына кабылган. Бирок бир канча талаш-тартыштан кийин парламент имаратына 40-50 орундуу намазкана ачылган.

"Азаттыктын" архивинен: Жогорку Кеңеште намазкана ачылды
Намазкананын ачылышына Жогорку Кеңеш төрагасы Акматбек Келдибеков, муфтий Чубак ажы Жалилов жана бир катар депутаттар катышты.

​​
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: aytmamat каяктан: turkiya
04.01.2012 23:46
Assaloomu aleykum!!!Urmattuu kadirman kalkim bul ish - baaribizdin iyik MEKENibiz uchun en jakshi jana en tuura bagitka jonolgon chiyir. Bul bir gana al jerde namaz kilgandardin paydasina degen oygo barboobuz kerek. sebebi bashtagilardin iymanduu, insaptuu, taza jana arnamistuu boluusu olkobuzdun alga jiluusu.

кимден: Abdurahman каяктан: UAE
30.12.2011 11:16
Ассаламу алейкум урматтуу мекендештерим!Аллахым баарыбызды колдосун!Бул ойду ким которсо да Аллах ыраазы болсун ал кишиден, бул жон гана жакшыдыкка гана ундоо жана ашыкча эч кандай максат жок, эгер башка бироо студенттерге конул ачууга бир болмо бериниз десе бермек, анан намазканага ушундай чон имараттан кантип бир болмо чыкпасын.Аллахым ушул ишти онунан кылсын!!!Амин!!!

кимден: Altynai каяктан: germany
30.12.2011 02:09
Urmatu musulmandar j-a okurmandar ; Egerde Islam dinnine tyz karasanar anyn kanchalyk ulluktugun, kanchalyk suluulugun baikaisynar. Dindi tyschynbogondor tuura emes jolgo baschtap, baschkalarga suuk korsotyp koiot, sozuz ele erkekter sakal koiup je b-o uzun kiim kiip alysch schart emes, sakal koiusch synnot dep eseptelet, sakaldy koison koi je b-o alyp sal, al farz emes. sakalsyz dele musulmansyn Allany taanyp biroogo jamandyk kylbasan b-u.

кимден: Эсен каяктан: Кыргызстан
27.12.2011 21:03
Мага доомат койгондорго айтаарым, мен Кудайдан безген киши
эмесмин. Өзүмдү өлбөчүдөй да көрбөймүн.
Ошол эле учурда жашоодо баары акыл-эс, ыйман менен чечилишин
каалаймын.
Ооба, мен Ош университетинде намакана ачылышына каршымын..
Себеби азыр окуу жайларда динге түшүндүрмө берип, анын
пайдубалынан тартып атайын окута турган программа да жок,
адистер да жок. Илгерки эле илимий атеизм кафедрасынын
атеисттери ал жаатта иштеп калышкан заман.
Туура, Англияда Кембридж ун-тинде намазкана бар. Ал нaмазкана
башка да эл аралык ун-ттерде, атүгүл чел элдиктер үчүн полицияда да, чоң аэропорттордо да бар.Бул эл аралык норма. Ал шаарларда мечитжок, же болбосо жетүү кыйын. Анан даагы негизгиси, ал
kаналар жапырт барып памзга жыгылуу, динге үндөө үчүн эмес,
мурдатан намазга жыгылып жүргөндөрдүсыйлоо иретинде кaрмалат.
Антип батышты өрнөк кыла турган болсок, биздин турмушка каршы
келген көп нерсени алабыз. Биз үчүн акылга эч сыйбай
турган жактары да бар. Мисалы, жаратылышты коргоочулар мап
союла турган жайлардын дарегин билип калса, бомбалап кетүүгө
дайым даяр турушат.
Биздин ун-ттерде намазга каршы болгонум, ар нерсенин өз орду
бар. Мечиттерден тыш эгер баштап алсак, ал жерде сөзсүз үгүт
башталат, тирешүү да бшталат. Биздин универитеттер 40-50 улут
өкүлдөрү окуган улут аралык окуужайлар деле эмес. Мусулманчы
лыкты бекем туткандар үчүн мечиттер бизде жетиштүү.
Пикирге жооп

кимден: Musul'man каяктан: Evropa
30.12.2011 02:27
Kyrgyzstandyk Esen senden echkim yraasychylyk suragan dele jok, yraazysynby-jokpu bul senin ischin, b-k Allany taanyp Allanyn joluna tuschkondorgo echkim toskol bolo alabait. Sebebi biz Allanyn pendesibiz, Alla bizdi adam k-p jaratpaganda bul jaryk duinodo jurmok belek.
Allany taanybagan ychyn jamandardyn Kesepeti Kyrgyzstanga tiip jatat
ALLA ULLUK ! ALLA YIYK! Allanyn bar ekeninine ischenip jaschagan adam ech-kachan jaman bolboit.
Пикирге жооп

кимден: Altynai каяктан: germany
30.12.2011 01:54
okuu-jailarga namazkana achsa, anyn emnesi jaman, baarybyz dindi tegiz kozkaraschta karasak jakschy ele b-t. Emne sosuz tyrdo biroo kelip sabak berisch kerekpi, egerde namazdy okuschtu bilsen kelip namazyndy okup dal;sche okundu okui ber, egerde araket kylsa adam, echkachan 1- nerse,2-nersege toskol bolboit. Islam dinni emne ekenin bilbegen,any tyschynboit dagy!

кимден: Abdurauf каяктан: Russia
27.12.2011 17:43
Urmattuu momun musulmandar, but nerse Allahtyn buyrugu menen bolot bul nersege shek jok! oshonduktan biz bir gana DUA kylailyk i oshol karshy chykkan musulmandarga HIDOYAT surayli!

кимден: Ozgon каяктан: Myrza
26.12.2011 16:04
кимден: КГБ каяктан: Европа ... jazgandarym sizge..

Islam degen emne bul nerseni bilesinerbi birinchiden ? Atanar muzulman by ozu silerdin ?
Пикирге жооп

кимден: Musul'man каяктан: Evropa
30.12.2011 01:40
Ozgonduk myrzaga; Emne ozynyzdyn kim ekeninizdi untup kalgan okschoisuz, Duino juzundo baary ele musulman b-p tuulat, anan akyl esine jetkende ozu dindi tandai baschtait. Ata-enebizge kelsek Allahamdulillahu musulman, prosto alardyn ubagynda myndai schart b-n emes, azyr bizde mumkunchylyk bar any koldon chygarbai karmap kalsak jakschy b-k.
Пикирге жооп

кимден: dosbol каяктан: bishkek
29.12.2011 11:07
ooba din degen tyshynykty birinchi tyshynyp anan okugula myzylman bir tyyganym

кимден: guly каяктан: asia
26.12.2011 15:02
Misaly, Cambrige universitetinde studentter uchun ibadatkana bar: Musulmandar uchun, hristiandar uchun. Bul jetishkendiktin belgisi. Bizdin Universitetter bilim beruu ishinde kanday prinsipterdi negiz kylyshuuda: kulkun kelet. Eger Europany onukkon dep, tuuragysy kelse, alardyn toleranttuulugun, maalymattuulugun birge alsyn. Din dese mokocho korgondoy kulakty bekitpey. Bul bilimsizdikten, maalymatsyzdyktan kelet. Eger studentterge uluttuk, salttyk erejelerdin negizinde tarbiya beruunu oyloshso- talashsyz dinge karoogo tuura kelet. Emi suraylichi: Urmattuu "Tarbiya ishteri boyuncha prorektor" Zamir myrza, suluular konkursun otkorom dep, bashkalardyn karshy boluusuna karabay kyzdardyn jylanach denelerin korsotup chyguusu uchun ayabay tirendiniz ele, emi namaz kyluu uchun bolmo takyr bolboshu kerek dep jatasyz.. Diskoteka, idealduu para degen "at kotorgus" ishterdi atkaruuda kulagynyz kimdi ugup, kozunuz kaysy tarapty karoodo? Amerikaby? Evropaby? Rossiyaby? Kytayby? Suranych, kyrgyz salty dey korbonuz...

кимден: dosbol каяктан: bishkek
26.12.2011 14:49
jok degende kyrgyz ychyn sakal koibogylay.

кимден: kyrgyz каяктан: Kyrgyzstan
26.12.2011 13:19
Islamdy keebir adamdar tuura emes tuwunup baratat..Islamda kanday ilim alsa da al ibadat kylganga barabar..Kur'andyn birin4i ayatyda UKUU UKUU dep tuwkon..azyrkylar musulman dese ele me4itten bawy 4ykpagan dep tuwunot..tooba kyldym...ubagynda Islamda ilim oto onukkon elego? medissina, astranomiya, kuruluw jana bawka.....owol ubakta musulmadar izildep taap koygon ilimder arkyluu kop nerseler tabyldygo azyrky kundo? Islamda ilim onukkon ubaktarda Chyngyz han musulmandardy basyp alganad, musulmandardyn ilimdi izildegen, ilimge tiyeweluu bolgon Bagdat waaryn4alyk 4on kitep kanasy bolgon, owol kitep kanany baaryn orttop jibergen Cyngyzhan...owol kitep kana orttolbogondo azyrky kundo jetiwken tehnalogiya mynday4a aytkanda "chipuha" bolup kalat ele....Bir aalym Mechit menen okuu jaydy kuwtun eki kanatyna salywtyrgan. bawka4a aytkanda adam zat din ilimin gana okup je bolboso duyno ilimin gana okup e4 ka4an osup onugo albayt. adam zat ka4an owol eki ilimdi okup uyrongondo gana osup onugot..misaly azyr Kyrgyzstan owondoy insandar az bolgonduktan onugo albay jatabyz...sebebi biyliktegiler duyno ilimin algan al emi Islam dinin albay kalgan. Islamdan kabardar bolgondo oylonot ele jawtarga kanday tarbiya beriwti, jetimderge kanday jardam beriwti, kedeylerge kanday jardam korsotuwtu, ayta bersen toltura....Islamda uwunday ku4tuu sayasat4ylar bolgon..misaly kaysy bir Islam padywasynyn doorunda elinde bir da kedey kalbaptyr, baylar zeket bereyin dep kedeylerdi izdep tappay bere turgan zekketterin daraktarga asyp koyuwat eken ele kimge kerek bolso alyp ketet dep....owondoy jawoogo jetiw u4un birin4i biyliktegiler, elder ozdoru iymanduu, ynsaptuu, bul duynogo kanday maksatta kelgenin, akyrettin oylop peyilderin ondogondo gana Allahta oz berekesin beret Insha'Allah....al u4un kop kop dua kylyw kerek Islamdy kop jamandabay....biroonu jamandawtan murda al adamdyn kanday ekenin toluk biliw kerek jaman bolso bir jon...birok Islamda jamandap jatkan adamyn jaman bolso da jamandaba kunoo deyt...owon u4un Islamdy bir az okup kabardar bolup katasy bolso anan jazssanar....baarybyzga Allah ozu iyman bersin...

кимден: Асель каяктан: Бишкек
26.12.2011 12:45
Жаштар азыр каякка баратат? Уяты жок азыркы жаштардын" - дешет да, анан Намазканага келгенде эле баары современный болуп кетишет! Мамлекеттин онугушуно, жаштарга жаркын келечек кааласак анда Жараткан Улуу АЛЛАХТЫН жалпы пенделерине берген негизги парзды аткарууга тыюу салынбаш керек! Намаз окуган адам бул Кереметтуу АЛЛАХТЫ тааныган, АЛЛАХТАН корккон инсан, улууга урмат, кичууго ызат коргозгон инсан, мамлекеттин кызнасына кол салбаган, жерин сатпаган, элин тонобогон инсан. Мына ушуларды жана башка коптогон адамды бир гана жакшы жакка ундогон бул - Намаз! Андыктан мекендештер, эгер жаштар ыймандуу болсун десениздер анда кош колдоп колдоо корсотуунуздор керек.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине