Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

Оштук ишкерлер: көбөйтөлүк десек малыбыз жок


Былтыркы июнь коогасынан кийин Ошто жалпысынан 1876 ишкер жабыр тартканы тууралуу кайрылган.
Былтыркы июнь коогасынан кийин Ошто жалпысынан 1876 ишкер жабыр тартканы тууралуу кайрылган.

Июнь калабасында жабыркаган ишкерлердин каржы-насыя мекемелери менен болгон маселелери дагы деле чечиле элек.

Бул арада ишкерлер аталган мекемелер кардарларынын күрөөгө койгон мүлктөрүн алууга белсенип жатканын айтууда.

Берейин десем малым жок...

Оштук ишкер Озотхан Мажитованын дүкөнү июнь коогалаңында өрттөнүп кеткен. Ал ошол замат насыя алган мекемесине атайын арыз менен кайрылып, натыйжада, тараптар пролонгация келишимине кол коюшкан. Буга ылайык, Озотхан айым алты ай бою айына насыясынын пайызынын жарымын, башкача айтканда 5 миң сомдон төлөп турууга жетишкен.

- Алты айдан кийин, декабрда пролонгация келишими соңуна чыкты. Анан “эми насыяны мурдагыдай 2 пайыздан төлөйсүз” деди. Мен буга ынанбай, мага карата пайыз менен туумдарды токтотуп тургула десем, сиздин өтүнүчтү аткара албайбыз дешти. Анан апрелде пайыз, туум жана акча курсундагы айырма үчүн төлөйсүз деп 3 айдин ичинде мага 190 миң сом кошуп коюшту.

Мынча акчаны төлөй албасын айткандан кийин ишкер айымды кредиттик мекеме сотко берип, күрөөгө койгон мүлкүн алып койгону жатыптыр.

Июнда жабыркагандардан банктан, же башка каржы мекемелеринен насыя алып иш жүргүзгөн бул ишкер эле эмес. Мындай тагдырга кыргыз же, өзбек тектүү башка дагы бир топ ишкерлер тушугушкан. Алардын көпчүлүгү каржы-насыя мекемелери калабадан кийин бөксөргөн капчыктары калыбына келгиче акчасын доолабай, үстөк пайызын албай турса, туум жазбаса деп карыз берген тарапка үмүт артышууда.

Жабыркаган ишкерлерге юридикалык көмөк көрсөтүп жаткан “Укуктук мейкиндик” коомдук уюмунун жетекчиси Сулайман Үсөнов июнь калабасын ошо кездеги бийлик форс-мажордук, башкача айтканда, жалпынын башына түшкөн мүшкүл катары кабыл алганын айтат. Ага ылайык, ишкерлер тийиштүү төлөмдөрдү төлөөдөн убактылуу бошотулушкандыктарын эскертет. Муну бирок насыя мекемелери моюндабай жаткандай.

- Улуттук банктын токтому бар. Ал жерде жеке банктар кредит келишимдеринде форс-мажордук абалды көрсөтсүн деп жазылган. Бирок 2010-жылдын ноябрь айынан баштап ушул кредит маселеси көтөрүлгөндөн бери карап чыгып атабыз. 90% жапа чеккен ишкерлердин кредит келишимдеринде мындай абал көрсөтүлгөн эмес. Жапа чеккен ишкерлердин укугу ошол жерде бузулган.

Насыя берген каржы мекемелеринин баарынын баш кеңселери Бишкекте. Алар бишкектиктердин айтканын аткарып жатышкандыгын билдиришет. Ишкерлер менен болгон акыркы жолугушууда Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев баш кеңседегилер менен да сүйлөшүү жүргүзүлөөрүн ырастады.

Сунган колду суутпа

Июнь коогасында Ошто майда-ириси болуп 1876 ишкер жабыр тарттык деп кайрылышкан. Жантөрө Сатыбалдиев ишкерлер бир жылдан бери конкреттүү түрдө, кандай жабыркагандыгын, кайсы банк канча өлчөмдөгү насыясын доолап, канча туум жазып жатканын дааналап, кат менен кайрылыша электигин белгиледи:

- Мисалы Сатыбалдиев кайсы бир банктан 200 миң доллар кредит алган, туум, айып пулду кечкен жок. Же кечти деп жазып бересиңер. Конкреттүү түрдө. Жалпылап айтсак, бизде андай кардар жок деп коюп атат. Ошон үчүн ар бириңер дүйшөмбү күнү, саат 12ге чейин ошону аткарышыңарды суранам. Эң башкысы биз азыр силердин туум, айып пул, анан күрөө боюнча көйгөйүңөрдү чечишибиз керек.

Карыз бергендер менен карыз алгандардын кайым айтышын чечкенден тышкары, мамлекет жабыркаган ишкерлерге 50 миң сомдон кайтарымсыз акча таратууда. Ошондой эле 10 жылга чектеп, 150 миң сомдон насыя бермей болууда.

Бирок бул акчалар оштук бизнесмендердин көпчүлүгүнүн чыгымдарын жаппайт, жана ишмердигин калыбына келтирүүгө жетиштүү эмес. Анткени былтыркы калабада ишкерлер жалпысынын түздөн-түз 2,5 миллиард, кыйыр түрдө дагы 1,5 миллиард сом зыян тартышкандыгы эсептелген. Мунун ордун толтурууга мамлекеттин чамасы жетпестигин Сатыбалдиев кесе айтты. Абалдан чыгуу үчүн дирекция донорлорго дагы кайрылмай болууда.

Мындан тышкары Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы коогалаңда зыян тарткан ири ишкерлерге жардам берүүгө белсенди. Банк өкүлү Нурмухаммед Абдыкадыровдун айтышынча, биринчиси кеп-кеңеш жактан болмокчу. Экинчиси, болсо ири өлчөмдөгү, үстөгү 14%дан жогору болбогон узак мөөнөттүү насыя түрүндө:

- Азыр ушул окуяларга байланыштуу бизнес пландарды, стратегиялык пландарды түзгөнгө, архитектуралык долбоорлорду чийе турган программаларды коюп бергенге 90%га чейин грант бар. Ар бир ишкер бизден ошол кеп-кеңеш үчүн 10 миң еврого чейин ала алат. Мисалы, технологдун кызматына, кеңешчилерге. Андан тышкары 500 миң евродон баштап чоң суммадагы насыяларды бергенге дагы мүмкүнчүлүк бар.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев болсо жабыр тарткандардын ичинен ири делген 375 ишкерди дал ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ишмердигин кайрадан тикелеп алууга чакырды.
XS
SM
MD
LG