Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:13

Маданият

Талант татыктуу баасын алдыбы?

Ошто Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдыгына арналган марафон өттү. Ага катышкандар таланттын эмгеги эмдигиче татыктуу баасын ала албай жаткандыгын белгилешти.

Текст көлөмү - +
Рыспай Абдыкадыровдун досу Абдылда Капаровдун айтымында, мамлекет тарабынан залкарга убагында камкордук көрүлгөн эмес:

- Рыспай менен 30 жылдай чогуу жүрдүк. Чынында, мындай таланттар кылымда бир жаралат. Албетте коммунисттик доордо деле эмгеги жетишээрлик бааланган жок. Ошого карабастан Давлет деген аяшым анын чыгармаларын колунан келишинче сактап калды. Эгерде Союз мезгилиндеги жетекчилер Рыспайга убагында көңүл буруп, ага батир бөлүп, чыгармачылыгына жетиштүү шарт түзгөндө, Рыспай мындан дагы көп шедеврлерди жаратмак.

Абдылда Капаров
Абдылда Капаров сөз арасында азыр деле Рыспай Абдыкадыровдун таланты татыктуу баасын ала электигин кошумчалады:

- Шаарыбызда бош жаткан аянттар толтура. Ошонун бирөөсүн тандап, ал жерге Рыспайдын үй музейин уюштуруп, такай иштетишсе жарашмак.

Шылтоо менен чыгармалары да бир жерге топтолуп калат эле. Ал жерге атайын баргандар чер жазып, эң башкысы эстетикалык рахат алып кайтаар эле. Кыргыз сомунда селде оронгондор жүрөт. Анын ордуна Рыспай Абдыкадыровдун сүрөттөрүн чегерген каражаттарды жүгүртүүгө чыгарса, соопко калышпайт беле. Биз Рыспайдын кадырына али жете элекпиз. Кээ бир кишилердин 300 обонуна чындап келгенде Рыспайдын жалгыз эле обону татыйт. 


Алай районунун акими Айтпай Жээналиев Рыспай Абдыкадыровдун тарбиялык мааниси жогору чыгармалары мектептерде окутулбай жаткандыгын сындады:

- Менимче, Рыспайдын чыгармалары бардык мектептерде милдеттүү түрдө окутулушу кажет. Себеби агартуу журттарында шыктуу мугалимдер жана жаштарыбыз толтура. Ошолор да чыгармачылыгын өркүндөтүп, дараметин көрсөтүүсүнө шарт жаратканыбыз оң.

Ош облус губернаторунун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев таланттуу обончу туурасында көркөм тасма тартууга жергиликтүү бийлик каршы экендигин айтты:

- Маселен, Курманжан датка энебизди кандай кино кылып тартышса да биз ынанабыз. Себеби ал инсанды көргөн эмеспиз, анын үстүнө доору да өтүп кеткен. Инсан туурасында Рыспайдай баарыбызда эле жетишээрлик маалымат жок. Мүмкүн бир убакыт келээр, тартаарбыз. Аны көргөн эл чындап тамшанаар. Мунун ордуна азырынча Ошто жана Бишкекте Рыспай Абдыкадыровго мрамор эстелик орнотсок дурус болчудай. Кино дегениңиз бүгүн бар, эртең жок, анын үстүнө тез эле унутулуп калат экен.

Солдон оңго карай - Түгөлбай Казаков, Асанкалы Керимбаев, Каныкей Эралиева, Ш.Талипова, Ш.Жоробекова жана Рыспай Абдыкадыров
Абдыкадыров тууралуу көркөм тасма тартууга ынтызар кинорежиссер Насирдин Жунусовдун баамында, мындай бут тосуулар ич күйдүлүктөн улам болуп жаткандай.

- Баягы эле кыргызчылык. Мен буга чейин Түркия, Казакстан жана Москвада иштеп келдим. Ал жактарда мындай киного каражатты дегеле аяшпайт.

Биз Рыспайдын көзү тирүүсүндө деле анын баркына жеткен жокпуз. Баарына маалым, өмүрү жалаң трагедия менен коштолгон. Азыр деле ошондой мамиле жасалып жатат. Тасманын сценарийи белен. Атүгүл кастинг уюштуруп, актерлорду дагы даярдаганбыз.

Сценарийин 50 миң долларга саткыла деп казактар сурап жатышат. Эгерде кыргызда намыс болбосо, Рыспайдын талантын баалай-барктай албасак, анда казак киносуна айлантабыз. Мындан тышкары бизге Кытайдагы кыргыздар да катуу кызыгып жатышат. Бирок ал жакта мыйзам абдан күчтүү экен. Ошондуктан даяр тасманы гана сатып алабыз деп атышат.


Букарбай Иметов
Ал эми Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы коомдук фонддун директору Букарбай Иметов аталган уюм чыгаан инсандын чыгармаларын калкка кеңири жайылтуу багытында астейдил иштеп жаткандыгын билдирди.

- Биринчиден, бул Рыспайдын чышгармаларын калың журтка жеткирүү жана таратуу аракетибиз.

Экинчиден, Рыспай кантип эле кыска аралыкта оозго алынып, Ала Тоого, андан ары дүйнө жүзүнө таралып кетти? Мунун сыры эмнеде? Ушул суроолорго азыр деле жооп киздеп жатабыз. Ошондуктан Абдыкадыровдун ар бир чыгармасын эле эмес, нотасын изилдөөгө туура келип жатат. Ошол максатта ОшМУнун алдында музейин уюштурганбыз. Менимче, азыр залкар талант туурасында даректүү кино сөзсүз тартылышы абзел. Аны жакындан көргөн-билген адамдарды сурамжылап, анан мурда тартылган сюжеттерди жуурулуштуруп, эки-үч сериялуу кино жаратсак, тарых алдында жүзүбүз жарык болоор эле.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Азатtан каяктан: Каzактан
28.06.2011 12:10
Кара кулжалык миллионер байкелер оз акенер ыр пири Рысбайдын урматы учун каражатынарды аябай кино тартканга конул буруп койсонор, не только кара кулжалык, баардык байлар акчанарды басып эле жата бербей ушундай руханий долбоорлорду колдоп койсонор жакши эле болмок ради аллаха, ради кыргызстана. Казактарга беребиз деп абден коркутушуптур го моул агатайлар ха ха...

кимден: Кыргыз каяктан: Бишкек
27.06.2011 20:13
Рыспай Абдыкадыров ар бир кыргыздын журогунун торунон орун алган инсандардын бири. Ак-Тилектери менен, Ак эмгеги менен.
Кыргыз Эл Баатыры наамы берилсе, кеч болсо да ылайыктуу болоор эле. Аттин ушу биздин ичи тардыгыбыз! Бул инсандын эч кимге жамандыгы жок. Чыныгы байлыкты баалай билбей келе жатабыз, билмексен болуп.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.06.2011 16:51
акчадагы селде орогонуда кыргыздын залкарларынан аларга сөз тийгизгендин эмне кереги бар башка жер көп сүрөт илгенге

кимден: Жениш каяктан: москва
27.06.2011 15:08
Адамды тирүү эмес көзү өткөн соң деле сыйлай албай калдык бейм.Улуу залкарлардын арбактарына таазим.

кимден: Жал
27.06.2011 13:01
Адамды тируу кезинде сыйла дейт

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)