Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Ош милициясы: кылмыш жасаган аялдар көбөйдү


Кыргызстандын абагында отурган аялдардын бири
Кыргызстандын абагында отурган аялдардын бири

Ош шаарында кылмыш жасаган аялдардын саны өстү. Майда уурулуктан тарта ири кылмыштарды жасаган айымдар милициянын божомолу менен өткөн жылдарга салыштырмалуу 20 пайызга жогорулаган.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын тыянагына ылайык, жашоо-шарттын оордугу жана эртелей турмушка чыгып, кайра ажырашуулардын кесепети да келиндердин кылмыш дүйнөсүнө аралашып калуусуна себеп болууда.

Кылмышка шектелип кармалган аялдардын басымдуу бөлүгү 30 жашка чейинкилер. Темир тор артына түшкөн айымдардын бири 27 жашта. Ал шаардагы дүкөндөрдүн биринен кийим уурдап, колго түшкөн:

- Турмушка чыгып ажырашкам. Балам бар. Аны жана өзүмдү багам деп кафеге жумушка орноштум. Бирок администратор менен келише албай, иштен кетүүгө туура келди. Көп жумуш издедим, таппадым. Бойго жетип калган иним айылдан менин колума келген болчу. Тамак ичиш керек, кийиниш керек да. Дүкөндөн кийим уурдап, колго түшкөм. Ага чейин мындай ишке барган эмесмин. Азыр өкүнүп отурам...

Аялдар арасында кылмыш жасап, милицияга суракка келгендердин саны жогорулаганын шаардык ички иштер башкармалыгынын күнүмдүк, айлык маалыматтарынан байкоого болот.

Мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, бул жаатта өткөн жылдарга салыштырган так көрсөткүч жок болгону менен, айымдар арасындагы кылмыштуулук болжолдуу эсепте 20 пайызга өскөн:

- Бизде кылмышка шектелип кармалгандар өспүрүмдөр жана чоңдор болуп, экиге бөлүнөт. Ал эми аялдар деп өзүнчө бөлүп эсептелинбейт. Ошондуктан өткөн жылы мынча аял, быйыл мынча аял камалды деп айта албайм. Бирок кызматкерлерибизден түшкөн маалыматтарды карап отуруп, болжол менен аялдар арасындагы кылмыштуулук 20 пайызга жогорулаганын айтсам болот. Бирок бул көрсөткүч, Ошто кылмыштуулук көбөйдү дегенге жатпайт. Жалпысынан алганда, калаадагы кылмыштуулуктун саны азайды, болгону аялдардын кылмышка аралашуусу өсүп жатат. Сурак натыйжалары көрсөткөндөй, кылмышка шектелип кармалып келгендердин басымдуу бөлүгү шаар тургундары эмес. Райондордон иштеш үчүн Ошко келишкен. Акча таба албай же дагы башка кыйынчылыктардан улам, уурулук же бейбаштык кылган болот.

Ошондой эле милициядагы маалыматтар боюнча, алдамчылык, мыйзамсыз адам иштетүү жаатындагы кылмыштарда да аялдардын саны жогорулап баратат. Бейбаштык кылып, жоопко тартылгандары да көп. Арасында адам өлтүрүүгө шектелип кармалгандары да бар. Андан сырткары, сексуалдык зомбулукка байланыштуу темир тор артына түшкөн айымдар да аз эмес:

- Кыздарды мыйзамсыз жол менен сексуалдык кызмат кылууга мажбурлаган аялдарды кармап жатабыз. Жакында эле Оштогу 9 саунанын ээлери камакка алынды. Алар иштетип жаткан сауналарын жашыруун сексуалдык кызмат көрсөтүүчү жайга айландырышкан. Тогузу тең аялдар. Алар азыр соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Милициянын тыянагына караганда, кылмышка аралашкан айымдардын көпчүлүгүн турмуштун оордугу ушул жолго түрткүлөп жатат. Андан сырткары эртелей турмуш куруп, ажырашып кеткен соң, төркүнүнө барып отурууну каалабаган айымдардын арасында да, курсак тойгузуу максатында аргасыз кылмыш жасоого мажбур болгондору бар.

Макаланын башында айла кеткенде уурулукка кол урганы жөнүндө кеп салып берген айым деле 20 жашка толбой турмушка чыгып, пешенеси келишпей, ажырашып кеткен:

- Мектепти бүтөрүм менен ала качып кеткен. Мурда ал баланы таанычу эмесмин. Билбеген адам менен кантип жашамак элең, айла кеткенде курсагымдагы балам менен ата-энемдин үйүнө баса бергем. Балалуу болгондон кийин ата-эненин, туугандардын үйүндө жашаганга да намыстанат экенсиң. Жеңелерге, бир туугандарга ашыкча түйшүк болбоюн деп, баламды алып шаарга баса бергем. Бул жакта батирде турчумун. Ким билет, ошондо мени ала качып кетпегенде, балким окууга кирип, бир кесиптин ээси болмокмун. Жакшынакай жумушум болот беле?..

Ош милициясы жыл башынан бери кылмыштуулуктун санын азайтуу жаатында, жашоочулар арасында коомдук угууларды өткөрүп келет. Аймакта кылмыштуулуктун санын кыскартуу, стабилдүүлүктү сактоо максатында ушул жылдын февраль айынан тарта Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгы түзүлүп, иштей баштады.
XS
SM
MD
LG