Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:15

Ошту оңдоодогу калпыстыктар табылууда


Ош шаарындагы жаңы курулган үйлөрдүн бири, 28-июль, 2012.
Ош шаарындагы жаңы курулган үйлөрдүн бири, 28-июль, 2012.

Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишиндеги каржылык мыйзам бузуулар Жогорку Кеңеште каралат.

Эсептөө палатасы болсо текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча курулуш иштери ашыра көрсөтүлгөн деп табылган 54 миллион сом кайра ордуна коюлганын жарыялады. Бул жагдайды иликтеген депутаттык комиссия башка бир мыйзам бузуулар боюнча жаңы фактылар бар экенин шардана кылууда.


Ашыра көрсөтүлгөн акча


Жүргүзүлгөн аудиттин негизинде 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча 54 миллион 961 миң 700 сомдук курулуш иштери ашыра көрсөтүлгөнү аныкталган. Жалпысынан республикалык бюджеттен дирекциянын адисдештирилген фонддуна 883 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Долбоор боюнча бир миң 533 турак-жай калыбына келтирилген. 31 көп кабаттуу үй тургузулуп, пайдаланууга берилген.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө он курулуш объектисиндеги каржылык мыйзам бузуулар жана жетишпестиктер калыбына келтирилген. Эсептөө палатасынын аудитору Жусуп Иманалиев каржылык мыйзам бузуулар курулуш объектилери тапшырылгандан кийин табылганына токтолду:

- 2012-жылдын аягында мамлекеттик дирекция ишмердигин токтотуп, өзүнүн жоюлганын жарыялаган. Ошол эле кезде курулуш объекттери пайдаланууга берилип кеткен. Бирок биздин инспекторлор мына ошол тапшырылган объектилер боюнча текшерүү жүргүзгөндө жалпы суммасы 54 миллион сомдон ашуун ашыкча көрсөтүлүп, натыйжада көп жумуштар бүтпөй калганы аныкталган. Биздин эскертүүдөн соң мына ошол жумуштар жүргүзүлүп, ашыкча көрсөтүлгөн сумма анын негизинде ордуна коюлган.

Ошол эле учурда өткөн жылы жоюлуп кеткен Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчилиги курулуш иштеринин наркы ашыра көрсөтүлгөн деген корутунду менен макул эмес. Анткени ал кездеги жетекчилик мына ошол курулуш компанияларына берилген акча сезондук өзгөчөлүктөрдөн каражат үнөмдөө максатында алдын-ала төлөнүп берилгендигин жүйөө келтирүүдө.

Жоюлуп кеткен мамлекеттик дирекцияны жетектеп келген Жусупжан Жээнбеков бул жагдай боюнча буларды айтат:

- Мына ошол кийинки сегиз айга алдын-ала төлөм жүргүзүлгөн болчу. Анткени кышында суукка байланыштуу айрым курулуш иштери жүрбөйт. Бирок кышында мына ошол курулуш материалдары арзан болот. Ошон үчүн биз аталган компанияларга арзан баада материалдарды сатып алып, анан жазда курулушту жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бергенбиз. Бул жерде бүткөрүлбөй калган жетишпестик, же сумманы ашыкча көрсөтүү аракети болгон эмес.


Жарга такачу жаңы жагдайлар


Ири суммадагы каржылык мыйзам бузууларга жол берген деп кине тагылган мамлекеттик дирекцияны 2012-жылга чейин азыркы өкмөт башчысы Жантөрө
Сатыбалдиев жетектеп турган. Буга чейин эсептөө палатасы бир нече курдай текшерип, бирок мамлекеттик дирекциянын ишмердигинен мыйзам бузууларды таба алган эмес. Эсептөө палатасынын текшерүүсүнө анчейин ишенбеген Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети дирекциянын ишмердигин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзгөн болчу.

Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын жетекчиси Назарали Арипов депутаттык комиссия эсептөө палатасынын текшерүүсүнө кирбеген жаңы фактыларды таап чыкканын айтты:

- Мына ошол эсептөө палатасы текшербеген жаңы жагдайлар да бар. Биз муну депутаттык комиссиянын текшерүүсүнүн алкагында таап чыктык. Мында ошол сыяктуу эле курулуш иштеринин баасын ашыкча көрсөтүү, мыйзамсыз тендерлерди өткөрүү жана башка каржылык мыйзам бузуулар сыяктуу фактылар бар. Негизи эсептөө палатасы 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча жарытылуу мыйзам бузууларды тапкан эмес. Анан коррупцияга каршы күрөшүү кызматы башка бир фактыларды таап чыгып, анын негизинде кылмыш ишин козгогон экен. Биз аталган материалдарды кайра көтөрүп жатабыз.

Бул боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү 2011-жылы дирекциядагы каржылык мыйзам бузуулар боюнча козголгон кылмыш иши бүгүнкү күнгө чейин ордунан жылбай келгенин белгилешүүдө. Депутаттык комиссиянын материалдары алгач фракцияларда каралып, андан соң чечим кабыл алуу үчүн палатанын талкуусуна коюлмакчы.

XS
SM
MD
LG