Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Ош: мандат чыры кайрадан назарда


Ош шаардык кеңеши.
Ош шаардык кеңеши.

Ош шаардык кеңешине “Замандаш” партиясынан мурда депутат болгон Нурадил Жолдошев аймактык шайлоо комиссиясынан мандатын кайрып берүүсүн талап кылууда.

Ал ошондой эле жаңы шайланган төрага жана мэр кызматтан кетип, жаңы коалиция түзүлүшү керек деп эсептейт. Эки тараптын талашын буга чейин шаардык сот Жолдошевдин пайдасына чечип берген. Ал арада аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн Жогорку Соттон жеңип чыккандыгын жар салды. Бирок депутат ал соттук отурумга катышпаганын айтууда.

Депутат менен шайлоо комиссиясынын талашы шаардык сотто мындан 4-5 күн мурда, 18-февраль күнү каралган. Анда “Замандаш” партиясынан Шаардык кеңеште мурда депутат болгон Нурадил Жолдошев жеңип чыккан эле:

- Сот биздин пайдабызга чечти. Негизи менин мандатымды алып салуу башынан эле мыйзамсыз чечим болгон. Мандатты алуу укугу Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын компетенциясына кирбейт жана буга акысы да жок болчу.

Нурадил Жолдошев
Нурадил Жолдошев
Жолдошевдин пикиринде, эми Шаардык кеңештин төрагасы жана жаңы калаа башчысы да жумуштан кетиши керек. Анткени, ал эгер мандатын кайрадан алса, Шаардык кеңеш кабыл алган ар бир чечим жокко чыгарылышы шарт:

- “Улуттар биримдиги” менен КЭДП 22 болуп катышкан да, менин 1 добушум жетишпей алар утулуп калган. А булар менин ордума мыйзамсыз келген жаңы депутатты кошуп алышып, шайлоо өткөзүп, анан утуп жатышпайбы. Ошонун негизинде анан жаңы төраганы, жаңы мэрди шайлашкан. Аймактык шайлоо комиссиясынын токтому жокко чыгып, мен ордума келсем мэрди, төраганы шайлоо чечимдери да толук жокко чыгат. Аны менен кошо бюджет жана башка маселелер боюнча Шаардык кеңештин токтомдорунун баары мыйзамсыз болуп чыгат. Себеби, мунун баарына менин ордума мыйзамсыз келген депутат добуш берип жатпайбы.

Ал ортодо аймактык шайлоо комиссиясы депутат Жолдошевди Жогорку Соттон утуп алгандыгын айтууда. Алар шаардык соттон кийин апелляциялык арызын Жогорку Сотко жөнөткөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Оштогу өкүлү Тимур Камчыбеков “Азаттык” радиосуна мындай деди:

- Шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Рысбек Нурдинов апелляциялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылган. Рысбек Нурдинов ооруп жатканына байланыштуу маек бере албай калды. Азыр менин андан алган маалыматым боюнча, 22-февраль күнү Жогорку Сотто бул маселе каралып, Ош шаардык сотунун чечими толугу менен жокко чыгарылып, даттанууга жатпайт деп чечим кабыл алынган. Ошондо шайлоо комиссиясынын мурунку чечими күчүндө калып жатат. Демек, Нурадил Жолдошевге эч кандай депутаттык мандат кайтарылып берилбейт.

Камчыбековдун пикирин Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов да бекемдеди:

- Бизге азырынча чечим келе элек. Бирок бул маалыматты бизге Жогорку Соттун кеңсесинен билдиришти. Ошол себептүү, азыр эч кандай коалициялык өзгөрүүлөр жүрбөйт жана ага негиз да жок. Бирок мурдагы депутат Нурадил Жолдошев өзү же анын өкүлдөрү Жогорку Сотто эч кандай соттук отурумга катышпагандыгын белгилөөдө:

- Мен сотко катышмак түгүл, ишти кайсы сот карай турганын да билбейм. Чечимди колума алмак турсун, апелляциялык арыз качан жазылганы жөнүндө да так маалыматым жок. Менин адвокаттарым азыр эртеден кечке ошо Жогорку Сотто жүрүшөт. Анан мени, жада калса жактоочуларымды да чакырбай, кайсы сот чечим кабыл алып жатат? Булар кайсы Жогорку Соттун чечимин айтып атышат?

Ош мэрин шайлоо учуру.
Ош мэрин шайлоо учуру.
Мындан эки жылча мурда Нурадил Жолдошев “Замандаш” партиясынын атынан Шаардык кеңешке депутат катары шайланып, мандат алган. Ош мэрин шайлоо алдында “Замандаш” партиясы КСДП жана “Республика” партиялары менен бирикмей болгонун жар салганда, Жолдошев партиянын чечимине баш ийбей, “Улуттар биримдиги” жана КЭДП партияларына кошулуп кеткен эле. Ошонун натыйжасында алар 23 депутат болуп, көпчүлүктү түзүп калышкан. Кийин “Замандаш” өзүнүн депутаты менен бир канча жолу чырдашып, соттошуп да маселени чечише албай койгон.

2013-жылдын соңунда “Ош шаарынын статусу” жөнүндөгү мыйзам кабыл алынары менен, Жолдошевдин мандаты алынган. Натыйжада, анын ордуна партиянын дагы бир өкүлү Камчыбек Мамбетов депутат катары шайланган. Ал сессияда Мамбетов мындай деген эле:

- Мен “Замандаш-Современник” партиясынын атынан бул жерге депутат болуп келдим. Колумда мандатым бар. Бул мандат жөндөн жөн берилбейт. БШКнын чечими, буйругу да мында турат. Ал интернеттен да, “Эркин-Тоо” гезитинен да чыкты. Мандатымды бир гана сот алуугу укуктуу. Соттун чечими чыкса, мандатымды тапшырып берүүгө даярмын. Ага чейин мен бул сессияда да, башка маселелерде да толук кандуу депутат катары добуш бере алам.

Төлөгөн Келдибаев
Төлөгөн Келдибаев
Камчыбек Мамбетов депутаттык мандатын алаары менен дароо эле КСДП, “Республика”, “Ата Мекен” жана “Адилеттүү Кыргызстан” партияларына биригип, натыйжада алар көпчүлүк коалицияны түзгөн.

Эми анын депутаттык мандатын Нурадил Жолдошев кайра ала турган болсо, коалиция да өзгөрүп кетиши мүмкүн. Башкача айтканда, ал кайрадан “Улуттар биримдиги” жана КЭДП партиялары менен биригет да, 23 киши болуп көпчүлүктү түзүп калат. Жергиликтүү серепчи Төлөгөн Келдибаевдин айтымында, азыркы бийлик Жолдошевге жөндөн жөн эле жеңилип бербейт.

- Азыр эки тарап эки башка нерсени айтып жатат. Башкача айтканда, соттун жыйынтыгы белгисиз. Бирок эгер Нурадил Жолдошев Жогорку Соттон да утуп алып, мандат ала турган болсо, көпчүлүк коалиция сөз жок өзгөрөт. Анан алар жаңы мэр Айтмамат Кадырбаевге биринчи кварталдын негизинде ишенбөөчүлүк көрсөтүшөт да, жаңы мэр шайланат. Төрагалык кызмат дагы алмашуусу мүмкүн. Кыскасы, өтө чоң өзгөрүш, дагы бир саясий кризис башталат. Бирок азыркы бийлик Жолдошевге жөндөн жөн эле жеңилип бербейт. Мандатын бергенге мүмкүнчүлүк бербейт. Мырзакматовдон зорго кутулушса, кайра аны ордуна алып келбейт да.

Шаардык кеңеште учурда 45 депутат бар. Анын жыйырма үчү “Ынтымак. Акыйкат” башкаруучу коалициясына тиешелүү. Анда КСДПдан 11, “Республикадан” 8, “Ата Мекенден” 1, “Адилеттүү Кыргызстандан” 2 жана "Замандаштан" 1 депутат бар.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG