Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

Зордуктоого шектелген тарбиячынын соту создукту


Тестиер баланы зордуктоого шектелип, Ош милициясынын убактылуу кармоочу жайында камакта отурган тарбиячынын адвокаты жакында Жогорку Сотко кайрылды.

Буга айыпка шектүү адамдын психикалык оорусу бар деген мурдагы тыянактын жокко чыгарылып, иштин кайра тергелүүсүнө жол ачылышы себеп болду. Бул арада тарбиячынын зомбулугуна кабылды деп айтылып жаткан окуучунун психологиялык абалы начарлап, майып деп табылды.

Оштогу кыргыз-түрк медресесинин Нурсейит аттуу тарбиячысы тогуз жаштагы баланы зордуктады деген шек менен 2012-жылдын 10-июнунда кармалган. Андан бери үч жыл өтсө да сот иши аяктай элек.

Жабырлануучу тарап соттук териштирүүнүн үч жылдан бери создугуп жатышын тарбиячынын акыркы учурда психикалык оорулуу болуп чыга келгендиги менен байланыштырат. Тагыраак айтканда, шектүү 2012-жылдын 5-сентябрында республикалык Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасынын эксперттеринен өзүнө оорулуу деген корутунду чыгартып алууга жетишкен.

Анын оорулуу экенине далил жок деп эсептеген жабырлануучу тарап айыпталуучуга экинчи ирет көз карандысыз экспертиза жасоого соттордон уруксат алуу үчүн дээрлик үч жыл бою аракет кылышкан. Жабырланган тараптын жактоочусу Хусанбай Салиев жагдайга мындай түшүндүрмө берди:

- Иштин үч жылга создугуп кеткенине соттор себепкер. Анткени алар экинчи жолу экспертиза өткөрүүгө каршы болуп, убакытты созушту. Биз башында эле Кызыл-Жардан чыккан корутундунун жупуну экенин айтканбыз. Анткени молдо Кызыл-Жарда бир ай жатып, анан эркиндикке чыгып кетүүнү көздөгөнү ачык болчу. Анткени ал буга чейин эч качан психикалык дарты менен эч жерде дарыланган эмес. Ал жердеги дарыгерлер эч нерсеге негиздебей туруп, «жөнөкөй шизофрения» деген корутунду беришкен.

Оорусу бар... Оорусу жок...

Чым-Коргон психиатриялык ооруканасынын дарыгерлери тарабынан жасалган көз карандысыз экспертиза тарбиячынын эч кандай психикалык оорусу жок деген корутунду чыгарган. Анын негизинде Ош облустук соту 2014-жылдын 28-октябрында Нурсейитти соо деп таап, ишти кошумча тергөөгө жиберген. Бирок айыпталуучу тарап Кызыл-Жар психиатриялык оорукананын тыянагын күчүндө калтырып, Чым-Коргон ооруканасынын тыянагын жокко чыгаруу өтүнүчүн билдирип, Жогорку Сотко кайрылды.

Адвокат Гүлнур Жапаркулова бул маселе боюнча түшүндүрмө берген жок:

- Мен азыр эч кандай маалымат бере албайм. Ал иш Жогорку Сотко жиберилген. Кандайдыр бир маалыматты иш шаардык соттун кароосуна келгенден кийин гана бере алам.

Бул аралыкта жабырлануучу баланы узак мөөнөттүү дарылоодон кийин дарыгерлер түбөлүк майып деп табууга аргасыз болушту. Жабырлануучунун энесинин айтымында, баласы мындай жагдайга 2012-жылкы жайкы каникул маалында Оштогу кыргыз-түрк медресесине барып жүргөндө кабылган. "10-июнь түнү балам ыйлап, телефон чалгандан кийин ушул жорукту билдим" дейт баланын энеси:

- Канча жолу ушундай кылды десем, "күн сайын" деди. Ич кийимдери булганып кетиптир. "Ата-энеңе айтсаң, мен сени өлтүрүп салам" деп коркутчу экен. Ошол окуядан кийин көпкө чейин "Нурсейит келатат" деп түшүнөн чочуп ыйлап, бакырып жүрдү. Бишкектен дарыланып келдик. Азыр неврологияда каттоодо турабыз. Алар баламды майып деп табышкан.

Тарбиячынын жоругуна дин өкүлдөрү да нааразылык билдирүүдө. Ош облусунун казысы Ниязалы Арипов кыргыз-түрк Сулайман-Тоо мечитинде болгон окуяны жалпы мусулмандарга мүнөздүү деп кабыл албоого чакырды:

- Албетте беш кол тең эмес. Мусулмандардын арасында деле уурулук, бейбаштык, адам жийиркене турган кылмыштарды кылган, пендечиликке алдырган адамдар болот. Бирок муну жалпы исламга мүнөздүү жорук деп, башка мусулмандарга байланыштырып кабыл алууга болбойт. Адамдардын ар кандай жоруктары үчүн жеке инсан катары гана баалаш керек. Бүгүнкү күндө адаттан сырткары жоруктар болуп кетсе, көрдүңөрбү мусулмандар кандай экенин деп бир адамдын кылмышы үчүн жалпы мусулмандарды каралалап салган көрүнүш байкалып жатат. Бирок бул туура эмес иш.

Нурсейит аттуу тарбиячы медреседе иштеп жаткан учурда 24 жашта болгон. Сурак учурунда кесиптештери аны аз сүйлөгөн түнт экенин айтышкан. Окуя болгон кыргыз-түрк медресесинин жетекчилиги баланын ата-энесинен кечирим сурап, дароо эле диний окуу жайдын ишин жандандырган.

Кыргыз-түрк Сулайман-Тоо медресесинде учурда 50 бала тарбияланат. ​

XS
SM
MD
LG